Каржылык көйгөйлөр, укук коргоо органдарынын көп учурда жардам берүүдөн баш тартуусу, укук коргоочуларга кол салуу жана кызматкерлердин туруксуз агымы — бул Кыргызстандагы кризистик борборлор туш болгон көйгөйлөрдүн айрымдары гана.

Кыргызстандагы кризистик борборлор ассоциациясынын жетекчиси Толкун Түлекова менен бирге зордук-зомбулуктан, кутумдан жана кулчулуктан жапа чеккен аялдарга жардам берген уюмдар мындай катаал шартта аларга кантип көмөк көрсөтүп келе жатканын айтып беребиз.

Толкун Түлекова

Кризистик борбор деген эмне жана аны ким көзөмөлдөйт?

Кризистик борборлор — зомбулукка кабылган жүздөгөн аялга күн сайын бекер жардам көрсөткөн уюмдар. Алар кайрылгандарга психологиялык колдоо, юридикалык жардам көрсөтүп, убактылуу баш калкалоочу жай берет.

Мындан тышкары, кризистик борборлор жабырлануучуларды эмгек биржаларына жөнөтүп, балдарын мектепке жана бала бакчага жайгаштырат.

Улуттук статистикалык комитеттин маалыматына ылайык, жыл сайын кризистик борборлорго 9 миңден ашуун адам кайрылат. Алардын көпчүлүгү үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыркагандар. Арасында эркектер да бар. 2020-жылы алардын саны борборго кайрылган 9,6 миң адамдын 1,3 миңге жакынын түзгөн – негизинен 18 жаштан 40 жашка чейинкилер.

Эркектер кризистик борборлордо зордук-зомбулук жасагандарды түзөтүү программасынан да өтүшү мүмкүн. Бул мажбурлап кишинин жүрүм-турумун өзгөртүү эмес, анын ой жүгүртүүсүн өстүрүү жана психотерапия.

Кыргызстандагы кризистик борборлордун көпчүлүгү — мамлекеттен жетиштүү каржылык колдоо албаган бейөкмөт уюмдар. Бишкекте «Аялзат» деп аталган биринчи муниципалдык кризистик борбор 2021-жылы гана ачылган.

«Аялзат» кризистик борбору. Сүрөт: Бишкек мэриясынын расмий сайты

Тилекке каршы, Кыргызстанда аялдар өзүнө келип, бутуна тургуча, бир нече жылдап жашай ала турган борборлор жок. Бул бош орундардын жоктугу жана каржылоонун жетишсиздигине байланыштуу.

Кризистик борбордо убактылуу жашаган соң аялдар, адатта, социалдык өнүктүрүү бөлүмүнө жөнөтүлөт. Ал жерге жумушсуз катары каттоого туруп, ишке орноштуруу кызматын пайдалана алышат.

Кризистик борборлорду ким каржылайт?

Бейөкмөт кризистик борборлор мамлекеттен колдоо күтүшөт, анткени алар өлкөдөгү зордук-зомбулукту алдын алуу жана коргоо системасындагы жүктүн көбүн өздөрүнө алышкан. Бирок бийликтен жардам алуу өтө кыйын иш.

Буга чейин Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлиги жабыркагандарга кызмат көрсөтүү үчүн жылына бир гана лот бөлчү. Тагыраагы, бир гана кризистик борбор мамлекеттен грант ала алган. Кийин Кризистик борборлор ассоциациясы (КАБ) Каржы министрлиги менен жылына беш грант бөлүүнү макулдашкан. Бирок өлкөдө мындай уюмдар 15тен ашат.

Ошондуктан кризистик борборлордун көпчүлүгү эл аралык жана чет элдик уюмдар бөлгөн гранттардын эсебинен иштеп келет. Кризистик борборлор гранты жок калган күндө да жабылбайт — кызматкерлер бекер эле иштеп беришет. Бир же бир нече кызматкер иштен бошогон учурда да кризистик борборлор ишин улантат, бирок чектелген гана кызматтарды көрсөтүшөт.

Мындай учурда кризистик борборлор бири-бири менен кызматташып, жабыркаган аялга жардам берүүгө чамасы келбесе, өнөктөштөрүнө жөнөтүү аркылуу кырдаалдан чыгышат.

