ЖК: Репрессия курмандыктарынын ысымын актаган комиссия түзүү сунушталды

Жогорку Кеңештин Социалдык саясат боюнча комитети 18-сентябрда «Саясий жана диний ынанымы үчүн, социалдык, улуттук жана башка белгилери боюнча куугунтуктан жапа чегип акталган жарандардын укугу жана кепилдиктери жөнүндөгү» жана «Кыргыз Республикасынын улуттук архив фонду жөнүндөгү» мыйзамдарына сунушталган түзөтүүлөрдү карап, биринчи окууда жактырды.

Мыйзам долбоорун депутаттар Жанар Акаев, Нурланбек Шакиев, Чолпон Султанбекова жана Мирлан Самыйкожо иштеп чыккан.

Алар колдонуудагы мыйзамга жаңы беренени киргизүүнү сунуштап жатышат. Ага ылайык, Кыргызстандын аймагында 1961-жылга чейин колдонулган РСФСРдин Кылмыш кодексинин 1922 жана 1926-жылдардагы айрым беренелери боюнча соттолгондор саясий репрессияларга кабылгандар болуп эсептелет.

Ошондой эле, мыйзам долбооруна ылайык, «Кызыл террор жөнүндөгү» токтомдун негизинде кабыл алынган бийликтин чечимдери, басмачылыкка каршы күрөшүү маселелери боюнча көрсөтмөлөр, мамлекеттик кылмыштар жана кулактыкка каршы күрөшүү жөнүндө токтомдор, ошондой эле СССР бийлиги тарабынан кабыл алынган бир катар башка актылар саясий репрессиялардын белгилери болуп саналат.

Мыйзам долбоорунун маалымкат-негиздемесинде документ 1918-1953-жылдары саясий жана диний ынанымы үчүн, социалдык, улуттук жана башка белгилери боюнча куугунтуктан жапа чеккен жарандарды реабилитациялоо максатын көздөрү айтылат.

«СССР өлкөсү таркап, Кыргыз Республикасы өз алдынча эгемендүүлүккө ээ болгон учурдан тартып, саясий репрессиялардын курмандыктарына айланган жарандарды, өзгөчө “кызыл террор” (1918-1924-жылдар) жана сталиндик репрессиялар (1929-1953-жылдар) мезгилиндеги окуяларды түшүнүүгө жана аларга саясий баа берүүгө мезгил келген. Бирок XX кылымдын экинчи жарымындагы жана XXI кылымдын башындагы өтө ар түрдүү кылмыштар үчүн адилетсиз жана жалган айыпталган көп миңдеген советтик жарандарга ар кыл мезгилдерде ар түрдүү интенсивдүүлүк менен прокуратура жана соттор аркылуу реабилитациялоого жетишүүгө толук мүмкүн болбой келүүдө», — деп белгиленет документте.

Ошондой эле депутаттар репрессияланган адамдарды реабилитациялоонун жаңы тартибин аныктоо үчүн Илимдер академиясынын Тарых, археология жана этнография институтунун алдында комиссия түшүүнү сунушташууда. Ага илимпоздор, бейөкмөт уюмдардын, Акыйкатчы институтунун, прокуратура, ИИМ жана УКМК органдарынын, анын ичинде мамлекеттик архивдин өкүлдөрү кириши керек. Комиссиянын курамы Жогорку Кеңештин чечими менен бекитилет.

Депутат Жанар Акаевдин айтымында, репрессиялангандарга карата мыйзам тарабынан мыйзамсыз деп табылган ар бир чечимди соттук-прокурордук кароо аркылуу жүзөгө ашырбай, ар бир адамдын ишин өзүнчө бөлүп кароо менен комиссиялык тартипте жүзөгө ашыруу сунушталып жатат.

Депутат бул «эң оболу атылган, соттолгон, айдалган же айдап жиберилген, мүлкүнөн жана турак жайынан ажыраган, укук жагынан башка зомбулуктарга дуушарланган саясий репрессиялардын курмандыктарынын жакшы ысымын калыбына келтирүүгө мүмкүндүк берет» дейт.

Түрдүү булактардын маалыматына ылайык, 1937-38-жылдары күчөгөн репрессиялар учурунда Кыргызстанда 20 миңден 40 миңге чукул киши атууга кеткен.