Кыргызстан ВИЧтин алдын алуу үчүн бөлүнүүчү 30 млн долларга жакын гранттан кол жуушу мүмкүн

Кыргызстан Глобалдык фонддун СПИД, кургак учук жана малярия менен күрөшүү үчүн 27,8 млн долларлык грантынан кол жууп калышы мүмкүн. Бул тууралуу «Өнөктөштүк тармак» («Партнерская сеть») ассоциациясынын аткаруучу директору Айбар Султангазиев фейсбук барагына жазды.

Анын айтымында, буга 2024-2026-жылга карата өлкөлөрдүн билдирмелерин кароо боюнча Глобалдык фонддун Женевада өткөн кеңешмесине Кыргызстандын мамлекеттик түзүмдөрүнүн өкүлдөрүнүн барбай койгону себеп болду.

«Фонддун аймактык менеджери Димитру Латичевский Кыргызстандын өлкөлүк билдирмеси боюнча сүйлөшүүлөр токтотулуп атканын, мындан улам өлкө үчүн каражат да бөлүнбөй турганын билдирди. Буга чейин өлкөгө 27,8 млн доллар бөлүүнү жактырышкан болчу. Дары-дармекке туруктуу кургак учукту жана балдар арасындагы ВИЧти дарылоо жана диагностика үчүн дарылардын баары, ошондой эле алдын алуу программалары Глобалдык фонд бөлгөн каражаттын эсебинен жүргүзүлүп келген», — деп белгиледи Султангазиев 24. kg басылмасына берген интервьюсунда.

Ал Женевадагы кеңешмеге Гемоконтакттык вирустук гепатиттер жана ВИЧти көзөмөлдөө республикалык борборунан, Улуттук фтизиатрия борборунан (УФБ) жана Саламаттык сактоону өнүктүрүү борборунан жалпы алты киши барышы керек болгонун кошумчалады.

Улуттук фтизиатрия борборунун директору Абдуллаат Кадыровдун айтымында, борбордун кызматкерлери кеңешмеге Саламаттык сактоо министрлигинин тыюусунан улам барышкан эмес. Буга Дүйнөлүк фонд жана ПРООН эл аралык сапарды министрлик менен макулдашпаганы себеп болгон.

Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматынан «Клоопко» министр Алымкадыр Бейшеналиев иш сапары менен АКШда болгондуктан Дүйнөлүк фонддун гранты боюнча абалга азырынча комментарий бере алышпай турганын билдиришти. Ведомстводон аткаминер келгенден кийин комментарий берүүнү убадалашты.

Дүйнөлүк фонддун грантына байланыштуу чыр

2023-жылдын апрелинин аягында Дүйнөлүк фонддун грантынын айланасында чыр чыккан. Депутат Жылдыз Садырбаева парламенттин 29-апрелдеги жыйынында 2024-жылы Дүйнөлүк фонддон Кыргызстанда СПИД, кургак учук жана малярия менен күрөшүү үчүн 27,8 млн доллар алуу маселесин чече турган Өлкөнүн координациялык комитетин кайра түзүүнү талап кылган.

Садырбаева өткөн жылдары мындай гранттарды, анын айтымында, алган каражаты кайда коротулганы тууралуу отчёт бербеген ПРООН алып келгенин белгилеген.

Садырбаеванын билдирүүсү парламентте кызуу талкуу жаратып, гомофобдук билдирүүлөргө себеп болгон. Маселе гранттын бир бөлүгүн негизги топтор менен, тактап айтканда, ЛГБТ-коомчулугу менен иш барууга багытталганында экени белгилүү.

Айрым депутаттар бул грант аркылуу «кыргыз элинин каада-салтына, үрп-адатына каршы келген идеологиялар таратылат» деп эсептешкен. Ал эми эл өкүлү Мейкинбек Абдалиев ЛГБТ-коомчулугунун өкүлдөрү «бир-бирине [ВИЧ] жугузуп, жоголуп кетишсин» деген.

Жыйынтыгында минкабдын төрагасынын орун басары Эдил Байсалов депутаттардын сынын угуп, мындай аракеттер «улуттук каада-салтка туура келбесине» макул болгон жана Өлкөнүн координациялык комитетинин жокко чыгарыларын жарыялаган.

Ага карабастан май айында Дүйнөлүк фонд Кыргызстандын грант алуу боюнча билдирүүсүн жактырган.

15-сентябрда Ата-Журт Кыргызстан фракциясынын жыйынында Садырбаева грант боюнча маселени кайрадан көтөргөн. Ал «айрым тараптар эки инфекцияны жамынып алып, бул илдеттерге багытталган грантты таптакыр башка жакка коротушарын» айткан.

Башкы бетте иллюстративдик сүрөт.