Гранттардан тышкары кризистик борборлор кайрымдуулук үчүн каражат чогултуу менен ишин улантышат. Бирок бул Кыргызстанда оңой иш эмес. Өлкөдө кайрымдуулук кылуу маданияты өнүккөн эмес, коом кризистик борборлор кылып жаткан иштердин маанилүүлүгүн жетиштүү деңгээлде билбейт.

Узак мөөнөткө калууга мүмкүн болгон кризистик борборлор (баш калкалоочу жайлар) чакан ишканаларды уюштурса болот — ал жерге жайгашкан аялдар товар өндүрүп же кызмат көрсөтө алышат. Бул аялдар үчүн кесипкөй жөндөмгө ээ болуп, акча табууга, ал эми кризистик борборлор үчүн каржылык туруктуулукту сактоого шарт түзөт.

Бирок өндүрүштү жөнгө салуу же кызмат көрсөтүп баштоо үчүн баш калкалоочу жайларга чоң финансылык колдоо, кошумча кызматкерлер, окутуу жана көп убакыт керектелет.

Азыр көптөгөн кризистик борборлордо USAIDдин «Конкурентүү ишкана» программасы бар, ал аркылуу катаал кырдаалга кабылган аялдар окуудан өтүп, жумушка орношот. 2021-жылы өлкөдөгү тогуз кризистик борбор аталган программа менен кызматташа баштаган. Алардын айрымдары өздөрүнүн кийим тигүүчү жайларын ачкан.

Кризистик борборлордогу каржылоо көйгөйү «Бейөкмөт уюмдар жөнүндөгү» мыйзам долбоору кабыл алынса дагы татаалдашы мүмкүн — анда коммерциялык эмес уюмдарга иш жүзүндө аткара алгыс талаптар коюлган.

Анда жеке коммерциялык эмес уюмдар эки топко бөлөт: чет элдик бейөкмөт уюмдардын филиалдары жана чет өлкөдөн жардам алган жергиликтүү бейөкмөт уюмдар. Ошол эле учурда, мыйзам долбоорунда экинчи топтогуларга болгон мамиле бир топ катаал.

Документ Орусиянын репрессиялык мыйзамындагы «чет элдик тыңчы» жөнүндөгү жоболоруна дээрлик толугу менен окшош. Анда «чет элдик тыңчы» түшүнүгү «чет элдик өкүл» дегенге гана алмаштырылган. Мыйзамдын демилгечилери коммерциялык эмес уюмдарды майда-чүйдөсүнө чейин тез-тез отчёт берүүгө мажбурлоону каалашат, бул башка иш-аракеттерге шайкеш келбейт. Ошол эле учурда, эгер чет өлкөлүк бейөкмөт уюмдун филиалдары отчётту жылына бир жолу берсе, жергиликтүүлөр жарым жылда бир жолу тапшырышы керек.

Бейөкмөт уюмдардын кирешесинин түзүмү, көлөмү, алардын мүлкүнүн өлчөмү жана курамы жөнүндөгү маалыматтар, чыгашалары, кызматкерлердин саны жана курамы, алардын эмгек акысы — мунун баары мыйзамда коммерциялык сыр деп каралбашы керектиги сунушталат.

Андан тышкары, «Коммерциялык эмес уюмдар — чет элдик өкүлдөр» жарым жылда бир жолу ЖМК аркылуу өз ишмердүүлүгү тууралуу отчёт жарыялоого милдеттүү. Анда уюмдун негиздөөчүлөрү, мүлкү, каржылоо булактары жана каржатты кайда жумшаганы тууралуу маалымат камтылышы керек.

Эмнеге жабырлануучулар акыйкатка жете алышпайт?

2021-жылы Кыргызстан дүйнөдөгү аялдардын бакубаттуулугу жана коопсуздугу боюнча глобалдык индексте 97-орунду ээлеп, Борбор Азиядагы аялдар үчүн эң кооптуу өлкө болуп табылган.

Көп учурда аялдарга карата жасалган зомбулук иштери сотко жетпей калат. Ал эми сексуалдык зомбулукка байланыштуу иштердин 60%га жакыны тергөө учурунда токтотулат. Ага бир нече себеп негиз болот:

  • тараптардын элдешүүсү — жабырлануучу көп учурда айыпталуучу менен туугандарынын, милиционерлердин кысымы же зордукчунун коркутуусу астында «элдешүүгө» мажбур болот;
  • жабырлануучунун арыздан баш тартуусу — бул колдоонун жетишсиздиги, өч алуунун курмандыгы болуп калуудан корккондуктан же сот процессинин натыйжасыздыгын сезгенден улам болушу мүмкүн;
  • сот процессинин созулуп кетиши — бул жабырлануучунун чарчап, эмоционалдык жактан чаалыгуусуна алып келиши мүмкүн, ошондуктан жөн эле баш тартып коюшат.

