Бишкекте үрбан сүрөттөрдүн көргөзмөсү ачылып жатат — бизден андагы эмгектердин кээ бирин көрүңүз

Сүрөт: Элдар Нурманбетов

«Кудук» маданий борборунда 18-августта урбан сүрөттөрдүн көргөзмөсү ачылып жатат. Анда шаардын 27 тургуну өз эмгектери аркылуу Кыргызстандын борбор калаасына, анын келбетине жана шаар чөйрөсүнүн ыңгайлуулугуна байланыштуу башкача көз караштары менен тааныштырышат. «Клооп» аталган көргөзмөгө коюла турган бир нече эмгекти көрсөтөт. Жалпысынан андай сүрөттөрдүн саны 200дөн ашат.

Бул көргөзмө — Peshcom демилгеси уюштурган Урбан сүрөттөр лабораториясынын ишинин натыйжасы. Июль ичи лабораториянын командасы сүрөтчүлөр, фотографтар, көргөзмө жетекчилери менен жолугушууларды өткөрүп, аны менен бирге Бишкекти кандай көрсө, ошондой кылып сүрөткө тартып чыгышкан.

Көргөзмөнүн ачылышы 18-август күнү саат 18:00дө «Кудук» маданий борборунда (Орозбеков көчөсү 119) башталат. Башка күндөрү саат 13:00дөн 20:00гө чейин барса болот (көргөзмө аянты боюнча экскурсиялардын иш тартибин бул шилтемеден көрсөңүз болот). Кирүү акысыз.

Сүрөт: Байат Ураимов
«ЧЕК АРА». Сүрөт: Константин Анохин
«ЧЕК АРА». Сүрөт: Константин Анохин
«ТЫНЧСЫЗДАНУУ ЖАНА ШААРДЫН ЧЕТ ЖАКАСЫ». Сүрөт: Бегимай Аматова
«ТЫНЧСЫЗДАНУУ ЖАНА ШААРДЫН ЧЕТ ЖАКАСЫ». Сүрөт: Бегимай Аматова
«БИШКЕКТИН ЧОҢ КӨЛҮ». Сүрөт: Диана Ухина
«ТОСКООЛДУКТАР». Сүрөт: Каныкей Орозоева
«КОШУНАЛАР». Сүрөт: Айзуура Бакалова
«ҮЛГҮЛҮҮ КОРООНУН ТАРТИБИ ЖАНА ЧАРБАСЫ». Сүрөт: Надежда Куликова
«ҮЛГҮЛҮҮ КОРООНУН ТАРТИБИ ЖАНА ЧАРБАСЫ». Сүрөт: Надежда Куликова
«ҮЛГҮЛҮҮ КОРООНУН ТАРТИБИ ЖАНА ЧАРБАСЫ». Сүрөт: Надежда Куликова
«ҮЛГҮЛҮҮ КОРООНУН ТАРТИБИ ЖАНА ЧАРБАСЫ». Сүрөт: Надежда Куликова
«ҮЛГҮЛҮҮ КОРООНУН ТАРТИБИ ЖАНА ЧАРБАСЫ». Сүрөт: Надежда Куликова
«БИШКЕКТИ САТЫП АЛ». Коллаж: Чечейбаева Айнура
«ШААР ТУУРАЛУУ КЕП. БАГЫТ ЖЕ КӨКТӨГҮ ЖАРНАМАЛАР». Коллаж: Жаңыл Табышалиева, Бакыт Саргазаков жана Медер Ахметов

Көргөзмөдөн тышкары көрүүчүлөр шаар тууралуу линогравюра боюнча воркшопко катышып (19-август, саат 14:00), Константин Анохиндин «Сүрөтчү-ойлоп табуучу Эля Лисицкийдин ааламы» аталган лекциясын уга алышат (26-август, саат 15:00).

Көргөзмөнүн жана Урбан сүрөттөр лабораториясынын жетекчилери — шаар изилдөөчүсү жана активист Рада Валентина кызы жана көчө сүрөтчүсү, режиссёр, перформер Роман Третьяков.