Материалдын түп нускасын «Азаттыктын» сайтынан окуй аласыз. Автору Эрнист Нурматов.
Тажикстандын Тышкы иштер министрлиги Дүйшөмбүдөгү элчи Эрлан Абдылдаевди чакырып, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Камчыбек Ташиевдин сөзүнө байланыштуу тынчсыздануусун билдирди. Ташиев Тажикстан аймактык дооматтарынан баш тартпай жатканын белгилеп, бул улана берсе Кыргызстан да тарыхый документтердин негизинде коңшу өлкөгө аймактык доомат коёрун айткан.
Адистер мында кеп Тажикстандын Ворух анклавы жана мурда Кыргыз AССРине караган Тажикстандын Жерге-Тал менен Мургаб аймактары жөнүндө болуп жатат деп боолголошот.
Дүйшөмбүнүн реакциясы
УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевдин кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжалдын бир жылдыгын эскерген иш-чарада айткан сөзүнө тажик бийлиги шашылыш реакция кылды.
Чек араларды делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча комиссиянын жетекчисинин милдетин кошо аркалаган атайын кызматтын башчысы журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып, айрым маселелерде пикир келишпестиктер бар экенин ачыкка чыгарды.
Ташиев тагыраагы чек араны тактоодо Тажикстандын бийлиги мурдагы аймактык дооматтарын дале козгоп, андан баш тартпай жатканын белгиледи. Ал бул жагдай сүйлөшүүгө кедергисин тийгизип жатканын айтып, Кыргызстан да тарыхый документтердин негизинде коңшу өлкөгө аймактык доомат коёрун кеп кылды.
«Ушуга чейин коңшубуз Тажикстан бизге, Кыргызстанда ар кандай аймактык дооматтарды коюп келген. Биз ага ар дайым жооп берип, “аймактык доомат коюлбашы керек” деп келгенбиз. Биз жакында жаңы документтерди таптык. Ошол документтердин негизинде биздин мамлекетибиздин көптөгөн жерлери Тажикстанга өтүп кеткенин билебиз. Аны юридикалык, тарыхый документтер менен тактап бере алабыз. Эгер коңшу мамлекет аймактык дооматтарынан баш тартпай турган болсо анда биз юридикалык жактан аймактык дооматтарды коёбуз», — деди Камчыбек Ташиев 15-сентябрда Баткен облусундагы иш-чарада.
Буга удаа эле 16-сентябрда Тажикстандын Тышкы иштер министрлиги маалымат таратып, Кыргызстандын Дүйшөмбүдөгү элчиси Эрлан Абдылдаев чакырылганын кабарлады. Коңшу өлкөнүн тышкы саясий мекемесинин расмий сайтында жазылгандай, тажик тарап элчиге кыргыз аткаминеринин сөзүнө байланыштуу өз нааразылыгын билдирген.
«Элчиге 15-сентябрда маалымат мейкиндигинде пайда болгон Кыргызстандын жогорку мамлекеттик кызмат адамынын тажик-кыргыз чек ара маселеси боюнча айткан сөздөрүнө байланыштуу тынчсыздануу жеткирилди. Бул сыяктуу комментарийлер тажик-кыргыз чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча сүйлөшүү жараянынын жүрүшүнө олуттуу залакасын тийгизиши ыктымал экени белгиленди», — деп жазылган коңшу өлкөнүн министрлигинин сайтында.
Тажик тышкы саясий мекемесинин бул кадамы боюнча Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги комментарий бере элек.
«Бизге белгисиз нерселер болушу мүмкүн»
Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасынын узундугу 970-980 чакырымды түзөт. Аны тактоо иштери 2002-жылы башталып, 2020-жылдарга чейин 519 чакырымы толук такталган болчу. 2022-жылы эки өлкөнүн лидерлери жолукканда жалпысынан 664 чакырым тилке боюнча орток пикир бардыгын ырасташкан. Ушул тапта эки өлкөнүн атайын комиссиялары тактала элек тилкелер боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатат.
Эки өлкөнүн президенттери да ар кайсы платформаларда кездешүүдө. Маселен, президент Эмомали Рахмон быйыл 2-июнда «Европа Биримдиги – Борбор Азия» саммитининин алкагында Чолпон-Атага келип кеткен. 14-сентябрда президент Садыр Жапаров Борбор Азия лидерлеринин Дүйшөмбүдө өткөн саммитине барып келди.
