Видео: Ош облусунда жол кырсыктарын алдын алуу үчүн милициянын макеттери коюлуп жатат

Ош облустук Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн кызматкерлери жол кырсыктары көп катталган жерлерге милициянын караңгыда күйүп-жанып туруучу макеттерин орнотууда. Бул тууралуу 8-августта ведомствонун басма сөз кызматы билдирди.

 

Посмотреть эту публикацию в Instagram

 

Публикация от ГУОБДД МВД КР (@guobdd_kg)

Макеттер Өзгөн жана Кара-Суу райондоруна коюлду. Ошондой эле жакынкы күндөрү макеттер облустун баш райондоруна дагы коюлат.

Ведомство мындай ыкма жол-транспорт кырсыктарын алдын алууга жана унаасын катуу ылдамдыкта айдаган айдоочулардын көңүлүн бурууга жардам берет деп эсептейт.

ЖКККББдан билдиришкендей, жергиликтүү тургундар мындай чаралар жакшы натыйжасын берип жатканын айтышкан. Ошондой эле тургундар макеттерди мектепке жакын жолдорго жана калктуу конуштарды кесип өткөн чоң жолдорго да түнкүсүн койуп берүүнү суранышкан.

Автору Медина Шамшидинова