Башкы прокуратуранын расмий маалыматына ылайык, Кыргызстанда 2022-жылы үй-бүлөлүк зордук-зомбулук боюнча дээрлик 10 миң учур катталган. Бирок алар боюнча болгону 181 кылмыш иши козголуп, 82си гана сотко жеткен.

Зордук-зомбулукка кабылган аялдарга карата кысым соттук териштирүүгө чейин эле башталат — көп учурда укук коргоо органдары алар менен иштешип жатканда «зыян кылба» принцибин бузуп, бир жактуу мамиле кылышат.

Кризистик борборлордун өкүлдөрү камкордукка алындардын ишин сотко жеткирүүгө жана милициядагы аялдардын укуктарын коргоого жардам берүүгө дайыма аракет кылышат. Ошондуктан, ал жердегилер укук коргоочуларды жактыра беришпейт — көп учурда кууп чыгат же катышуусуна чектөө киргизишет.

Тилекке каршы, милицияга жардам сурап кайрылып, тартип сакчыларынын аракетсиздигине кабылган аялдардын баары эле бекер юридикалык жардам көрсөткөн кризистик борборлор бар экенин биле бербейт. Ошондуктан укук коргоочулар аялдарга керектүү колдоо көрсөтүү үчүн көптөгөн милиция бөлүмдөрүндө өздөрү тууралуу маалымат жазылган барактарды таратышкан.

Азыр Кризистик борборлор ассоциациясы сексуалдык зомбулуктан жапа чеккендер үчүн бирдиктүү борбор түзүү аракетинде. Жабырлануучунун кайда кайрылганына карбай — милиция, ооруканага же тез жардам болобу — ал бирдиктүү кризистик борборго жеткирилет. Ал жерде окуудан өткөн кызматкерлер сурамжылоо, тергөөчүнү чакыруу жана медициналык жардамдан баштап, юридикалык жана психологиялык колдоо көрсөтүүгө чейин жардам беришет.

Эмгек министрлигинин гендердик саясат жана үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан коргоону координациялоо башкармалыгынын башчысы Гүлмира Окоева 2023-жылы бул борборду каржылоого мамлекеттен 3 млн сом жумшалганын билдирди. Анын иштөөсү үчүн республикалык протездик-ортопедиялык буюмдар мекемесинин имаратынан да жайлар бөлүнгөн.

Көрүнбөгөн көйгөйлөр

2020-жылы «Шанс» кризистик борборунун кызматкерине жана зомбулукка кабылып, ал жерде баш калкалап жүргөн аялга эки эркек — ​​жабырлануучунун күйөөсү жана анын тууганы кол салган. Шектүү аялга жакындабоо тууралуу баш коргоо чарасына карбай, аялды үйүнө «алып келтүүгө» аракет кылган. Алар жабырлануучунун изине түшүп, ага жана борбордун кызматкерлерине кол салган.

Милиция кызматкерлери кеч келип, кол салгандар качып кетишкен — алар азыркыга чейин эч кандай жазага тартыла элек.

Милициянын кризистик борборлордун коопсуздугун камсыздоого даяр эместиги — алардын ишиндеги дагы бир олуттуу көйгөй. Каражаттын жетишсиздигинен борборлордун көбүндө байкоо жүргүзүүчү коопсуздук камералары жок. Ошондуктан, айрым борборлор аялдар үчүн коопсуз болгон жайлардын жайгашкан жерин жашыруу үчүн телефон номерлерин гана жарыялап, дарегин жашырууга аргасыз болушат.

Кризистик борборлордун ишиндеги коркунучтар жана каржынын жетишсиздиги кээде коомчулукка айтылганы менен, айрым кыйынчылыктары коомдук иштер менен алектенбеген адамдардын көз жаздымында калууда. Мына ушундай көйгөйлөрдүн бири — кызматкерлердин тез-тез алмашуусу. Бул каржылоонун жетишсиздиги менен гана эмес, борборлордун кызматкерлерине жүктөлгөн оордук менен да байланыштуу, анын айынан кесиптик жактан күйүп кетишет.

