Бишкекте «дезинформациянын Борбор Азиянын коомдоруна тийгизген таасири» тегерек столу болуп өттү

1-августта Бишкекте Казакстандын Жаштар маалыматтык кызматы жалган маалымат менен пропаганданын Борбор Азия өлкөлөрүнүн калкына тийгизген таасири тууралуу тегерек стол өткөрдү. 

Анда Казакстан, Кыргызстан, Тажикстан жана Өзбекстандан эксперттер дезинформация менен пропаганданын кабыл алынышы боюнча соңку изилдөөлөрү, ошондой эле, аймакта зыяндуу маалыматтык таасирди алдын алуу тармагындагы тажрыйбалары менен бөлүштү.

Нидерланддагы Гронинген университетинин Медиа жана журналистиканы изилдөө борборунун профессору Рашид Габдулхаков орус пропагандасы Кыргызстанда кандайча иштеп жатканы тууралуу айтып берди. 

Анын пикиринде, орус пропагандасы орус тили, «СССРде өткөн жаркын мезгилге болгон ностальгия», ритуалдар менен майрамдар, ошондой эле, маданияттык код сыяктуу таасир этүүчү куралдардын кеңири спектри болгону менен кооптуу. Габдулхаков эмгек миграциясынан улам, Борбор Азиянын жарандары пропагандага өз мекенинде гана эмес, Орусияда да кабылып жатышканын белгилейт.    

Ошол эле маалда кремлчил дискурстар ар башка тармактарга:

телеберүү, газета, китеп, веб-сайттар, социалдык түйүндөргө да кирип жатышат. Ал эми Борбор Азия өлкөлөрүнүн лидерлери Орусиянын куугунтуктоо тажрыйбаларын кайталоодо.   

«Орусиянын жаңылыктары Кыргызстанда ажырап, бөлүнүп кеткен Украинанын, каардуу Батыштын, ыйык Орусиянын жана Кыргызстандын ага көз каранды болгон образын жаратып жатат. Кыргызстанда Орусиянын ЖМКсы «төмөнкү сапаттагы» жергиликтүү ЖМК менен Батыштын «бузуку» ЖМКсынын ортосундагы туруктуу алтын аралыкта болгон, жогорку сапаттагы, көнүккөн, ишенимге татыктуу деп эсептелет», — деп Абдулхаков Кыргызстандагы орус пропагандасынын нарративдери менен кабыл алынуусу жөнүндөгү жаңы изилдөөнүн жыйынтыгын айтып берди.  

Эксперттин пикиринде, Орусия өз пропагандасында мурдагы Совет өлкөлөрүнүн жашоочуларынын эски жакшы күндөргө болгон ностальгиясын күчөтүү үчүн «өтүп кеткенге артыкчылык» берип жатат. Бул пропаганданын таасиринен арылуу үчүн «келечекке артыкчылык берүүнү» сунуштайт.   

Тегерек столдо МИСКтин изилдөө долбоорлорунун жетекчиси, социология боюнча философиянын доктору Айгүл Беймишева Казакстанда дезинформацияга көбүрөөк туш болгон аймактар менен социалдык топтор жөнүндөгү баяны менен сөз алды.  

2022-жылдын жайында Казакстанда жүргүзүлгөн изилдөөдөгү маалыматка ылайык, сурамжылоого катышкандардын көпчүлүгү — 73%ы — маалыматты жакшы билишине ишенип, бирок аны текшербейт. Ал эми изилдөөгө катышкандардын 80%ы фейктерди көрбөсүн жана фактчекинг жасабасын айтышкан.

Ошол эле кезде Орусия менен чектештен аймактардын тургундары ЖМК жалган маалыматты таратаарына башкаларга караганда көбүрөөк ишенишет. Алар дезинформацияны аныктоо жөндөмдөрү жок экенин моюнга алышат: Чыгыш Казакстан облусундагы респонденттердин 73%, Астанада — 74%, ал эми Түндүк Казакстан облусунда — 78%. Беймишева социалдык түйүндөргө көбүрөөк кызыккан жаштар алган маалыматты азыраак текшеришин айтып берди. Бирок алар орус ЖМКсын чоңдорго караганда азыраак окушат: 18%га салыштырмалуу 9-10%.  

Изилдөө жогорку билими бар жарандар орто билимдүү адамдарга караганда «пропаганда» түшүнүгү менен көбүрөөк тааныш экенин көрсөттү: 84%га каршы 62%.  

