Президент Садыр Жапаров иш сапары менен Нью-Йоркко келди

Президент Садыр Жапаров 18-сентябрда иш сапары менен АКШнын Нью-Йорк шаарына келди.

Өлкө башчынын маалымат кызматынан билдиришкендей, Жапаров БУУнун саммитинин ишине Туруктуу өнүгүү максаттары боюнча саммиттин Лидерлеринин диалогуна катышып, БУУнун Башкы ассамблеясынын жалпы дебаттарында сөз сүйлөйт. Ошондой эле Борбор Азия Мамлекеттеринин башчылары жана Америка Кошмо Штаттарынын президенти Жо Байдендин биринчи Саммитине катышат.

«Мындан тышкары, Садыр Жапаров БУУнун Башкы катчысы Антониу Гутерриш менен, БУУнун Башкы Ассамблеясынын алкагында чет мамлекеттердин жана эл аралык финансы институттарынын башчылары менен бир катар жолугушууларды өткөрөт. Ошондой эле Президент Садыр Жапаров АКШнын бир катар ири компанияларынын өкүлдөрү менен кыргыз-америка бизнес-форумунда сөз сүйлөйт», — деп айтылат билдирүүдө.

Расмий делегациянын курамына ТИМдин башчысы Жээнбек Кулубаев, президенттин администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев, президенттин администрациясынын саясий жана экономикалык изилдөөлөр башкармалыгынын начальниги Алмаз Исанов, жаратылыш ресурстары министри Мелис Тургунбаев, саламаттык сактоо министри Алымбакадыр Бейшеналиев жана экономика министри Данияр Амангелдиев, юстиция министри Аяз Баетов, ошондой эле Кыргызстандын Бириккен Улуттар Уюмунун Нью-Йорк шаарындагы Туруктуу өкүлү Аида Касымалиева кирди.

Ак үйдүн кеңешчиси Жейк Салливан Байдендин Борбор Азия мамлекеттернин башчылары менен жолугушуусунун алдында «саммит кайсы бир өлкөгө каршы багытталбаганын» белгиледи. Анын айтымында, бул жолугушуу «аймактагы коопсуздук, соода жана байланыш, климаттын өзгөрүүсү боюнча көйгөйлөр менен катар ар бир өлкөдөгү башкарууну жана мыйзам үстөмдүгүн жакшыртууга багытталган реформаларды талкуулоого мүмкүнчүлүк берет».

Ал саммиттин жыйынтыгы менен лилерлер негизги багыттарда кызматташтыкты улантуу жөнүндө биргеликте билдирүү жасашарын кошумчалады.

Saferworld эл аралык бейөкмөт уюмунун кеңешчиси Жордан Стрит жана уюмдун Борбор Азиядагы аймактык жаңжалдар жана коопсуздук маселелери кеңешчиси Илья Жонс коопсуздук маселелерин, тышкы саясатты жана адам укуктарын чагылдырган Joint Security’ге жазган макаласында Байдендин Борбор Азия мамлекеттеринин башчылары менен жолугушуусуна байланыштуу өздөрүнүн божомолдорун айтышкан.

Алардын пикиринде, саммитте дароо эле кандайдыр бир жылыш болот деп күтпөш керек, анткен менен жолугушуунун өзү Вашингтондун тышкы саясатында көптөн бери экинчи орунда болуп келген чөлкөмдү колдоонун символикалык белгиси болуп калат.