Кыргызстанда «Акылай» ишке кирди — ChatGPT’нин кыргыз тилиндеги бир түрү

Кыргызстандык иштеп чыгуучулар жасалма интеллекттин негизинде түзүлгөн «Акылай» (AkylAI) кыргыз тилдүү нейротүйүнүнүн бета версиясын ишке киргизишти

AkylAI — белгилүү нейротармак эсептелген ChatGPT’нин кыргыз тилиндеги бир түрү. Ал толук кандуу кыргыз тилинде сүйлөшүп, суроолорго жооп бере алат.

Азырынча нейротүйүн контекстти эстеп кала албайт, акыркы берилген суроо же каттарга гана жооп бере алат.

AkylAI нейротүйүнүн ыктыярчылар иштеп чыккан. Алардын айтымында, «Акылай» 100 млндон ашык сөздү билет жана кыргыз тилиндеги тексттерди талдай алат. Аны бул жерден сынап көрсө болот.