Ахунбаев, Исанов жана Сүйөркуловго «Кыргыз Республикасынын Баатыры» наамы ыйгарылды

Президент Садыр Жапаров академик жана хирург Иса Ахунбаевге, ошондой эле советтик мамлекеттик ишмерлер Абды Сүйөркулов менен Насирдин Исановго «Кыргыз Республикасынын Баатыры» эң жогорку артыкчылык даражасын каза болгондон кийин ыйгаруу жөнүндөгү жарлыктарга кол койду. Бул тууралуу 29-августта президенттин басма сөз кызматы билдирди. 

Сүйөркулов менен Исанов мындай сыйлыкка «мамлекеттин жана кыргыз элинин алдында сиңирген көөнөрбөс эмгеги» үчүн татыганы белгиленет. Ал эми Ахунбаевге жогорку артыкчылык даражасы «Кыргыз Республикасынын медицинасынын жана илиминин калыптанышына, өнүгүшүнө кошкон зор салымы» үчүн ыйгарылды. 

Иса Ахунбаев (1908-1975) Кыргызстандагы көкүрөк хирургиясынын негиздөөчүсү. Ал кыргыздардын чыгаан хирургу, Кыргыз ССРнин Илимдер академиясынын президенти, СССРдин Медициналык илимдер академиясынын мүчө-корреспонденти жана көптөгөн медициналык эмгектердин автору болгон.

Абды Сүйөркулов (1912-1992) Кыргыз ССРнин советтик партиялык жана мамлекеттик ишмери болгон. 1950-1958-жылдары Кыргызс ССРнин Министрлер кеңешинин төрагасы болгон. Андан кйин соода министри болуп иштеген, ал эми 197-1978-жылдары КССРдин Эл чарба жетишкендиктеринин көргөзмөсүн жетектеген. Сүйөркулов Кыргызстандын өнөр-жай, илимий-техникалык жана билим берүү потенциалынын өнүгүшүнө чоң салым кошкон.

Насирдин Исанов (1943-1991) Кыргыз Республикасынын биринчи өкмөт башчысы болгон. Бирок бул кызматта бир жылга жетпеген убакыт гана отурган — 1991-жылдын ноябрында жол кырсыгында каза тапкан. Ал эми КССРде түрдүү партиялык кызматтарды аркалап, анын ичинде курулуш министри болуп эмгектенген.