Кыргызстанда насаатчылык институту киргизилди

Министрлер кабинети «Ишканада (уюмда) насаатчылык жөнүндө типтүү жобону бекитүү тууралуу» токтом кабыл алды. Бул тууралуу 15-августта Эмгек министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Мекеме насаатчылык — бул ишкананын же уюмдун эң квалификациялуу адистеринен, иш стажы жок кызматка дайындалган жаш адистерге, билим жана көндүмдөрдү өткөрүп берүү процесси экенин түшүндүрдү.

Мамлекеттик жана/же муниципалдык кызматта беш жылдан кем эмес иштеген, кызматтык ишинде жогорку натыйжаларга жеткен, ошондой эле органда абройго ээ болгон жана дисциплинардык сөгүш албаган компетенттүү кызматкерлер насаатчы боло алат. Насаатчыда бир эле учурда экиден ашык шакирт болбойт.

«Жобого ылайык, насаатчылар кесиптик билимин жана көндүмдөрүн өркүндөтүү, жаш адистердин өз милдеттерин мыкты аткаруусу үчүн усулдук жана практикалык жардам көрсөтөт. Ошондой эле, насаатчылар командага көнүүгө жардам берет», — деп билдиришти Эмгек министрлигинен.

Мекемеден бул токтомду кабыл алуу демилгеси бизнес-коомчулук тарабынан 2020-жылы өкмөткө караштуу Бизнести өнүктүрүү жана инвестициялоо боюнча кеңештин жыйынында көтөрүлгөнүн белгилешти.