Жазгы мектептин студенттери практика учурунда.

«Клооп Медиа» коомдук фонду Ош шаарындагы бир жумалык жайкы онлайн журналистика мектебине кабыл алууну баштады.

Эгер сиз журналистикага кызыгып, бирок билим алууга шартыңыз болбой жүргөн болсо — анда бул мүмкүнчүлүктү колдон чыгарбаңыз!

«Клооп Медианын» журналистика мектеби акысыз өткөрүлөт.

Бизден эмнени үйрөнөсүз?

Биздин мектепте мультимедиалык журналистиканы үйрөнөсүз. Атап айтканда текст жазууну, мобилдик телефондон сүрөткө тартууну, видеорепортаждарды даярдоону өздөштүрүп, медиа сабаттуулукка үйрөнө аласыз.

Анан да акыркы учурда соцтармактарда ар түрдүү фейк маалыматтар көбөйгөнү баарыбызга маалым. Биздин мектепте сиз маалыматты тактап, аны текшергенди өздөштүрөсүз. Мындан сырткары сизге соцтармактарда контент жаратууну үйрөтөбүз.

Эң маанилүүсү, биздин гана мектепте сиз окуунун экинчи жумасынан тарта респонденттерден интервью алып, жаңылык жаза аласыз. Идеяңызды сунуштап, социалдык көйгөйлөрдөн тартып саясий темада чоң материалдарды даярдасаңыз болот.

Мунун баарын сизге бир жумалык теориялык тренингде үйрөтөбүз.

Ал эми практикада сиз жаңылыктарды жазуудан тышкары, мобилдик телефондон фотосүрөт тартып, видео репортаждарды даярдоону өздөштүрө аласыз. Ошондой эле СММ адисибиз менен биргеликте ТикТок платформасына жана Инстаграмга контент жаратасыз.

«Клооп Медианын» Ош шаарындагы жайкы журналистика мектеби 21-августта башталып 25-августка чейин уланат. Андан кийин сиз бир айлык практикага катыша аласыз.

Мектепте кимдер тренинг өтөт?

Айбике Адилет кызы — «Клооптун» Оштогу бюросунун редактору. Ал журналистиканын негиздерин, макала жазууну, медиасабаттуулукту жана фактчекингди үйрөтөт. Ошондой эле физикалык жана санариптик коопсуздук боюнча билими менен бөлүшөт. Айбике өзү «Клооптун» 2019-жылдагы онлайн журналистика мектебинин бүтүрүүчүсү. Ал 2020-жылдан бери редакцияда иштейт. Адилет кызы өлкөнүн түштүк аймагындагы маселелерди, айрыкча Баткендеги кыргыз-тажик чек арасындагы окуяларды жеринен чагылдырып келет. Анын чек арадан даярдаган материалдары 2020-2021-жылдары «Ачык Кыргызстан» сынагында жеңүүчү болгон. Ал эми 2023-жылы Media Camp Award сынагында кесиптештери менен даярдаган материалы 3-орунду алган.

Айжамал Түгөлбай кызы — «Клооптун» Оштогу видео продюсери. Ал редакциядагы видео форматтар жана сторителлинг тууралуу сабак берет. Түгөлбай кызы бир катар басылмаларда иштеген тажрыйбалуу адис. Ошондой эле ал Media Camp Award жана «Умтулуу» сынактарынын 2020-жылдагы жеңүүчүлөрүнүн бири. Ал эми 2022-жылы «Школа данных» уюштурган сынакта биринчи орунду алган.

Бекболсун Кайыпов — «Клооптун» Оштогу бюросунун оператору. Ал сүрөт жана видеонун негиздери боюнча тренер. Кайыпов өзү кепшн-видео, сүрөт баяндарды тартып, монтаждайт. Ал редакцияда бир нече жылдан бери иштеп келет. Кайыпов да айрыкча Баткендеги чек ара жаңжалдарында жеринде болуп, сүрөт-видеого тартып, түз эфирлерди алып барат.

Сауле Махамаджан кызы — «Клооптун» СММ адиси. Ал редакцияга жумушка келгенден бери биздин ТикТоктун аудиториясы үч эсе көбөйдү. Сауле даярдаган видеолор миллиондоп көрүлөт, ал эми Инстаграм үчүн жасаган карточкалары кеңири тарайт. Бул тренер соцтармактардын өзгөчөлүктөрүн түшүндүрүп берет. Ошондой эле журналисттик чоң тексттерден чакан жана кызыктуу, соцтармактарга ылайык ТикТокту жасоону жана материалдан эң маанилүү маалыматты алып аны карточкага ылайыктоону үйрөтөт. Сауленин соавторлугундагы видеолор бир нече сынактарда байгелүү орундарды алган.

Мектепке кимдер катыша алат?

Журналистика мектебине өлкөнүн бардык жашоочулары катыша алат, бирок тренинг жана практика Ош шаарында өтөрүн эске алыңыз. Баткен жана Жалал-Абаддан келип окуган 5 катышуучуга жатакана берилет.

Мектепке катышуу үчүн билдирме толтуруп, бизге жөнөтүшүңүз керек. Катышуучулардын жаш курагы боюнча чектөө коюлбайт.

Билдирмени мыкты толтуруп, өзүнүн мотивациясын так түшүндүрө алган 15 катышуучу журналистика мектебине кабыл алынат.

Кошумча суроолоруңуз болсо 0772300336 номуруна чалсаңыз болот.

Билдирмелер 16-август саат 18:00гө чейин кабыл алынат.