Азаттык: Күндөлүк. Абак — улуу ойлордун уясы, учуп чыкканы-чыкпаганы бар

Автордун пикири «Азаттыктын» көз карашын чагылдырбай турганын эскертебиз.

Олжобай Шакир жазуучу, публицист жана коомдук ишмер, жарандык активист. Учурда УКМКнын тергөө абагында отурат. Кылмыш-жаза кодексинин 278-беренеси (“Массалык баш аламандыктар”) менен кылмыш иши козголгон. Ал өзүнө тагылган айыпты четке каккан.

(Олжобай Шакир абактан жазган катын адвокаты аркылуу берип жиберген).

Материалдын түп нускасы «Азаттыктын» сайтында жарык көргөн.

Абак күндөлүгү

Акын-жазуучунун көбү мамлекеттик сыйлык-наамдарга эки көзү төрт. Алар ошон үчүн бири-бирине окшош... А мен айырмалангым келет. Абакты көрүүгө эки көзүм төрт болуп келгени ошол. Чыгармачылык чеберчилик адам көрбөгөн азаптарды аңдамайын катылып жата берет. Адамда катылып жаткан мүмкүнчүлүктөр кысылган жерден вулкандай атылат. Эркиндикте жүргөнүмдө ааламга атылып чыга албадым.

Эркиндикте жүргөндө келбеген тунук ойлор эми жымжырттыкта калкып, тунук ойлорду кармап калуу үчүн ушул күндөлүктү баштадым.

Рухий эркиндикке жетпегендерге абак азап экенин айланадагылардан сезип атам.

Коопсуздук кызматынын сомодой жигиттеринин колуна түшкөн күнү тергөөчүнүн босогосун аттап, адамгерчиликти көрдүм. НКВД, КГБ архивдериндеги таш боор, наадан тергөөчүлөргө окшободу мени суракка алган тергөөчү жигит. «Элүү жылда эл жаңы» деген ушу дедим ичимден. Жаш тергөөчү сылык-сыпаа, кичипейил болду мени менен.

Андан соң убактылуу кармоочу жайга (СИЗО) алып жөнөштү. Бул жактын босогосун гуманизм аттай электей. Кароолчулар менен конвойлор сылык-сыпаа, жумшак мамиледе болгону менен, көзүмө чалынган камералардын эч бири бош эмес. Жайнаган камерада жал-жал көздөр, мусапыр көздөр, үмүттүү көздөр жүрөгүмдү таарып өттү!

Качандыр бир кезде Конфуцийдин «Бийлик башкаруу өнөрү» аттуу эмгегин окуганым негедир ушул жакка киргенде эсиме келди. Жаңылбасам, V-VI кылымда кытай императору (аты эсимде жок) чоң реформа жаратат. Императорлук такка келери менен өлкөдө көптөгөн мыйзамдарды жокко чыгарат. Керексиз мыйзамдар жоюлары менен түрмөлөр бошоп, өлкө казынасы болуп көрбөгөндой толот.

А балким, Кыргызстанда керексиз мыйзамдарды жоюу жараяны жүрсө кандай болмок? Мүмкүн, бизде да түрмөлөр бошоп, өлкө казынасы толмок. Ошол өлкө казынасын толтурар жарандарыбызды абактарга шыкап, толтуруп алган жокпузбу? Албан-субандай жаштар, жесе ашка, кылса ишке тойбой турган куракта абакта олтурбай эле, өлкө казынасын толтурар кезең эле го...

25.08.2023

Жаңылбасам, абактагы кейиштүү абалдарды оңдоо кезинде укук коргоочулар, бейөкмөт уюмдар эбегейсиз жан үрөшкөнү белгилүү. А.Абдирасулова, Т.Исмаилова, Д.Ошурахунова, Р.Карасартовалар ж.б. укук коргоочулар абактагы кейиштүү абалдарды коомчулукка чагылдырып, эл аралык уюмдардын жардамы менен убактылуу кармоочу жайларга түрмөлөрдүн жашоосуна көңүл бурулганын элибиз унутуп койду.

23.08.23. числосунда убактылуу изоляция бөлүмүн аттадым. Жаткан-турган жери, туалети, ичип-жеген жери куркулдайдын уясындай жай.

- Йе... ушуну көрөйүн деп келдиң беле?.. - деп өзүмдөн сурадым.

- Анан эмне, – деп өзүмө жооп бердим.

- Урушта туруш жок, карап турба, - дедим да, футболкамды чечип, бөлмөнү желдетүүдөн баштадым. Ачык терезеге карай бөлмөнүн абасын желпип, абаны алмаштырган соң, керебетимде чалкалап жаттым. Эмнелерди ойлодум? Абактагы көргөн-билгенимди коомчулукка жеткирүүнү.

