«Манас» аэропортунун жаңы учактары «Асман Эйрлайнс» авиакомпаниясына берилет

 «Манас» эл аралык аэропорту июнь айынын аягында «Асман Эйрлайнс» туунду авиакомпаниясын түзгөн.

Аэропорттун башчысы Манасбек Самидиновдун айтымында, жаңы түзүлгөн компанияга 6 млн доллардан турган жакында алынган Dash-8-400 аттуу эки канадалык учактары өткөрүп берилет. Алар өлкөгө 2024-жылы алып келинет.

Ошондой эле ал авиакомпания келерки жылы дагы эки учакты сатып аларын билдирди.

Самидинов билдиргендей,  «Асман Эйрлайнс» башында ички каттамдарды тейлейт.  

«Учуулардын географиясы биринчи кезекте ички каттамдарга багытталган. Акырындык менен жакынкы өлкөлөргө чыгабыз. Бул Казакстан, биринчи кезекте Алматы, андан кийин Үрүмчү (Кытай), Ташкент (Өзбекстан) жана Новосибирск сыяктуу Казакстан менен чектешкен Орусиянын шаарлары», — деди ал.

«Манас» башкармалыгынын башчысы «Асман Эйрлайнстын» билеттери учурдагы билет бааларынан арзан болорун белгиледи.

Кыргызстанда ички каттамдар боюнча учууларды эки авиакомпания аткарат. Аймактардын жашоочулары авиабилеттердин кымбаттыгына нааразы болуп келишет.