Орусияда «Вагнердин» түзүүчүсү Пригожиндин учагы кыйроого учурады. Азыркы тапта эмне белгилүү? 

Пригожин менен байланышы бар делген учак кулаган жер. Сүрөт: Орусия Федерациясынын Тергөө комитети

23-августтун кечинде Орусиянын Тверь облусунда ЧВК Вагнердин негиздөөчүсү Евгений Пригожин менен байланышы бар делген учак кулады. Бул авиакырсык Пригожиндин максатына жетпей калган төңкөрүшүнөн туура эки ай өткөн соң болуп отурат.

Росавиация каза болгон он адамдын тизмексин жарыялады. Арасында Пригожин жана «Вагнердин» жалданма аскерлеринин командири Дмитрий Уткиндин аты-жөнү бар. Азырынча Кремьь алардын каза болгонун тастыктай элек, ал эми ЖМК Пригожиндин түгөйлөрү бар деп жазууда.  

Ал арада ЧВК Вагнерге жакын делген Grey Zone телеграм-каналы Пригожин менен Уткиндин каза болгонун тастыктап, «алар Тозокто да мыкты бойдон калышат» деп жазды. Ал эми Санкт-Петербургдагы «Вагнер-Борбор» имаратында 24-августка караган түнү терезелерге кресттин формасы түшүрүлгөн шам чырактар жагылды.  

Учак кулаган факты боюнча Тергөө комитети «Аба транспорту кыймылынын коопсуздугун жана аны эксплуатациялоону камсыз кылуу эрежелерин бузуу» беренеси боюнча кылмыш ишин козгоду. Азыркы тапта бардык тийиштүү соттук экспертизалар дайындалып, авиакырсыктын себептери такталып жатат.  

Учактын кулашы

Учак кулаганы тууралуу Москва убактысы боюнча саат 19:20да айтыла баштаган. Анда Readovka телеграм-каналы Тверь облусунун Бологовский районунда аскердик учак кулаганын жазган

Сыягы, учак абада чачырай баштаган — күбөлөр тартып алган кадрларда учак бөлүк-бөлүк болуп кулап түшүп жатканын көрүүгө болот. 


Flightradar’дын маалыматына ылайык, учак кулаганга чейин бийиктикке көтөрүлгөн. Бул «кырсык өтө тез жана күтүүсүз болгонун» айгинелеп турат деп эсептейт The Bell.

Кырсыкка кабылган учак Пригожин менен байланышы бар RA-02795 борт номурлуу Embraer Legacy 600 бизнес-джети болуп чыкты.

Учак Москвадан Санкт-Петербургга учуп бараткан. Кырсык болгондон эки саат өткөндөн кийин, Grey Zone телеграм-каналы Пригожинге таандык делген экинчи жеке борт Москванын үстүнөн учур жүргөнүн билдирген. Кийинчерээк бизнес-джет Москванын четиндеги Остафьево аэропортуна конгон.  

Пригожин менен Уткиндин болжолдуу өлүмү тууралуу эмнелер айтылып жатат? 

 «Орусиянын Баатыры, Мекенин чыныгы патриоту — Евгений Викторович Прогожин Орусияны саткан чыккынчылардын айынан көз жумду. Бирок ал Тозокто да мыкты боюнча калат!» — деп жазды Grey Zone өз некрологунда. 

Пригожин менен Уткин кайтыш болгону тууралуу орус ыктыярдуу корпусунда (РДК) — Украина тарапта согушуп жаткан, негизинен этникалык орустардан турган аскердик кошуунда да айтылды. Орус ыктыярдуу корпусу эгер өлгөнү чын болсо, анда Орусиянын «эң натыйжалуу бөлүмдөрүнүн бири башы жок калды» деп эсептейт. Эми алардын сөзү менен айтканда, «элиталардын күрөшү» «ачык эле касташууга» өттү.   

«Холод» басылмасы Орусиянын «аскеркорлор» деп аталган пропагандачыларынын куяга карата реакциясына сереп салган. Алардын ой-пикирлери экиге ажырым болууда — алар «Вагнердин» жетекчисинин өлүмүнө орус бийлигинен да, украин бийлигинен дагы шек санап жатышат. 

«Евгений Викторович Пригожиндин учагы С-400 [Орусиянын зенит ракеталык системасынын] эки ракетасы менен кулатылган болушу мүмкүн. Кырсык болгон жерден анча алыс эмес жерде С-400 турат», — деп жазды «аскер блогери» Владимир Романов. Ал эми саясат талдоочу Сергей Марков авиакырсык — бул «Украинанын терактты» дегенге бөркүндөй ишенет.

Ошол эле маалда Тергөө комитети «Коммерсантъ» басылмасына жарылуу тууралуу айтылып жаткан эки версияга тең азырынча эч кандай негиз жок деп билдирди

АКШнын президенти Жо Байден Пригожиндин айтылып жаткан өлүмүнүн артында Владимир Путин турушу мүмкүн деп кыйытты. 

«Мен таңгалган жокмун. Орусияда Путин артында турбаган нерселер аз», — деп билдирди Reuters агенттиги Байдендин сөзүн. 

