Видео: Улак тарткан америкалык ковбойлор

12-августтан 20–августка чейин Ысык-Көлдүн Чолпон-Ата шаарында көк бөрү боюнча Дүйнө кубогу өттү. Ага Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстан, АКШ, Орусия жана Ооганстандан келген жалпы 12 команда катышты.

Ал эми Америкадан келген улакчылар биринчи лигада ат салышып, бешинчи орунга татыды. Алар «Клоопко» көк бөрү оюну тууралуу маек куруп, улак тартыш учурундагы сезимдери менен бөлүштү.