Кремль Украинага кол салууга буйрук бергенден бери орус абактарынан кан күйгөн кармашка айдалган ондогон борборазиялыктар бөтөн эл, бөлөк жерде ажал тапты. Темир тордон чыгып, эңсеген эркиндикке жетерин элестеткендер «Вагнердин» азгырыгына оңой эле кирген. Айрымдары басымга кабылган.

«Азаттык» орус түрмөсүнөн согушка жөнөтүлүп, каза тапкан 10дон ашуун кыргыз жаранын аныктап, алардын жакындарынын арыз-арманын укту.

*ЧВК «Вагнер» же «Вагнердин тобу» — расмий эмес куралдуу түзүм. Орусиялык ЖМКлар аны жеке менчик аскердик компания деп аташат. The Bell басылмасынын маалыматына ылайык, аны Орусиянын Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабынын жетекчилиги жашыруун көзөмөлдөйт.