Эл артисти Апаз Жайнаковдун ысымы Баткендеги орто мектепке ыйгарылды

Баткен районунун Үч-Дөбө айылындагы орто мектепке Эл артисти Апаз Жайнаковдун ысымы ыйгарылды. Бул тууралуу «Клоопко» 6-сентябрда Баткен обладминистрациясынан билдиришти. 

Маалыматка ылайык, аталган мектепке обончунун жеке буюмдары, музыкалык аспаптары жана сыйлыктары коюлду. 

Иш-чаранын алкагында обончунун эстелиги да ачылганы айтылат билдирүүдө.

Белгилей кетсек, чек арада жайгашкан Үч-Дөбө айылына мамлекет тарабынан типтүү мектеп курулуп, 2022-жылы пайдаланууга берилген. 

Апаз Жайнаков 1960-жылы Баткен районунун Үч-Дөбө айылында туулган. Ал 1995-жылы Кыргызстандын эмгек сиңирген артисти, 2003 - жылы Кыргызстандын Эл артисти наамын алган. 

Обончу 2006-жылы Баткен облустук музыкалык драма театрын негиздеген. Көзү өткөндөн кийин, анын ысымы өзү эмгектенген театрга берилген. 

Апаз Жайнаков Баткен облусунун гимнинин автору. Анын аты өзү жашаган Баткен шаарындагы көчөгө да ыйгарылган. 

Обончу 2013-жылдын 9-октябрында, 53 жашында оорудан улам көз жумган.

Автору: Назайым Тилевалдыева

Редактору: Айчүрөк Кенжекулова