Кошунасынын ыдыгына кабылган 9 жашар кыздын энеси акыйкатчыдан жардам сурады

Кошунасынын ыдыгына кабылган 9 жашар кыздын энеси коомчулуктан жана акыйкатчы Жамиля Жаманбаевадан жардам сурады. Бул тууралуу Акыйкатчы институтунан билдиришти.

Укук коргоочулардын маалыматына ылайык, жабыркаган кыздын энеси Жаманбаевага ыдык көрсөтүү иши боюнча сот процесси улам-улам жылдырылып, ага карата басым болуп жатканын айтып берген.

«Сот процесси создуктурулуп жатат, жети сот процессинин ичинен бешөө өтпөй калды, анткени айыпталуучуну сотко алып келишкен жок.

Андан кийин эле судья эмгек өргүүсүнө чыгып кетти. Улам эле процессти токтотуп салышкандыктан, мен жумушка дагы бара албай жатам, үйдү карап багып жаткан жалгыз менмин. Анан калса адвокаттын акчасын дагы төлөшүм керек. Ал эми процесс болсо кайра-кайра эле өтпөй калып жатат», — деп жашыды айласы кеткен аял.

Андан тышкары аял кошуналары анын өзүн да, кызын да жамандап, басым кылып жатышканын кошумчалады.

«Бизди жек көрүндү кылгылары келип жатышат. Мен болгону өзүмдүн кызымды коргогум келет жана күнөөлүү киши жазасын алып, акыйкаттыкка жетсем дейм. Эмне кылсам болот? Мага камкордук, көмөк керек», — дейт ал.

Бул ишти Сокулук райондук соту «Ыплас аракеттер» беренеси менен карап жатат. Акыйкатчынны маалыматына ылайык, окуя быйыл февраль айында болгон.

Аял кызы кошунасынын ыдыгына кабылганын билгенден кийин милицияга арыз жазган. Экспертиза кыз кошуна кишинин ыдыгына кабылганы тууралуу чындыкты айтып бергенин тастыктаган.

Жаманбаева аялдын арыз-муңун уккан соң мамлекеттик органдарды кызды укуктук жактан коргоону камсыздоого чакырып, ал эми Жаза аткаруу кызматынын жетекчилигинен айыпталуучуну ТИЗОдон сотко алып келүүнү камсыздап берүүнү суранды.

Балдарга карата зомбулук

ИИМдин маалыматына ылайык, 2022-жылы өлкөдө балдарга карата зордук-зомбулук фактысы боюнча 438 кылмыш иши козголгон.

Өлкөдө балдарга карата зомбулук фактылары жыл сайын өсүп жатат. Көбүнесе зомбулук боюнча козголгон иш сотко жетпей калат, анткени көпчүлүк учурда балдар туугандары тарабынан зордук-зомбулукка кабылат. Жапа чеккендердин үй-бүлөсү арыз жазууну чечсе да, туугандары менен макулдашып, арыздан баш тартышат.

Балдарга карата зомбулуктун көбөйүшүнөн улам президент Садыр Жапаров 2022-жылдын августунда балдарга карата зомбулук үчүн жазаны күчөткөн мыйзамга кол койгон.

Сиз же жакындарыңыз зомбулукка кабылса төмөнкү даректерге кайрылсаңыз болот:

Балдар жана өспүрүмдөр үчүн Бишкек шаарында балдарга жардам берүү борбору иштейт. Ал жакка төмөнкү номерлер аркылуу кайрылса болот: +996773192099 жана +996707079597.

Жалал-Абадда дагы балдар үчүн «Ак жол» реабилитациялык борбору иш алып барат, борбордун байланыш номери: +996773741191.

Зомбулуктан жабыркаган балдарга жардам берүү борборлорунун даректери жана телефон номерлери:

  • Чүй облусу, Бишкек, Карасаев көчөсү №73, телефон: 0312 442510, 0312 442574, 0312 542934;
  • Ош облусу, Ош, Гапар Айтиев көчөсү, 5/1, телефон: 03222 62288;
  • Талас облусу, Талас, телефон: 0778 4366775;
  • Ысык-Көл облусу, Каракол, Жамансариев көчөсү № 163, телефон: 03922 50405, 03922 50212;
  • Ысык-Көл облусу, Түп айылы, Исык-Ккөл көчөсү №33, телефон: 03945 24546.