Өлкөнүн эң башкы байлыгы – эли. Эгемен өлкөбүздү түптөөдө элибиз мамлекеттик жерпайыбызды калыптоого катышпай келет. Канчалаган тагдырлар түрмөлөрдө талкаланды? Канчалаган адамдар ден-соолуктан, өмүрүнөн ажырады?.. Элибиз муну токтото алабы? Түрмөлөрдүн, убактылуу кармоочу жайларды азап-тозогу коомчулукка белгилүү болсо да, баарына кайдыгербиз. Өлкөнүн эң башкы байлыгы саналган адам ресурсун өзүбүз кайдыгерлик менен талкалап атканыбызды аңдабадык. Муну бийлик тобундагылар да жолго салбады. Бул жалпы кыргызстандыктардын ар бирин тынчсыздандырууга тийиш эле. 7 млн кишилик калкыбыз бар – бул чоң сан эмес. Биз чакан эл, чакан мамлекетпиз. Бирок адам өмүрүнө кесир кылар жердебизби?!

Күн ысыкта бөлмөмдө дем жетпей, футболкам менен улам желдетем. Азыр го август этеги. А жайдын саратан мезгилиндеги абактагылардын азабын элестете бериң.

Канчалаган диний уюмдар, таксырлар коомго сооп иштерин кылууда. Бирок ушул абактагыларга сооп иш кылууну ойлонот болду бекен? Ушул абак жайларга кондиционерлерди койдуруп берүү жалпы коомчулуктун да милдети го. Арийне, өз жарандарыбыздын ден-соолугун, өмүрүн колдоого эч тынчсызданбаганыбыздын өзү – биз али улут болуп калыптана албаганыбыз. «Бир уйдун мүйүзү сынса, миң уйдун сөөгү зыркырайт» принциби жок биздин элде. Улуттук иденттүүлүгүбүз өтө начар! Совет заманда курулган абактар, түрмөлөр, адамды басмырлоо, кемсинтүү үчүн курулганын унутпашыбыз керек. Адамды сындыруу үчүн, адамды кул мүнөздүүлүккө тарбиялоо үчүн курулган бул абактар. Совет заманында курулган түрмөлөр бүтүндөй коомдун психологиясын талкалоо үчүн курулган эбегейсиз чоң система эле.

Биз али күнгө Эгемен өлкөнүн ээсибиз дегенибиз менен, али күнчө түрмөлөрдөгү шартты өзгөртүүгө маани бербей келебиз. Андыктан УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев так ушул өткөн тарыхтын коомду талкалап келген системасында чоң реформа жасап, түрмөлөрдүн босогосунан гуманизмди аттатмайын, биз келечекте да далай тагдырлардын шорун кайнаткан мамлекет бойдон кала беребиз.

Камерада арча түтөттүм. Арча жыты камерадагы аба жытын гана эмес, маанайымды да өзгөрттү. Мага чейин бул камеранын дубалдарына канчалардын кайгы-касирети сиңди экен? Бул дубалдардын ортосунда кысылган жандардын канчасы жаратылыш жытына жетпей зарлады экен?

Тоо койнунда өскөн кыргыз урпагында тоо жыты күч-кубат берерин унутпагыла, эркиндикте жүргөндөр! Абактагы жакындарыңарга арча, шыбак жөнөтүп тургула! Арча, шыбак жыты абактагы адамдарга жаратылыш жытын унуттурбас. Арчалар абактарды арууласын. Дубалдардын жытын өзгөртсүн...

26.08.2023

Менин таңгалганым, жамгыр кечээ, бүгүн да жаады, бирок терезеге канча жакын кадалбайын: жамгырдын дабышы гана угулбаса, жытын, илебин туйбадым. Үп болуп турган бөлмөгө таза аба кирген-кирбегенин сезбедим. Адатта жамгыр көнөктөп жааган мезгилде терезеден жамгырдын муздак илеби урат ко. Бүгүнкү жамгыр узакка көнөктөп жааса да, бөлмөдө таза абанын илеби билинбейт. А кечээ жамгыр дыбырап төгө баштаганда сүйүнгөнүмдү айт. Бирок ачык терезеден жамгырдын илеби сезилбегенге шаабайым сууп отуруп калдым. Түнкү саат 12ден өткөнгө чейин камеранын үп деминен уктай албай жатып, китеп окуудан башка арга калган жок.

Азыр гана узакка жааган жамгырдын муздак илеби уруп баштады. Бирок бак-дарак, өсүмдүктөрдүн жыты да жок.

Абакта отурган мусапырлар үй-бүлө, жакындарынан гана эмес, жаратылыштан да ажыратылып калганы кандай кейиштүү?!

Мени менен бир камерада жаткан жигит айтат:

- Байке, камерага кечээ бир чымын кирип, кайра тез эле чыгып кетти. Бул жактан чымын да качат окшойт ээ?..

