Материалдын түп нускасы Peshcom’дун сайтына жарыяланган.

Эски аянттагы Өкмөт үйүнүн алдында жүзгө чукул адам: «Садыр! Садыр! Садыр!», — деп кыйкырып турду. Чогулгандар бизге президент Садыр Жапаров чыгып жолуксун деген талап коюшту. Тынчтык митингинин катышуучулары — «Ак-Ордо» жаңы конушунун тургундары, тактап айтканда калктуу конуштун Бишкектин аймагына кошула элек бөлүгүнүн жашоочулары. Алар президенттен участкаларына «кызыл китеп»* берүүнү, конуштун калган-каткан бөлүгүн борбор калаанын курамына кошууну суранышууда.

* Кызыл китеп — жер участкасына болгон менчик укугун тастыктаган документ. Жашыл китеп жер тилкесин 5 жылдан 49 жылга чейин пайдаланууга укук берет, көк китеп — бир гана айыл чарба максатына пайдаланууга арналган.

Аталган конушка Садыр Жапаров жарым жылдан кийин барып, тургундардын маселесин чечип берүүнү убадалаган. Бирок, анын айтымында, жаңы конуштарды Бишкектин курамына кошуудан мурда жер тилкелеринин жана документ маселесин жолго коюу керек. Ал үчүн, ансыз да канчалаган жылдар чыдап келген жашоочулар дагы бир-эки жылчыдап коюшу керек.

Бишкектин айланасында жыйырма жылдан ашуун убакыттан бери ондогон калктуу конуштар пайда болгон. Алар барган сайын кеңейип, курулуш обьектилери пайда болуп, оңунан чыкса шаардын бир бөлүгү болуп калат. А бирок суу тартыштыгы же коомдук транспорт көйгөйү жылдан-жылга топтолуп эле келатат.

Peshcom кыймылынын журналисттери Бишкек жаңы конуштардын эсебинен канчалык кеңейгенин жана шаардык инфраструктура бул процесстин артынан канчалык үлгүрүп жатканын изилдеп чыкты.

Бишкек кандайча кеңейди?

Акыркы 24 жыл ичинде шаардын аянты бир жарым эсе чоңойгон. Азыркы тапта 187 чарчы километрден ашат — бул кеминде 7 миң Дөлөн Өмүрзаков атындагы (мурдагы «Спартак») стадионуна барабар.

Шаардын жашоочуларынын саны дагы бул аралыкта бир жарым эсеге көбөйгөн. Бүгүнкү күндө, расмий эсептегенде эле 1,15 миллиондон ашуун киши жашайт. Анын ичинде 200 минден ашыгы шаардагы жаңы конуштарда отурукташкан.

Шаардын чек арасына расмий кирген конуштардын саны — 57. Алардын көпчүлүгү Биринчи май жана Свердлов райондоруна караштуу — 20 жана 16. Бишкектеги калктуу конуштардын баары биригип борбор калаанын аянтынын 30%ын түзөт.

* Бишкек башкы архитектура мекемесинин маалыматына караганда, 2023-жылдын июнь айына карата, Бишкектин административдик аймагына 57 жаңы конуш жана квартал кирет. Андан тышкары, мекеме тарабынан калктуу конуштардын тизмесине кирген, бирок чек арасын жана аталышын тактабаган участкалар бар — биз аларды эсептеген жокпуз
Жерди пайдалануунун өзгөрүшү боюнча изилдөөнүн Landsat спутник программасынын жардамы менен алынган маалыматтары аркылуу, 2000-жылдан тартып борбор калаанын чет-жакасы кандайча пайда болгонун көрүүгө болот. Жаңы конуштардын көпчүлүк бөлүгү эбак эле Бишкекке кошулган, башка аймактардын да алдыда борбордун бөлүгү боло турган потенциалы бар.
* Бишкектин бүгүнкү күндөгү реалдуу чек ара сызыгы кайсы жерден өтөрүн визуалдаштыра албайбыз. Бишкек башкы архитектуранын жообуна ылайык, акыркы жолу комиссия шаардын чек ара сызыгын 2019-жылы тактаган. Кийин бардык документтерди мэрияга өткөрүп берген — мэрия аны дагы деле беките элек, мындан улам шаардын чек ара сызыгына тиешелүү документтер «кызматтык колдонуу үчүн гана» деп эсептелет жана жайылтууга жатпайт.

Биздин анализ урбанизацияпроцессинин тездик менен өсүп жатышы жана калктын санынын көбөйүшү, инфраструктуранын өнүгүшүнөн алда канча алдыга кеткенин тастыктады. Ошондуктан, шаардыктар арасында таза суу, газ жана ыңгайлуу коомдук транспорттун жоктугу деген көйгөй күч.

Суу тартыштыгы

Бишкектин жаңы конуштарынын жана жакынкы айылдардын жашоочулары көбүнчө суусу жок калышат, өзгөчө жаз-жай мезгилинде маселе курчуйт.