Мамлекет башчы коңшу өлкөдөн кайтып келгендин эртеси Камчыбек Ташиевдин айткан жогорудагыдай сөзү коомчулукта түрдүү күмөн ойлорду жаратты. Саясат талдоочу Эмил Жороев чек ара сүйлөшүүлөрү «талаштуу маселеге келип такалганы» байкалат деген пикирде:
«Байкашымча, Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы чек ара боюнча сүйлөшүүлөрдө анчейин прогресс болбой жатат. Маселе так ошол Камчыбек Ташиев айтып жаткан талаштуу маселеге келип такалгандай. Же бир тарапка өтүш керек, же экинчи тарапка өтүш керек болгон, айтор компромисске мүмкүн эмес болгон маселеге келип токтоду. Бир чети Ташиевдин соңку сөзү, тону, манерасы, тандап сүйлөгөн аргументтери мүмкүн дипломатиялык нукка жатпаган нерседей болуп жатат. Бирок менимче буга кандайдыр бир нерсе түрткү болду. Жок жерден болгон жок. Президент Жапаров Дүйшөмбүгө барып, Рахмон менен сүйлөшүп келгендин эртеси ушундай сөздүн чыгып жатышы бизге айтылбаган, бизге белгисиз бир курч нерседен келип чыкты деп ойлойм. Мындай билдирүүдөн соң кандайдыр бир чагымчыл аракеттер тутанып кетүү коркунучу жөнүндө айта турган болсом, тилекке каршы, андай болушу да мүмкүн. 2021-2022-жылдардагы жаңжалдардан кийин биз ошондой начар сценарийдин ыктымалдыгын түшүнүп калдык. Кантсе да, андай чагымдарда, кол салууда, ок атууда, биринчи кол салган тарап жоопкерчиликти тартуусу зарыл».
Коңшу өлкөнүн медиа айдыңында дагы Ташиевдин сөзү кызуу талаш-тартыш жаратты.
Тажикстандык саясат таануучу Абдулло Рахнамо «Азаттыктын» тажик кызматына жазган блогунда Ташиевдин «тарыхый жаңы документтер» табылганы боюнча ырастамасына жана Тажикстанга «аймактык доомат коюу тууралуу айтканына өзгөчө көңүл бурулуш керек» деп белгилейт.
«Жогорку кызматтагы кыргыз аткаминеринин соңку билдирүүсүндө айтылган укуктук жана саясий көз карашка, тагырагы анын ондогон же жүздөгөн жылдар мурда Кыргызстандын аймагындагы тилкелер Тажикстанга өтүп кеткенин күбөлөндүргөн “тарыхый жаңы документтер” табылганы тууралуу ырастамасы жана Тажикстанга аймактык доомат коюу тууралуу опузасына өзгөчө көңүл бурулуш керек. Анткени, эгерде маселе мындай жол менен эки тараптуу расмий сүйлөшүүлөрдүн үстөлүнө коюла турган болсо бул эки өлкөнүн ортосундагы чек ара маселелерин чечүүнүн мазмунун жана келечегин толук өзгөртөт. Ошол эле маалда маселени чечүү биротоло туңгуюкка кептейт жана бүткүл Борбор Азия чөлкөмүнүн коопсуздугуна коркунуч жаратат».
Кыргыз-тажик чек арасынын такталбаган тилкелеринде жаңжалдар чыгып турган. Эки коңшу 2021-жылы жана 2022-жылы ири куралдуу кагылышты баштан кечирди. Бишкек менен Дүйшөмбү ал үчүн бири-бирин айыптаган.
Ворух, Мургаб, Жерге-Тал
Чек арадагы тактала элек жерлерге токтолсок, ал аймактар жалаң талаштуу тилкелер. Анын ичинде эки тарап Тажикстандын Ворух анклавынын айланасындагы жерге байланыштуу бир позицияга келе албай жүрөт. Бишкек анклавга кирчү жол – Төрт-Көчө Кыргызстандын жери экенин билдирсе, расмий Дүйшөмбү аны өзүнүкү деп эсептейт.
Союз доорундагы документтерди изилдеп чыккан тарыхчы жана талдоочу Кыяс Молдокасымов «Азаттыкка» эки өлкө чек араны бири-бирине доомат айтпай, түшүнүшүү менен чечүүдөн башка жол жокутугуна токтолот.
«Менин боолгоомдо, коңшулар биздин, Ак-Сай айылынын тегерегин, Ворухтун айланасындагы жана ага кирчү жолдун баарын "бизге өткөргүлө" деген талаптарды коюп жатат. Өткөн жылкы агрессиясында да ошондой талап менен кирген.