Пригожиндин эгизи тууралуу кептер 

Би-Би-Синин орус кызматы Роавиациянын билдирүүсү ЧВК «Вагнердин» негиздөөчүсүнүн өлүмүн расмий тастыктоо болуп эсептелбейт деп билдирди. Анткени Пригожин менен Уткиндин «эгиздери» — аты-жөнүн расмий түрдө алмаштырып, аларга толук кандуу адаш болгон деп жазды басылма. 

Буга чейин басылманын журналисттери 2018-жылы документтерин алмаштырып, Евгений Пригожиндин толук кандуу эгизи болгон Руслан Юнусов тууралуу айтып беришкен. Азыркы тапта Юнусов Орусиядагы катаал режимдеги колониялардын биринде жазасын өтөп жатат. Ал абакта отурган кезде мурунку атын кайтарууну каалаган, бирок сот андан баш тарткан. Сот өз чечиминде жаран аты-жөнүн өзгөртүү үчүн ЗАГСка жеке өзү барышы керектигине таянган. 

The New York Times гезити Пригожин июлдун башында өзүнүн кайда жүргөнүн жашыруу үчүн эгизин пайдаланган болушу мүмкүн деп билдирди. Бирок Пентагон бул маалыматка ишенбей турат. 

2021-жылдын мартында «Фонтанка» журналы Пригожиндин эгизи делген киши Литвага провакация чыгаруу үчүн келди деп жазган. Маалыматтын булагы катары өлкөнүн Мамлекеттик коопсуздук департаментинин отчёту көрсөтүлгөн, бирок учурда ал отчёт жеткиликтүү эмес. Ал эми «Собеседник» басылмасы Пригожинге өтө окшош киши чынында эле Вильнюста болгонун, бирок мартта эмес, февралда келгенин жазган. 

ЧВК, төңкөрүш жана Вагнер тарапта болгон кыргызстандыктар 

Вагнердин жеке аскердик компаниясы же «Вагнердин тобу» — бул расмий эмес куралдуу түзүлүш. Орусия ЖМКсында ал жеке аскердик компания деп аталып жүрөт, ал эми The Bell басылмасынын маалыматына ылайык, ал Орусиянын Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабынын Башкы башкармалыгын тымызын көзөмөлдөп турган.      

Ошондой эле ЖМК ЧВК Вагнерге Орусиянын президенти Владимир Путиндин Евгений Пригожин аттуу «ашпозчусу» ээлик кыларын жазган. ЖМКдагы маалыматка ылайык, ЧВК Вагнердин жалданган адамдары 2014-жылы Украинанын Донбассындагы, Сириядагы, ошондой эле африка өлкөлөрүндөгү куралдуу кагылышка катышкан. 

ЧВК 2022-жылдын 24-февралында башталган Орусиянын Украинага толук кандуу кол салуусуна да катышкан. Украинанын Бахмут шаарына Вагнер дээрлик тогуз ай чабуул койгон согуш менен белгилүү болушкан. 2023-жылдын майында гана ЧВК аны басып алууга жетишкен.   

Ошол эле кезде, Пригожин дайыма Орусиянын Коргоо министрлигинин жетекчилигин ЧВКга жетиштүү колдоо көрсөтпөгөнү үчүн сындап, алардан дайыма курал-жарактарды талап кылып келегн. Мындай кайрылуулардын бири интернетте мем болуп да кеткен.  

«МедиаХабдын» журналисттери «Вагнер» Борбор Азия өлкөлөрүнүн жарандарын, анын ичинде Кырызстандын жарандарын да Украинадагы согушка азгырып жатканы тууралуу иликтөө чыгарышкан. Бүгүнкү күнү ачык булактардагы маалыматтарга ылайык, Украинадагы согушта жок эле дегенде 17 кыргызстандык каза болду. Алардын баары согуш талаасына ЧВК Вагнердин катарында барышкан. Негизинен бул адамдардын көбү мурда Орусияда соттолгондор.  

23-июнда Пригожин орус армиясын ЧВК Вагнердин тылдагы лагерине ракеталык сокку урду деп айыптап, «вагнерчилердин» Москвага жасай турган куралдуу жүрүшүн жарыялаган. Анын максатын Пригожин Орусиянын коргоо министри Сергей Шойгу менен Башкы штабдын жетекчиси Валерий Герасимовду жоопкерчиликке тартуу деп атаган.  

Сутка ичинде эле ЧВКнын жалданма аскерлери Ростов-на-Донуну басып алып, андан ары Москваны көздөй жөнөшкөн. Бирок 24-июнга караган кечте — Беларустун президенти Александр Лукашенко менен болду деген сүйлөшүүдөн соң — Пригожин борборду басып алуу аракетин токтотуп жана согушкерлерин белгиленген жерлерге кайтып келүүсүн жарыя кылган.  

Ошондон кийин Орусия президентинин басма сөз катчысы Дмитрий Песков Федералдык коопсуздук кызматы Пригожинге карата козголгон кылмыш иши эгер ал өз эрки менен «Беларуска чыгып кетсе» токтотулат деп билдирген. ЖМКнын маалыматына ылайык, ЧВК уюштурган төңкөрүштө бери дегенде 10 орус аскер кызматкери каза болгон.