Мисалы, быйыл жайда суу өчүрүлгөнүнө нааразы болгон тургундар жол тосушту. Июндун башында Жайыл Баатыр көчөсүн «Арча-Бешик» конушунун жашоочулары тосуп алса, июлдун ортосунда Бишкектин түштүк-батышындагы «Селекционное» айылынын тургундары жаап алган.Буга жооп калып, акыркы нааразычылык акциясынан кийин милиция үч адамды камакка алган.

Мэрия суу тартыштыгынын бир нече себебин атап келет: жаңы конуштардын көбөйгөнүнөн жана жаңы көп кабаттуу үйлөрдүн курулушунан улам керектөөчүлөрдүн да саны өсүп жатат, ал эми арыктар талкаланып калгандыктан, адамдар ичүүчү сууну чарбак сугарууга колдонушууда.

Бишкек суу канал ишканасынын таза суу колдонгон абоненттеринин саны — 775 миңден ашат, алардын реалдуу саны андан дагы көп болушу мүмкүн. Азыр эле Бишкектин тургундары расмий айына 11,6 метр куб таза суу керектейт— бул борбор калаага жакын жайгашкан Төмөнкү-Ала-Арча суу сактагычынын көлөмүнүн төрттөн бирине барабар.

Натыйжада, сууну колдонуунун иш жүзүндөгү көрсөткүчү мүмкүн делген чектен бери дегенде эки эсеге жогору.

Суу менен камсыздоо тутумуна ушундай жүктөм туура келгендиктен, дайыма суу берүү үзгүлтүккө учурайт. Инженердик тармактын абалы начар экени да маселени курчутат — тутум илгери, союз учурунда курулган. Ушул тапта суу түтүктөрү колдонууга болбой турган абалдакөрсөткүч 80%ды түзөт.

Бишкек суу каналдын жетекчиси Таалайбек Орозов «Бишкек геометриялык прогрессия» менен өсүп жаткандыктан жана колдонуучулардын саны көбөйгөндүктөн, бир нече суу бөлүштүрүүчү жайда чогулган суу жетпей жатканын мойнуна алат. Анын пикиринде, маселени чечүү үчүн жаңы суу бөлүштүрүүчү жайларды куруу керек, ал үчүн акча жана «өкмөттүк деңгээлдеги колдоо» керек.

Чогулган суу азыртан эле жетпей жатканын эске алганда, келечекте жаңы конуштар таптакыр суусу жок калышы мүмкүн.

Газдаштыруу ≠ үйдөгү газ

Таза суудан тышкары, муниципалитет адамдарды тамак-аш жасоо, турак-жайын жылытуу үчүн энергия менен камсыздоого тийиш, биринчи кезекте бул — жаратылыш газы. Бирок, шаардын жака-белине газ жеткирүү кечээ жакында — 2016-жылы башталды.

Кайсы конуштарга газ жеткенин, кайсыга жетпегенин көрүү үчүн «Газпромдун» отчётун жана жаңылыктар түрмөгүн талдап чыктык.

2023-жылга карата, Бишкекте бери дегенде ар бир төртүнчү жаңы конушта газ киргизилбегени аныкталды.

Ошол эле учурда, калктуу конушка газ түтүктөрү жеткирилгени, жергиликтүү тургундар дароо эле газды колдоно баштайт дегенди түшүндүрбөйт.

«Газпром» — өлкөдөгү негизги газ жеткирүүчү— жол бойлото түтүктөрдү гана орнотот, ал эми үй ичине тургундар өздөрү тартып келиши керек. Мындай кызмат бир турак үй үчүн 100 миң сомдон ашуун каражатты талап кылгандыктан, мэрия конуштардын тургундары менен жолугуп, газдаштыруу үчүн жеңилдетилген насыя алууну сунуштап келет.

Газ жетпеген жаңы конуштарда адамдар үйлөрүн көмүр менен, анан калса сапатсыз көмүр менен жылытууга аргасыз. Андан тышкары, резина, тигүү цехинен чыккан кездеменин кесиндилерин, өнөр жай калдыктарын отко жаккандар дагы кездешет. Мунун баары Бишкектеги абанын булганышынын негизги булагы болуп келет — мындай жыйынтыкка 2022-жылы Финляндиялык метеорологиялык институттун изилдөөчүлөрү келишкен.

Ошондуктан газдаштыруу көйгөйү газ жеткен конуштарда деле актуалдуу бойдон калууда. Кышкысын Бишкекте таза абадан кере-кере дем алууга жакында жетпейт өңдөнөбүз.

Транспорт жетишпестиги

Час-пик учурунда жаңы конушка маршрутка менен барган киши Бишкектеги коомдук транспорт тозогун толук көрөт. Мындай транспортто жумушка барып келген жаңы конуштун жашоочуларына таазим этсе болот. Бишкек туш-тарабынан жаңы конуштар менен курчалса да, асфальт басылган жолдордун салынуу ылдамдыгы үлүлдүн жылганындай эле. Ал эми мэриянын маалыматы боюнча, автобустар менен троллейбустар алыскы конуштарга жолдун начардыгынан улам каттабайт.