- Койчу! – таңкалганымдан оозум ачылды.

Чын эле бул жакка келгенден бери бир да жолу чымындын үнүн уга элекмин. Адатта август айы чымындын жан койбогон мезгили экени белгилүү. Үйдө экенимде чымындар кайдан, кантип пайда болгонуна акылым жетпейт эле. Себеби терезелердин баарында майда торлор кадалган. Ал эми бул жакта терезелер күнү-түнү ачык. Болбосо терезе сыртындагы торчодон чымын эмес, канаттуу куштар учуп кирсе болот ко. Сыягы, бул жакка чабалекейлер деле уя салбаса керек...

Темир тордун аркасында да темир калканыч бар. Ошону талкалап салгым келет. Күндү да, желди да ошол тосот.

27.08.2023

Бир камерада эки кишибиз. Бирибиз жатканда экинчибиз эки керебеттин ортосундагы 5-6 аттам жерди тегеренип, дене-бойду чоюп, ар кайсы көнүгүүлөрдү жасамай.

Абактын эң жакшы жери – биз эркиндикте жүргөндө баркын сезбеген күнүмдүк турмушубуздагы жагдайлардын баасын билебиз. Бизди бүгүн да бир сааттык сейилге чыгарышты. Биз сейилдечү жер – узуну беш кадам, туурасы эки кадам бөлмө. Төбөбүз темир тор. Төрт тарабы дубал. Ошол кысылган жерде бир саат бою тынымсыз басып, көнүгүү жасап, дене-бойду керип-чойгонуң эле чоң бакыт! А үйдө экенимде гүлзарлуу табият койнунда бир саатча сейилдеп келүүгө чыгынбайт элем.

Жаш кезде каратэге кызыгып, 32 жашымдан кийин спортту таштап коюп, эми кайра жаш кездеги өзүм кызыккан спорт мени кайрадан кыймылга салды.

28.08.23

Абакта жаткандардын адамкерчилигин көрүп таң калдым. Мурда-кийин бирин-бири тааныбагандар да айланасындагылар менен колунда барын бөлүшүп, ал-акыбалын сурашат. Бирин-бири ачка калтырбайт. Камерага мени биринчи жолу камашканда эле коңшу бөлмөдөгүлөр жөнөткөн ысык тамакка ыраазы болдум. “Кем-карчың болсо тартынбай сура”, - дешти. Бул жакка мусапырдын абалында деле келгеним жок, бирок мага чейин жаткандар тамак-аш ар бир алтынчы күнү гана келерин айтышты. Муздаткычтарында бир жумага сактаган тамактарын ошентип биз менен бөлүшүштү. Анткени мени менен жаткан жигит да менден эки күн мурда келиптир. Жума соңунда бизге тамак келгенге чейин ошентип айланабыздагылардын жардамы менен жаныбызды бактык. Кийин бизге келген тамак-аштарды башкалар менен бөлүштүк.

Мүмкүнчүлүк тарыган жерде гана адам бул жашоого шүгүрчүлүк кылганга, токпейилдикке үйрөтөрүн абактан көрдүм.

Азырынча абактын терезесинен төгүлгөн күн нурунан бөлөк сулуулукту көрө элекмин.

Капастагы куш эркиндикте болбогону менен, каалаганынча сайрайт. Ал эми абактагы адамга ырдоого укук жок экен. Бүгүн бир сааттык сейилдөөгө чыгарышканынан ырдагым келди да, УКМКнын короосун жаңыртып ыр создум эле, кароолчулар дароо токтотушту: “Бул жер филармония эмес!” Аргасыздан тып басылдым. Бугум ичте камалган бойдон калбасын үчүн бир саат кыңылдап ырдап, сейилдеп келдим.

Жанымдагы жигит айтат:

- Ушул абак канчалардын ден-соолугун талкалоодо?

- Иним, - дедим. - Мен антип ойлобойм. Ден-соолукту кимдер бузат, билесиңби?.. Той-топурдан башы чыкпай жүргөндөр канча азыр? Ашыкча ичип-жеп жүргөн ошолордун ден-соолугу талкаланып жатабы же бул жакта тамак-ашты чени менен жеп, жумасына эки жолудан тренажер залында кара терге түшүп, ден-соолук чыңаган экөөбүзбү? – дедим эле, кабагы жарк дей түштү.

29.08.23

Жантуйгума

Сен жөнөткөн кургак мөмө-жемиштер мага дем-күч, кубат берер жемиштер. Кем-карчымдын баарын үйдө койбопсуң. Калың-жука байпак, майкем ойлопсуң.

Абактагы туюк кайчы, дарымды унутпапсың, ичип жүрөр дарымды. Эмне зарым – жөнөтүпсүң. Унутпайм! Мен абакта чөкпөйм, сынбайм, буюкпайм!

