Экинчи Элдик Курултай 15-декабрда өтөт

Президенти Садыр Жапаров «Элдик Курултай өткөрүү жөнүндө» жарлыкка кол койду. Бул тууралуу 29 августа президенттин басма сөз кызматы билдирди

Экинчи Элдик курултай 15-декабрга белгиленди. Жарлыка ылайык, курултайга 700 делегат катышат. 

Биринчи Элдик курултай 2022-жылдын ноябрында өткөн. Курултайды президент Садыр Жапаров атайын жарлыктын негизинде чогулткан, анткени «Элдик Курултай жөнүндөгү» мыйзам долбоорун парламенттин тармактык комитети ага чейин четке каккан болчу.

Юристтер курултайды президент чакыртканын мыйзамсыз деп атап, конституциялык мыйзамысыз өлкө башчысы өзүнүн ыйгарым укуктарын аша чаап жатканын белгилешкен. Анткен менен президенттин администрациясы баары мыйзамдуу экенин айтып ишендирген.