Дал ушул троллейбус — Бишкектеги бүгүнкү күндөгү эң ыңгайлуу, экологиялык, көп адам баткан транспорт. Ушул тапта борбор калаада болгону 10 троллейбус маршруту бар, анда 125 транспорт жүрөт.

Биз Бишкектеги бардык маршруттарды жана троллейбус аялдамаларын картага түшүрүп, алар негизинен шаардын борбордук бөлүгүндө гана жүрөрүн аныктадык. Бир нече троллейбус гана жаңы конуштарга чейин барат, бирок адатта ичине кирбейт.

Ошол эле учурда, курулуш эрежелерине ылайык, аялдама үйдөн 500 метрден узак болбошу керек. Же үйдөн чыкканда 6-7 мүнөттө жөө басып жете тургандай болушу зарыл.

Көрсө, 57 жаңы конуштун 42синде жөө басып жете турган троллейбус аялдамасы жок экен.

Калган 15 конушта троллейбус аялдамасынын жеткиликтүүлүгү аймактын 20%дан ашпаган бөлүгүнө туура келет. Мисалы, сиз «Ак-Өргө» конушунун түштүк бөлүгүндө жашасаңыз, жакын жердеги троллейбус аяялдамасына жетүү үчүн 25-30 мүнөт жөө басышыңыз керек болот.

Автобус жаатында абал бир аз жакшырак. Бишкекте 25 автобус багыты бар, анда 257ге жакын автобус жүрүп турат. Алар көпчүлүк жаңы конуштарга каттайт, керек болсо ичин да аралап кетет. Бирок 57 конуштун 12де жашаган тургундар Бишкектеги транспорттун ушул түрү менен колдоно алышпайт.

* Бир нече жаңы конуш автобус маршруттарын бойлой салынган, бирок жанында аялдама жок. Мындай учурда, анализдин максаты үчүн тургундар автобусту пайдалана албайт деп эсептейбиз. Ошол эле учурда, бул багытта жүргөн транспорт дайыма эле аялдамадан токтотуу талабын аткара бербейт.

Биздин анализге ылайык, Бишкектин жаңы конуштарынын айрымдары гана 500 метрче басып, аялдамага жетет — булар чакан конуштардын тургундары. Алар — шаардын четиндеги «Челябинск», «Измайловский» жана «Хабитат» конуштары. Булар ЧЧКдан анча алыс эмес жайгашкан жана анча чоң эмес автоунаа трафиги бар көчөлөргө жакын.

Калган конуштарда, жалпы аймактын болгону 55%дан ашпаган бөлүгүндө автобус аялдамалары жеткиликтүү.

Коомдук транспорт көйгөйүнүн дагы бир жагдайы — шаарда жүрүп турган курамдын жетишпестиги. Мэриянын маалыматына караганда, Бишкекке эң аз дегенде 1500 автобус жана троллейбус керек. Азыр алардын саны төрт эсе аз.

Азырынча, сан жагынан маршруттук автобустар көптүк кылат. Мындай чакан автобустар жаңы конуштарга да каттайт, бирок буларды жүргүнчү ташуу үчүн ыңгайлуу жана коопсуз деп атоого болбойт, ошондуктан, биз аларды анализдеген жокпуз.

Маселени кантип чечсе болот?

Суу, газ, коомдук транспорт — тынымсыз өсүп жаткан жаңы конуштар менен шаардын жака белинде жашаган тургундар кездешкен көйгөйлөрдүн бир бөлүгү гана.

Муниципалитет булардын өсүү темпин кууп жете албай калганы, курулуштарды көзөмөлдөөгө, инфраструктураны пландоого алда канча көп көңүл буруу керек экенин айгинелеп турат.

2026-жылга чейин Бишкекти өнүктүрүү программасында шаардын аймагындагы курулуштун бир багытка салынбагандыгы шаарды «прогрессивдүү өнүктүрүүгө» тоскоолдук жаратуучу факторлордун бирине кирет деп жазылган. «Бишкек шаарынын четки бөлүктөрүн жана конуштарын өнүктүрүү, өзгөчө инженердик, транспорттук жана социалдык инфратүзүм менен камсыздоо курч маселе бойдон калууда», — деп белгиленет документте.

Анткен менен, бул маселелерди чечүүнүн жолдору документте жалпы жазылган — курулуш нормаларын сактоо, түтүктөрдү орнотуу, жолдорду жана социалдык объектилерди куруу.

А бирок аталган көйгөйлөрдү эске алганда, Бишкектин инфраструктурасынын өнүгүшүн пландоого шаардын жаңы Генпланын иштеп чыгуу жардам бермек. Жаңы Генплан иштеп чыгууга муниципалитет 2023-жылы март айында киришти. Мэрия мурдагы катачылыктарды эске алабы, бул да бир маселе?!

Материалды даярдагандар: Алексей Журавлев, Айгерим Рыскулбекова, Алтынай Ногойбаева

Дата-редактор: Савия Хасанова

Редакторлор: Савия Хасанова, Рада Валентина кызы

Кыргызчалаган: Бегайым Талантбекова

Сүрөт: Анна Карамурзина