Сен өзүңө жакшы кара, жалжалым, жандүйнөңдү убайымга салбагын. Сыноо баары – мага дагы, сага да, мен жок үйдө жалгыздыктан жадаба!

30.08.23

Бүгүн да бир саатка сейилге чыгарышты. Ал жер – үч бурч короо. Ченесем 5+5+5=15 метр кадам болду. Үйдө жүргөнүмдө Көк-Жар айылынын ээн талаасында бир саат сейилдеп келүүгө дайыма эле моюн жар берчү эмес. А бул жактан сейилге качан чыгарышар экен деп чыдамсыз күтмөй. Күнүгө бир сааттан короого чыгаргандарына чын көңүлдөн ыраазы болосуң.

- Мага бул жак сонун отпуске болду, - дегениме жанымдагы жигит таңгалат:

- Кантип эле?!

- Бул мага отпуске эмей эмине, - дедим. – Акыркы сегиз жылдан бери “РухЭш” сайтымдын аудиториясы үчүн тыным билбей иштеп келдим. Мен бул жакка келгенге азыр “РухЭштин” туруктуу авторлору, котормочулар да тыныгып эс алып жатышса керек. А мүмкүн, туруктуу окурмандарыбыз да менден эс алып жатышкандыр... Мүмкүн, коом да менден тажагандыр...

30.08.23

Бүгүн кечке аңгеме жаздым. Жанымдагы жигит милийсанын оперативдүү кызматында жүрүп, шектүү кылмыш иши менен жанымда жатат. Ал айткан бир окуя көркөм адабият үчүн табылгыс материал экен. Абактан чыкканча ошол жигит айткан көп окуяны көркөм чыгарма түрүндө жазгыдай экемин.

Буюрса, бул жактан куру кол чыкпайт окшойм. Чыгармачылык куржунумду толтурчудай экемин. Сыягы, кийинки китебимди “Абактан адабий базарлык” деген аталыш менен жарыкка чыгарам.

31.08.23

Абакта жаткан адам өзүн өзү тартипке саларын, ирээтке саларын ушул жактан көрдүм. Өзүм деле үйдө жатып ичер жалкоого айланып калган элем. Баарын Назгүлдүн мойнуна жүктөп салганым бул жактан эсиме жетти. Үйдө Назгүлдүн түйшүгүнө жардам бербей келген жаным бул жактан полду жууйм, туалет-раковинаны апакай кылып тазалайм, камерадагы чаңдарды сүрөм. Үйдө экенимде бул иштердин бирин да кылбайт элем. Болгон шылтоом: чыгармачылык... "Ойлонуп атам, толгонуп атам” деген шылтоолор менен үйдөгү түйшүктүн баарын жалгыз Назгүлгө жүктөп келген болсом, буюрса, үйгө чыгып барганда жаншеригимдин жеңилин жерден, оор жүгүн колдон талашкан эр-бүлө болгум бар.

01.09.23

Үйдөгүлөрдөн, туугандардан, достордон күнүгө тамак-аш келет. Ишемби сайын ушул. Азыр муздаткычтын ичин тазалап-жууп, мурда желбеген тамактар менен жаңы келген тамактарды бөлүштүргөндөй кылып, муздаткычтагы орундарды бошотуп койдум.

30-камера

Телмирип сыртта карайм – темир тор, туш-туш бекем. Жатам да күнүм санайм: “Үйүмө качан кетем?”

Камерада жаткандар биринен бири сурайт:

- Ие кошуна, эмне статья менен келдиң бул жакка?

- Коррупция. А өзүңчү?

- Мошенничество менен кармалдым.

Өзүмдөн өзүм сурайм бери жакта жаткан:

- А сен эмне болуп бу жакта?

- Сөз эркиндиги, ой эркиндигинин азабынан.

Адамдар убакытка сарамжал болууну ойлонбойт. Айрыкча кыргыз коомунда! Өзүм да өмүрдүн далайын сая кетирген учурлар толтура. Бирок мен абакка түшкөн күндөн бери бир да күндү, бир да саатты сая кетирбөө - бассам-турсам оюмда. Керелден кечке китептен өтөр эрмегим жок. Күндөлүк жазам, аңгеме жазам. Ишемби, жекшембиден башка күндөрү жумасына эки жолу тренажер залына бир сааттан убакыт беришет. Андан соң бир саат душка түшүп, кирдеген кийимдеримди жууп, сакал-мурутту кырынмай. Андан соң бир саатка короого сейилге чыгарышат. Калган убакыттын баары китеп окумай. Бир камерада эки керебеттин ортосундагы бош жерден босогого чейинки аралыкты тынбай басып, китеп окуйм. Үйдө жүргөнүмдө интернеттин азгырыгына уурдаткан убактымдын баарын эми кайтарып алууга мүмкүн болду окшойт...

