Видео: «Салам, Акылай!» Кыргыз тилиндеги үн ассистентин даярдаган ыктыярчылар

Жакында Кыргызстанда «Акылай» аттуу кыргыз тилиндеги үн ассистенти пайда болот. Аны иштеп чыгып жаткан команда кыргыз тилин жайылтып, санарип дүйнөдө келечек түзүүнү каалайт.

Учурда «Акылайдын» добуштуу версиясы жок, бирок 100 миллиондон ашык сөздү билет жана кыргыз тилиндеги текстти анализдей алат.

Долбоордун авторлору «Акылай» үн ассистенти катары эле эмес, Call-борборлордо ассистент катары, же ар түрдүү жаш курактагылар үчүн кыргыз тилин үйрөнүүдөгү жардамчы катары да пайдаланылат деп үмүттөнүшүүдө.