Ысык-Көлдүн Чолпон-Ата шаарындагы ат майданда көк бөрү боюнча Дүйнө кубогу өттү. Мелдеш 13-августта башталып, финалдык беттештен кийин 20-августта жыйынтыкталды.  

«Клооп» көк бөрүнүн финалдык оюндарында тартылган сүрөттөрдү сунуштайт.

Алгач ирет уюшулган Дүйнөлүк турнирге алты өлкөнүн — Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстан, АКШ, Орусия жана Ооганстан —  командаларынан турган 12 тайпа катышты.

Эки бөлүк менен — жогорку жана клубдар лигасы — өткөн таймаш менен катар 45 жашка чейинки көк бөрүчүлөрдүн мелдеши да уюштурулду.

Жогорку лигада Кыргызстандын «Ынтымак» командасы чемпион аталып, баш байге 2 миллион сом сыйлыкка татыды. Ал эми экинчи орунга делген 1 миллион сом «Астана» командасына берилди. Үчүнчүгө 800 миң сом ыйгарылды.

Клубдар лигасында баш байгени Кыргызстандын «Жаштык» командасы жеңди. Аталган тайпа Орусиянын «Красноярск» командасын 7:1 эсебинде жеңди. Үчүнчү орунга Өзбекстандан келген тайпа татыды.

«Жаштыкка» 2 миллион, «Красноярскка» 1 миллион, ал эми «Өзбекстан» командасына 500 миң сом акчалай сыйлык ыйгарылды.

45 жашка чейинки көк бөрүчүлөрдүн мелдешинде Кыргызстан менен Казакстандын тайпалары ат салышып, Кыргызстан 4:0 эсеби менен жеңүүчү болду. Аларга 600 миң, экинчи орунду ээлегендерге 400 миң сом байге ыйгарылды. 

Көк бөрүгө катышкан АКШнын ковбойлору көрүүчүлөрдүн сүймөнчүлүгүнө татыды. Ал эми Орусия, Ооганстандан келген тайпаларга кызыктыруучу сыйлыктар ыйгарылды.

Көк бөрү боюнча Дүйнө кубогун эки жылда бир өткөрүү пландалууда. Быйылкы финалдык беттешти мидеген адам көргөнү келди. Алар өзүлөрүнүн тайпаларын сүрөмөлөп, колдоп отурушту.

Көк бөрү — кыргыз улуттук ат оюну. Эреже боюнча, оюнчулар улакты талашып, аны атаандаштарына тарттырып жибербей, каршы команданын тай казанына ташташы керек. 2017-жылы көк бөрү адамзаттын материалдык эмес мурастар тизмесине киргизген.