Абактагы шарттын эң жакшы жери – күнү да, түнү да жарык өчпөйт. Кайсы маалда болбосун китеп окусаң болот, чыгарма жазсаң болот.

02.09.23.

Жанымдагы жигит экөөбүз камераны бир сыйра тартипке келтирдик. Мен раковина, унитазды апапакай чарадай таптаза жууп чыктым. Келинчегим жөнөткөн Domektos керекке жарап атат. Жанымдагы Т.... камеранын бир да бурчун калтырбай тазалап-жууп, чаңдан арылдык. Буюрса, келинчегиме эми үйдө өстүргөн гүлдөрүңдү бул жакка жөнөт, бирин да соолутпай асырап өстүрөм деп кат жазайын деп отурам. Мен бул жерге келген күндөн бери өз үйүм, өлөң төшөгүмдөй мамиле кылган үчүн жанымдагы жигит да тазалыкка өттү. Кабагы ачылды. Экөөбүз арсалактап күлүп, келинчектерибизди мактайбыз.

- Караңызчы, эки желим колкап жөнөтүптүр, - деп калды.

- Ой, мыкты келин экен эстүү, - десем ал да:

- Ооба, эстүү колуктум бар, - дейт.

- Менин колуктум сенин колуктуңдан өтөт, карачы бул жакка эмне керек, баарын четинен жөнөтүп атат, - десем, көпкө күлдү. Айтор, Т... экөөбүз жаншериктерибиздин эстүүлүгүн, жантуйгу экенин билип, ушул жактан бааладык.

Кечээ үйлөрүбүздөн тамак-аш, керектүү оокаттарыбыз келди эле, жанымдагы жигит келинчегинин кол тамгасын өөп, кол тамгасына ушундай бир сагыныч менен тиктегенин көрүп, аттиң, аялзатын ар дайым барктап-баалай алган мырзалар көп болсок гана дедим...

Мамлекеттик машине менен күрөш

24-августта 1-Май райсотунан кийин алдымдан жамырап тоскон журналисттерге: “Миң уккандан бир көргөн артык... Мен да абакты көрүүгө эки көзүм төрт болуп келдим”, - дегенимди ким кандай түшүндү билбейм. Күндөлүгүмдүн ушул бөлүгүндө эми жалпы коомчулукка эмне үчүн бул жакка келүүгө аң-сезимдүү даяр элем – кеп ошол багытта болсун.

Мамлекеттик машине менен күрөшүүдө ар кимибиз өз алыбызга жараша аракет кылып келебиз. Эркин журналисттер менен активдүү жарандык коомдон бөлөгү азырынча чала жан. Бүгүнкү адилетсиз бийлик менен чала жан, чала-чарпыт түшүнүктөгү коом эч качан күрөш жүргүзө албайт. Ошентсе да коомдун сапаттуу, азчылык бөлүгү өз күрөшүн токтотпоого тийиш. Элдин рухий айбатын курчутар күрөштүн жолу көп. Мен тандаган бир жол ушул: абакка түшүүнүн амалын издедим. Элибизде “Бир уйдун мүйүзү сынса, миң уйдун мүйүзү сөөгү зыркырайт” принциби калыптанууга тийиш. Ал кантип калыптанат? Жөндөн жөнбү? Жок!

Балким, менин абакка түшкөнүм ага-туугандарымдын, досторумдун, тилектеш-санаалаштарымдын, мүмкүн, калемдештеримдин тынчын кетирер?.. Ушунун өзү керек. Демек, алар менин тагдырыма кайдыгер болбогондой эле, өлкө келечегине кайдыгер болбой, адилетсиз бийлик менен күрөшүүгө белсенерине ишенем. Элибиз идея үчүн жан берүүгө, күрөшүүгө үйрөнмөйүн Кыргыз мамлекети эч качан Эгемендигин, өз Эркиндигин коргой албайт.

***

Чын-чынында соттордун орду азыр абактарда, түрмөлөрдө болууга тийиш. Мамлекеттик кылмышкерлердин, уурулардын, соттордун орду түрмөдө болмоюн күнөөсүз жарандарыбыздын тагдырын талкалаган мамлекет куруп алганыбызды мен абакка камалганда гана түшүндүм.

***

Советтик доордон калган түрмөлөр караламан калкты кул мүнөздүккө тарбиялаган, үйрөткөн цирк болуп келгенине бул жакка камалганда толук түшүндүм.

***

Адилетсиз сотторду ишмердиги караламан калкты кул мүнөздүккө түрткөн машинеге айланып бараткан жокпу?! Биз өз элин аябаган мамлекеттик системаны курууга жол берип жаткан жокпузбу, замандаш?!

03.09.23

Көз ирмейм – жанымдасың,

бассам-турсам элесиң.

Сен мага табылгасың,

жашоомдогу белексиң.