Баягы, 275 гектар жерди “бизден ижарага алгансыңар, ал дагы биздики” деп доомат коюп жатышат. Эгерде Тажикстан тарап бизге улам-улам талап коё берсе, анда биз булар союздук макам алган 1929-жылы аларга кошуп берген Жерге-Тал менен Мургабды сурашыбыз керек болуп калат. Себеби, ал жерлер жөн эле келишим менен өткөрүлүп калган, кийин ратификация да болгон эмес. Былтыр Орусия Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы чек ара маселесин чечүүдө ортомчулук кылууну сунуштаганын билебиз. Москва ошондо өз архивинде эки тарапта жок карталар бар экенин билдирип, аларды көтөрөрүн жар салган. Камчыбек Кыдыршаевичтин айтканынан түшүнгөнүбүздөй, мына ушул боюнча архивдик документтер келген окшойт. Айтор эгер дооматтар жөнүндө маселе коё турган болсок, мына ушундай жагдайлар бар. Ошону үчүн чек араны бири-бирибизге катуу доомат айтпай, түшүнүшүү менен чечишибиз керек. Андан башка арга жок».
Тажик бийлиги чек арадагы такталбаган тилкелерди 1924-1927-жылкы карталардын негизинде чечүү позициясын карманып келет. Расмий Дүйшөмбү ал маалда Ворух андагы Кожент облусунун, азыркы Согд облусунун курамында турганын белгилеп, ал анклав болгон эмес деген жүйөнү келтирет.
Бирок ал учурда Кожент облусу өзү Өзбек ССРнин курамында болгон. Ошол эле маалда ал жылдары Тажикстандын Жерге-Тал менен Мургаб аймактары Кыргыз АССРине карап турган. 1929-жылы өз алдынча Тажик ССРи болуп түзүлгөн маалда ага Согд облусу менен Жерге-Тал менен Мургаб аймактары кошулуп берилген.
Так ушул жагдайлардан улам Кыргызстандын бийлиги 1924-1927-жылдардагы документтердин «укуктук күчү жок» деп эсептейт. Расмий Бишкек ошол себептүү талаштарды андан кийинки карталар менен чечүүнү сунуштап келген.
Тагыраагы кыргыз тарап 1956-1958-1961-жылдардагы жана 1989-жылкы документтерге жана карталарга таянат. Себеби, бул жылдары түзүлгөн карталарды паритеттик, же эки тараптан тең куралган комиссиялар чийген. Такталбаган жерлерди эске албаганда бул карталарда иш жүзүндө азыркы ээлеп турган аймактар бекитилген.
Адистер белгилегендей, эгер 1924-1927-жылдардагы карталарга таянып, чечим чыгарыш керек болсо анда Дүйшөмбү Ворух маселесин, ал эми Бишкек Жерге-Тал менен Мургаб маселесин козгой берет.
Кыргызстандын мурдагы президентинин эл аралык саясат бөлүмүнүн башчысы Данияр Сыдыков «Азаттыкка» буга чейин берген комментарийинде 1927-1929-жылдардагы макулдашылбаган картага таянуу менен Дүйшөмбү «соңку базалык келишимдерди бузуп жатканын» белгилеген:
«Бүгүнкү күнү тажик тарап 1924-жылдагы эски картага жана ага байланыштуу чечимдерге таянып, жер тилкелерине доомат артып, шарттарды коюп жатат. Мына ошол карта боюнча азыр Тажикстандын курамында турган Мургаб менен Жерге-Тал деле кыргыздын жери болчу. Анда баш-аягы 60 миң чарчы чакырымдан ашуун жер аянты турат. Эгерде биз алардын тили менен сүйлөсөк, анда мына ошол аймактарды кайтарууну талап кылып туруп алсак, туура болобу? СССР тарап, КМШ түзүлгөндө ага кирген мамлекеттер мына ушуга окшогон жер дооматтары болбосун деген максатта Алматы декларациясына кабыл алган. Ага азыркы тажик президенти Эмомали Рахмон дагы кол койгон. Мына ошондо союздук республикалардын ортосундагы чек араларды негиз катары алып, алардын бузулбастыгын, аймактык бүтүндүгүн тааныган жыйынтыкка келишкен. Ал эми эки ортодогу чек ара сызыктарын тактоо мына ошол базалык келишимдердин негизинде күч менен эмес, эки тараптуу тынч сүйлөшүүлөр аркылуу жүргүзүлө турганы көрсөтүлгөн. Ал мезгилде тажик тараптын бизге аймактык дооматы бар болсо, анда ошол декларациялар менен келишимдерге кол койбойт болчу. Азыр болсо мына ошол келишимдер бузулуп жатат».
2021-жылы 26-мартта Бишкекте басма сөз жыйынын өткөргөн маалда УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиев Тажикстанга Ворух анклавын башка жерге алмаштыруу сунушу берилгенин айткан. Бирок Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон дароо Ворухка иш сапар менен келип, «Ворух эч качан башка жерге алмашылбай турганын» билдирген.