Кризистик борборлордогу кызматкерлердин иши жыл бою 7күн 24 сааттан кызмат көрсөтүүнү элестетет. Алар күнү-түнү чалууларга жооп бериши керек, анткени аялдар каалаган убакта зомбулукка кабылышы мүмкүн. Мындай социалдык кызматкерлер - энтузиазмга берилген жана өз миссиясынын маанилүүлүгүн түшүнгөн гана адамдар.

Кризистик борборлор дайыма эле өз кызматкерлеринин жумуштан күйүп кетүүсүнө каршы иш алып бара алышпайт. Кризистик борборлор ассоциациясы өткөн жылы гана ишмердүүлүгүндө биринчи жолу психологдорду даярдап, билимин жогорулатуу иштерин жүргүзгөн.

Ошол эле учурда кризистик борбор үчүн даярдыктан өткөн адистердин болушу бардык ишинин негизин түзөт. Ал өз тармагында гана кесипкөй болбостон, гендердик жактан сезимтал болушу керек. Анткени, кесипкөйлөр зомбулукка кабылган аялдар менен ишенимди орнотуп, аларга колдоо көрсөтүшү керек. Ал эми андай адистер жумуштан кеткен сайын кризистик борборлор үчүн жаңы адистерди даярдоого туура келет.

Зордук-зомбулукка кабылган аялдарга укуктук колдоо көрсөтүүгө рыноктун өзү тоскоол болот. Тажрыйбалуу юристтер аларды сотто коргоого дайыма эле даяр эмес, ошондуктан жабырлануучулар алардын кызмат акысын толук төлөй алышпайт.

Көбүнчө кризистик борборлор өз карамагындагы аялдар үчүн акысыз иштөөгө даяр юристтерди табышат. Бирок, албетте, ал нерсеге даяр адистер анчалык деле көп эмес. Айыпталуучулар болсо, тескерисинче, жазадан кутулуу үчүн каалаган акчасын берүүгө даяр.

Кризистик борборлор ассоциациясы өзүнүн кызматкерлерин жетиштүү денгээлде каржылоо, кошумча окутуу жана квалификациясын жогорулатуу менен колдоого аракет кылат — бул ишти идеалисттер үчүн гана эмес, башкалары үчүн да жагымдуу кылуу аракети.

Эгер сиз зордук-зомбулуктун күбөсү же курмандыгы болсоңуз жардам алуу үчүн милицияга же кризистик борборлорго кайрылыңыз.

Кризисттик борборлордун даректери:

  • «Шанс» кризистик борбору: Бишкек, Чүй проспектиси 207, 509-кабинет - 0709 710 320;
  • «Сезим» кризистик борбору — Бишкек, Табышалиев көчөсү 3 - 0312512640;
  • «Энсан — Диамонд» коомдук уюму — Ош, Ленин көчөсү 205/105 - 0772328960;
  • «Акылкарачач» кризистик борбору — Ош обл. Гүлчө айылы - 0555281423;
  • «Аруулан» кризистик борбору — Ош, Ленин көчөсү 205 - 0776380777;
  • «Ак жүрөк» кризистик борбору: Ош, Ленин көчөсү 205 - 0 550 231 329, 0 322 245 976;
  • «Мээрбан» кризистик борбору — Ош, Ленин көчөсү 312/23 0773843461;
  • «Тендеш» кризистик борбору — Нарын, Кыргыз көчөсү 31/3 0700257890;
  • «Маана» кризистик борбору — Талас, Тагайбаев көчөсү 274/2 0557484713;
  • «Жаныл Мырза» кризистик борбору — Баткен, Сыдыков көчөсү 3 0777393077;
  • «Каниет» кризистик борбору — Жалал-Абад, Б. Осмонов көчөсү 113 0372255084;
  • «Аялзат — аялдардын демилгесин колдоо» коомдук уюму: Каракол, Абдрахманов көчөсү 105-14 - 0392 251 091, 0553 835 717;
  • «Алтынай» кризистик борбору — Чолпон-Ата шаары - 0709 694 550;
  • «Мээрман» кризистик борбору — Каракол шаары - 0706 383 637;
  • «Химая» аялдарга жардам берүү жана реабилитациялоо борбору: Каракол - 0702 223 535 — түз байланыш номери - 0551 733 390.
Материалды Нигина Худайбергенова даярдады.