Абакта ойлор кербен –

каалгып көчкөн булуттай.

Сот мага өкүм берген –

убактылуу турук-жай.

Сен болдуң сагынарым,

ой-санаамдан кетпеген.

Сен болдуң жалынарым,

кучагыңа жетпеген.

Эрдикке шыктандырган,

жантуйгумсуң, жөлөксүң.

Абактан чыккан күн бар –

кучагыңда өрөпкүйм...

04.09.23

Эркек аттуунун баары абакта отуруп чыкканын каалабайм, бирок эркектер аялзаттын үйдөгү түйшүгүн, мээнетин, азабын түшүнүшү үчүн абак эң жакшы мектеп экен. Мен бүгүн майлыктарды, сүлгүмдү, идиш-аяктарды жууп жатып ойлондум: үйдө ушулардын баарын кылчу белем? Жок. Ичип-жеп, курсак тойгондон кийин туруп кетчүмүн. Бул жактан ар бир эркек өз кир-когун жууп, тирликти өзү кылууга аргасыз.

Арестанттарга

Көктө Күн. Короосу абактын.

Үстүндө мөөнөтчү карап тур.

Күндөрдү бул жактан санаба,

дарт ошол салуучу санаага.

Мааниси жок мында санактын,

ал - душман. Аёосуз жадаткыр.

Жеткиче эркиндик мөөнөткө,

айрылба адамдык сөөлөттөн.

Көк түтүн, дембе-дем чылым да

Көөнүңдү көтөрбөйт. Сыгылба!

Чыйралгын, көтөргүн башыңды,

Кемирбе өмүрдү, жашыңды.

Бул күндөр азаптай туюлган

Унутпа – тагдырга буюрган.

Бактысыз азаптан корккондор,

Шор эмес – айыпсыз соттолгон.

Абийирдин кабылба сотуна,

Шол азап эсеби, чоту да.

05.09.23

Мен бул жакта өзүмдү кылмышкер эмес, байкоочу катары сезгендиктен убакыт билинбей өтүүдө. Ар бир камерада жаткандар бири менен бири кобурашып, күнүмдүк көйгөйлөрүн бөлүшсө, а мен баарына байкоочу.

***

Камера кайтаргандардын арасында Гүлназ аттуу келин бар. Байкаганым, ар бир камерада отурган мусапыр арестанттарга мээрим, жароокер мамиле кылган Гүлназчалык эч ким жок. Кароолчу жигиттер деле арестанттарга канчалык сылык-сыпаа, кичипейил мамиле кылганы менен, бирок аялзаттын өкүлү – Гүлназдын жылуулугу, мээрими, энелик аёо сезим менен тиктеген көздөрү таптакыр башкача... Анын туюму, сезими, аёосу бөлөкчө. Маселен, биз 30-камерада отурсак, 21 же 32-33-камерада отургандар ысык тамак же мөмө-жемиш берип жиберген болсо, кароолдо турган жигиттер тоң моюн, корс мүнөздөрү менен күрсүлдөп “ананыраак” же “колум бошосун” деген шылтоо менен басып кетишет. Ал эми Гүлназ дежур болгон күндөрү анын оозунан эч бир шылтоону укпайбыз.

Кичипейил, жароокерлик менен өтүнүчтөрдү дароо аткарат да, башкалар жөнөткөн аманатты күлүп-жайнап колго тапшырганын көрүп, Гүлназдын мээрими, жароокерлиги үчүн жалпы Аялзатка, Энелерге жана Кудайга миң мерте алкыш!

“Аялдын күчү – жүрөктө, эркектин күчү – билекте” деген бабалар накылына абакта жатып да ынандым.

05.09.23

Айбатың курч болсо, бийликтин абагынан да, айбалтасынан да коркпойсуң.

Адабият жана абак

Абак мен үчүн эл менен тыгыз аралашып жашоонун бир жолу. Бизде бийлик тобунда жүргөндөр эмес, чыгармачыл чөйрөдө, илим чөйрөсүндө жүргөндөрдүн көбү калктын кайнаган турмушунан алыс. Абактарда, түрмөлөрдө шорлогон тагдырлар өңчөй караламан калк ичинде калканычы жоктор, тоок уурдаганы үчүн да том-том кылмыштар жүктөлүп, түрмөдө отургандар канча?! Алардын тагдырын чагылдырбаган адабият да адабиятпы?

***

Адабият астанасын аттаган күнүмдөн “Арашан” чыгармачыл үйүндө жаткан акын-жазуучуларды көп көрдүм. Алар барат да арак ичет, ушак айтышат, интригадан баштары чыкпайт. Үйүгүшкөн иттердей ээрчишип алышат. Ошон үчүн мен бир да күн “Арашанда” жаздыкка баш коюп түнөгөн эмесмин. Мен андан көрө абактарда, түрмөлөрдө жаздык жазданып жатып чыгарма жараткым келчү. Азыр мен ошол кыялыма жетип, баш көтөрбөй иштеп отурган учурум.

