Сузак: Тургунду тоноого жана беш күн мыйзамсыз камап отурууга шектелген жарандар кармалды

Ош облусунун Алай районунун тургунун ур-токмокко алуу менен тоноп, бейтааныш үйдө беш күн кармоого шектелген Жалал-Абад облусунун Сузак районунун төрт тургуну кармалды. Бул тууралуу 18-августта ИИМден билдиришти.

Маалыматка караганда, жабырлануучу үстүбүздөгү жылы 16-августта милицияга арыз менен кайрылган. Анда 7-августтан 8-августка караган түнү Сузак районунун Атабеков айылында аны «Өткүр», «Алмаз», «Байэл», «Арзыбек» аттуу төрт киши сабап, күч колдонуу менен унаага салып, 3500 сом акчасын тартып алышкан. 

Кылмышка шектүүлөр. Сүрөт: ИИМ

Кийинчерээк, 13-август күнү саат 11:00 чамасына чейин аны Атабеков айылындагы бейтааныш үйдө коркутуп, акча талап кылып, мыйзамсыз кармап ур-токмокко алышканын билдирген. 

Бул маалымат Сузак райондук милициясынын электрондук журналына катталып, 17-августта «Эркиндигинен мыйзамсыз ажыратуу» жана «Тоноо» беренелеринин негизинде кылмыш иши козголгон. 

Кылмышка шектүү катары Сузак районунун мурда соттолгон 21 жаштагы тургуну, ошол эле райондун 24 жана 23  жаштардагы тургундары кармалып, Сузак РИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Учурда кармалган тургундардын мурда болгон бети ачыла элек кылмыштарга тиешеси бар же жоктугу боюнча териштирүү жүрүп жатат.

2023-жылы World Population Review порталы жарыялаган Кылмыштуулук боюнча дүйнөлүк рейтингде 136 өлкөнүн ичинен Кыргызстан 31-орунду ээледи.

Улуттук статистика комитети 2022-жылдагы маалыматына ылайык, Кыргызстанда уурулук, каракчылык жана тоноо күч алган. Ал эми ИИМ майда кылмыш көбөйүп, оор кылмыштар азайганын билдирген.