«Унаа» мамишканасы ИИМдин түзүмүнөн чыгарылып, өз алдынча агенттик болуп түзүлөт 

Президенттин администрациясынын маалыматтык саясат бөлүмүнүн башчысы Дайырбек Орунбеков «Унаа» мамлекеттик ишканасы ИИМдин түзүмүнөн чыгарылып, көз карандысыз агенттик болуп түзүлүп жатканын билдирди. Бул тууралуу ал 25-сентябрда Фейсбук барагында айтты.  

Орунбековдун айтымында, президент Садыр Жапаров тийиштүү жарлыкка кол койгон. Орунбеков эмне үчүн мындай өзгөртүүлөр болуп атканын да түшүндүрдү. 

Орунбеков билдиргендей, эми «Унаа» агенттиги Бишкекте, Ошто жана өлкө боюнча 40 райондо өз автомектептерин ачып, курсанттарга транспорттун ар башка түрүн башкарууну үйрөтөт. 

«Улуу муундагылар жакшы билсе керек, союз мезгилиндеги ДОСААФтын иштөө принциптерин, эми алар автоунааны башкарууну өздөштүрүү бөлүгүндө колдонулат. Жеңил унаадан тартып, оор жүк ташуучу унаалар, тийиштүү эмерек-инвентарлар менен жабдылып, практикалык көндүмдөргө басым жасалат», — деп жазды Орунбеков.

Андан тышкары, жарандар жашы жете элек балдары унааны башкарганды үйрөнүшү үчүн аларды райондордогу автомектептерге үч айлык айдоо курстарына жөнөтө ала тургандай шарт түзүлөт дейт Орунбеков. 

«Жер жерлерде мектеп ачуу зарылдыгы биринчи кезекте жол кырсыктарынын көбөйүшүнөн, көпчүлүк айдоочулар жол кыймылынын эрежелерин билбегендиктен, айдоочулук күбөлүктөрдүн көзөмөлсүз берилишинен улам мамлекет ушундай чечимге келди.Ошондуктан мамлекет башчыбыздын чечими менен ар бир райондо автомектептер ачылуу алында турат. Ал жакта ар бир каалоочу окуулардан өтүп, окуулар, окуучулардын экзамендерди тапшыруусу мамлекеттин көзөмөлүндө болот. Унаа башкарууну же жол кыймылынын эрежелерин толук өздөштүрбөй туруп айдоочулук күбөлүктөрдү ала алышпайт», — деп түшүндүрдү Орунбеков.

Маалыматтык саясат бөлүмүнүн башчысы мурда ата-энелер 18ге толгон балдарына унаага кошуп айдоочулук күбөлүк сатып берген фактылар болгонун белгиледи. Ошондой эле ал азыр деле окууга тапшырып коюп, айдоочулук күбөлүк алуу сынактарынан өтпөй калган учурлар бар экенин кошумчалады.  

«Союз кезинде окуп күбөлүк алгандар жакшы билет, айдоо эреже ыкмаларын толук өздөштүрмөйүн айдоо укугуна ээ боло алышкан эмес. Эми мамлекет унаа башкарууну олуттуу көзөмөлгө алып, союз кезиндегидей принциптер менен окутуп, ал үчүн шарттарды түзүп, кам көрөт», — дейт ал.

«Унаа» мамлекеттик мекемеси ИИМдин карамагына 2022-жылдын декабрында өткөн. Ошол кезде мындай чечимди «КРда жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу боюнча кечиктирилгис чаралар жөнүндө» жарлык кол коюу менен президент Садыр Жапаров кабыл алган.