***

Классиктердин позасынан чыкпаган акын-жазуучуларыбыз толтура. Чычайып кийинишет, галстук моюндарынан түшпөйт. Чыйт түкүрүп мамлекеттик наамдарды алып коюшкан. Алардан ошон үчүн дайыма оолак качам. Жазуучулар союзуна мүчө да болгум келбейт. Алардын арасында кээси О'Шакир илгертен эле түрмөнү эңсеп келгенин сопсонун билишет. Эми мен аларды да бул жакка чакыргым бар!

Айланайын “акын-жазуучулар, “Арашан” чыгармачыл үйүнө бышырып коюптурбу? Бул жакка келгиле! Бул жакта күнү-түнү иштөөгө мүмкүнчүлүк табасыңар. Кулак-мээ тынч. Чыгарма жаратуу колуңардан келбесе да, китеп бетин ачып, чыныгы адабияттын озуйпасы эмнеде экенин түшүнүп кайтасыңар!

Мага сырттан келген тамак-аш муздаткычка батпай, башкалар менен бөлүшүп атам. Эч болбосо бир-экөөңөр бул жакка келсеңер, байдын дөбөтүндөй багат элем силерди...

Жасакерлер курчап алып туш жагын,

Жапаровго чейин канча ажолор,

ажырата алган эмес душманын.

УКМК далайларды сыздаткан,

Ташиевге чейин канча наадандар

шылдың болуп, шыпырылган кызматтан.

Каалоо-тилек арнап жалын тостторду

Карт тарыхты карап турсаң саясат

Кагыштырган далай-далай досторду!

06.09.23

Мен бийликтин каарынан коркпойм. Мага бийликтен корккон кул мүнөз эл коркунучтуу.

***

Бизде сөз эркиндиги менен ой эркиндиги канчалык күчүндө, аны абакта отуруп сезгим келет.

Абактагы тирилик

Кир жуудум мыкчып-мыкчып. Сени эстедим.

Көбүгүн буркулдатып улам-улам

жанымда турган сымал элестедиң,

жагымдуу үнүң кетпей кулагыман.

Уучтадым көбүктөгөн көйнөгүмдү,

аярлап уучтагандай мамагыңдан.

Эңкейсем белимби же бөйрөгүмбү?

Сыздатат. Эски оорум ал... Кабарың бар...

Кир жайсам, анан ишим калемимде,

жароокер жаншеригим, өмүрлөшүм.

Айланып сен турасың карегимде,

абакта бассам-турсам көөнүмдөсүң.

Жок бизде камсанаба уруш, кысым.

Муздаткыч толо палоо, бал, эт, кант бар.

Бул жакта тең бөлүшүп ырыскысын

багышат бирин бири арестанттар.

06.09.23

Жасалма түрүндө болсо да адамга абак сөзсүз керек окшойт. Абак кандай адамга керек, маселе ошондо. Өзүн тааныгысы келген, коомду, дүйнөнү тааныгысы келген адам абактан эч нерсесин жоготчудай эмес.

Эркиндикте жүргөндө көп ойлорду кагазга түшүрүүгө анча чыгынбай келсем, бул жактан баш көтөрбөй иштеген адат таптым. Башында кол жазмамды өзүм окуй албай атсам, эми күндөн күнгө кол жазмам оңолду. Көп жылдан бери жалаң компьютерге көнүп калган колум эми калем сапка көндү.

Ой багып, сөз бакканга да абал өтө ыңгайлуу. Таң эртеден туруп алып, камерадагылар уктап жаткан учурда мен өз ишиме киришем. Кофе кайнатып алаарым менен ордумдан былк этпейт. Дене-бой уюган кезде 3-4 аттам камерада 1-2 саат тынбай басып, китеп окуйм. Үйдө жүргөнүмдө сүткө тойгон күчүктөн эч айырмам жок эле.

***

Эркиндикке чыкканымда кимдин ким экенин тырмагынан аныктап көргүм келет. Бизди бүгүн короого сейилге чыгарышты эле, тырмагымды алып отуруп бир нерсеге түшүндүм. Мурда тырмагымды тептегиз алуудан эринип, кээсин ийненин учундай же тикенектей учундай калтырып салгандыктан ар нерселер илине берчү. А бүгүн ар бир тырмагымды айдын кертигиндей таза алдым. Себеби, кайда шашат элем? Адам бул жактан эмне иш кылбасын, баарын кунт коюп жасоого аргасыз. Эркиндикте жүргөнүмдө түрмөдөгүлөр белекке берип жиберген кооз бычак, мүштөк, шахмат, нардалар кандай болорун далай көргөмүн. Көрсө, адам баласы эркиндикте жүргөнүбүздө ишти чала бүтүргөн адаттарыбыздан арылбайт окшойбуз.

