Ысык-Көл: Президент шыктуу балдардын «Акылман» лицейине пландан тышкары барды

Президент Садыр Жапаров Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарындагы өзгөчө шыктуу балдардын «Акылман» лицейине пландан тышкары барды. Бул тууралуу 10-сентябрда өлкө башчысынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматта президент окуучулар менен маектешип, алардын окуу программасын, жетишкендиктерин талкуулаганы айтылат. Ошондой эле ал окуучуларды өнүгүүгө жана жаңы бийиктиктерге умтулууга үндөгөн.

«Колдоонун жана мотивациянын символу катары президент Садыр Жапаровдун атынан лицейдин ар бир окуучусуна окуу процессин жеңилдетүү жана өзүнүн потенциалын ачууга көмөк көрсөтүү максатында планшеттер берилди», — деп белгилешти президенттин басма сөз кызматынан.

Өзгөчө шыктуу балдардын «Акылман» лицейи 25-августта ачылган. Лицейге биринчи жылы республика боюнча жалпы 75 окуучу кабыл алынган.

Окуу жайда сабактар кыргыз-англис тилинде өтүлөт. Ар бир класста 24төн ашпаган бала окуйт. Билим алуу акысыз болуп, башка аймактардан келген балдарга тамак-аш жана жатакана бекер берилет.

ТЕМА БОЮНЧА:

Ысык-Көлдө шыктуу балдардын «Акылман» президенттик лицейи ачылды