«Орто билимдүү адамдар (50%) маалыматтын көптүгүнөн кыйынчылыктарга кабылбасын жана керектүү материалды оңой эле таба алышаарын билдиришкен. Ал эми жогорку билимдүүлөрдүн 39%ы маалымат өтө көп экенин жокко чыгарышпайт, бирок ошол эле маалда маалыматты иргей алышаарын белгилешкен», — деп Беймишева изилдөөнүн жыйынтыгынан мисал келтирди. 

Изилдөөчүлөр адамдардын билим деңгээли жогору болгон сайын, ошончолук алар алган маалыматты текшеришерин (65%), ошол эле маалда орто билимдүү адамдар муну өтө сейрек (27%) жасашаарын аныкташкан. Ошол эле кезде орто билимдүү жарандардын 63%ы медиадан алган маалыматты эч качан текшерип көргөн эмес. 

Филология илимдеринин кандидаты, доцент Шаходат Саибназарова тегерек столдо Тажикстандагы Factcheck.tj басылмасынын ишиндеги негизги жумушу тууралуу айтып берди.   

Интерньюстун Борбор Азия өлкөлөрүндөгү медиакеректөө жөнүндөгү изилдөөсүнүн маалыматына ылайык, сурамжылоого катышкандардын 88%ы мамлекеттик телеберүүнү маалыматтын негизги булагы деп эсептейт. Ошол эле кезде респонденттердин 47% аларга толук ишенишет, 34%ы кайсы бир деңгээлде ишеним артышат, ал эми 3%ы гана мамлекеттик ЖМКга тап-такыр ишенишпейт. 

Ошол эле учурда Саибназарованын маалыматына ылайык, тажик жарандарынын 12%га жакыны орус тилдүү контентти гана колдонот, ал эми улуттук тилдин орду медиада өсүп жатат. Ошондуктан Factcheck.tj басылмасында фактчек боюнча макалалардын басымдуу бөлүгү тажик тилинде чыгат.   

Ошондой эле медиаэксперт мугалимдер үчүн медиасабаттуулук боюнча жана студенттер үчүн санариптик технологияларды укуктук жактан жөнгө салуу боюнча колдонмолордун материалдары менен бөлүштү. 

«Жаңы медиаларды окуу борбору» бейөкмөт уюмунун директору жана филология илимдеринин доктору Беруний Алимов «Өзбекстан: Бейөкмөт уюмдардын дезинформация менен күрөшүүдөгү ролу» аттуу баяндамасын айтып берди. 

Ал 2022-жылда БУУӨП менен биргеликте жасалган Олий Мажилисинин депутаттарын соцтүйүндөрдү колдонууга жана фактчекингди окутуудагы өз тажрыйбасы менен бөлүштү. Алимовдун айтымында, депутаттар «шайлоочулары менен баарлашкан соцтүйүндөрдө фейк жаңылыктар көп чыгып жатканын жана бул алардын ишин кыйындатканын» айтышкан.  

Ошондой эле медиаэксперт Ташкенттеги ЮНЕСКОнун өкүлчүлүгүнүн колдоосу менен иштелип чыккан Өзбекстандагы журналисттер үчүн медиасабаттуулукту жогорулатуу боюнча биринчи онлайн курс менен тааныштырды. Медиасабаттуулукка Бухара, Фергана жана Ургенч шаарларында диний лидерлер да окутулган.  

«Мындан тышкары, Өзбекстан республикасынын президенттик администрациясынын алдындагы Маалымат жана массалык коммуникациялар агенттиги менен биргеликте министрликтер менен ведомстволордун пресс-кызматтары үчүн бир катар тренинг өткөрдүк. Анда медиасабаттуулук маселесине да өзгөчө көңүл бурулган», – деп айтып берди Алимов.

Медиаэксперт баяндамаларды Өзбекстанда азыркы тапта жүрүп, быйыл сентябрда жыйынтыктала турган #bemediasmart аталышындагы биринчи жалпы улуттук маалыматтык кампания тууралуу айтып жыйынтыктады. 

Баяндамалардан кийин изилдөөчү, активист жана журналисттер коомчулукту дезинформация менен пропагандадан коргоо жолдорун жана аларды Борбор Азия өлкөлөрүнүн улуттук маалыматтык стратегияларына киргизүү жолдорун талкуулашты.