***

Эки күн мурда тренажер залда машыккандан кийин душка бир саат уруксат берилди. Анда да өз чачымды өзүм шашпай кырдым. Күзгүгө да каранганым жок. Башымды төө куштун жумурткасындай жылтырата кырганымды көргөн жанымдагы жигит таңкалганын койбоду. Чынында бул таңгала турган деле иш эмес. Менин артыкчылыгым да эмес. Тек гана чачымды кырып аткан учурда ар бир сантиметр жерин манжамдын учу менен сыйпалап көрүп, кай жерде чачым калганын билүү анчалык оор болгон жок. Башымдын эч жерин тилип да алганым жок. Ал эми үйдө колуктум Назгүлгө чачымды кырдырган сайын башымды ал канча жолу кызыл-жаян кылды? Ага күңкүлдөп-мыңкылдап наалып калар элем. Көрсө, адам башкаларга түйшүгүн артпай, убактысын жебей, өз алдынчалыкка үйрөнсө болот экен да!

Эл жөнүндө эссе

Кыргыз элинде кылымдар бою ооздон түшпөй келаткан тантык кеп бар: “Алтын баштуу аялдан бака баштуу эр артык”. Муну бүгүн да кайталагандар табылат. Издетпей!

Ата-бабаларыбызды нарктуу, салттуу, акылдуу , тектүү дегенден мурда ушул сөздүн мазмунуна терең үңүлүп көрөлүчү. Нарктуу, акылман элдин оозунан чыкчу сөзбү ушул?! Муну чын эле нарктуу, тектүү бабаларыбыз айтты бекен же бозого тойгон бир кыргыздын оозунан чыккан кесир сөз дешибиз керекпи?

Мейли, муну бир бозого тойгон бирөө ооз учунан бүркүп койгон күндө деле кылымдар бою элдик накыл катары эс тутумубузга сактап калчу кеппи?! Ушул тантык түшүнүктүн кесепети канча кыз-келиндердин тагдырын талкалады. Бул түшүнүктүн түбүндө жаткан наадандыкка келсек, 1916-жылы орус падышачылыгынын кыргынынан Кытайга качып барган бабаларыбыз кан-жанынан жаралган чырактай кызын кур кекиртектин айынан бир баштык талканга сатканы акылга сыябы?! Нарктуу, акылман, намыстуу эл ушул жосунга барабы?! Бир баштык талкандын баасын чын эле “алтын баштуу аялдан” артык көргөн ата-бабаларыбыздын акылмандуулугубу же бул наадандыгыбы?! “Бака баштуу эрди” алтын баштуу аялдан артык санаган элдик наркпы, накылбы ушул?! Аялзатка кесир мамиле кылган дагы бир тантык түшүнүк жашайт, кыргызда: “Бала белде, катын жолдо”. Муну кайталаган кыргыздын тилинен тибиртке кетпесин ылайым! Ушул эки түшүнүктү оозуна алгандардын тилин кесип салса да аздык кылар...

07.09.13

Аялзатты басынткан түшүнүк кыргыз урпагынын мээсинде кылымдар бою мыктай кадалып келаткандай.

Өткөндө бул жактын короосунда сейилге чыксам, абактагылар бири менен бири кобурашып атат:

- Нуралынын келинчеги төрөптүр.

- Эркекпи, кызбы?

- Кыз төрөптүр.

- О, кырк жылкылуу болуптур дебейсиңби.

- Ал эмне дегениң?..

- Кыргызда кыздуу болгондорду кырк жылкылуу болупсуң дейт.

- Мени билесиң го, орус болуп чоңойгонумду. Сен айткан салт-палттарды анча түшүнбөйм.

Ушул диалогдон улам көпкө ойлондум. Көрсө, салттык түшүнүктөрдүн өзү деле кылымдар бою түрмө бойдон калыптыр да аң-сезимибизде! Салттык түшүнүктөрдөн бошоно албай калганыбыз түрмө эмей эмине? Бүтүндөй улуттун аң-сезими кылымдар бою түркөй түшүнүктөрдүн түрмөсү бойдон кала береби дагы?! Генетикалык түшүнүктөрдүн пайдубалы болуп калган макал-лакаптарыбызды улуттук трагедия эмей эмне?!

Кыз төрөлсө кырк жылкылуу болорун ойлонгондун өзү кандай кызыл кулактык, кандай наадандык?! Кыздын наркын мал менен ченеген элде “алтын баштуу аялдан бака баштуу эр артык” болуп кеткенин же тарыхтан көрө алдыкпы?.. Эзели бийлик тизгинин аялзатына ыраа көрбөс элибизде кайсы хан, бектер, президенттер болобу, “алтын баштуу аялдан артык” болуп кеткен?...