Төрөбаев: Жарандык авиация мамлекеттик агенттигине ЕБдин «кара тизмесинен» чыгуу үчүн жол ачылды

Кыргызстандын Жарандык авиация мамлекеттик агенттиги Эл аралык жарандык авиация уюмунун (ИКАО) аудиттинен ийгиликтүү өттү. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев Кыргызстандын жарандык авиациясынын 90-жылдыгына арналган салтанаттуу аземде билдирди. 

Анын айтымында, бийлик коопсуздук жана сапат жагынан эл аралык стандарттарга жооп берген кызмат көрсөтүүлөргө жетүү үчүн «алгылыктуу иштерди» жүргүзүп жатат, ал эми кыргыз авиациясынын аудиттен ийгиликтүү өтүшү Евробиримдиктин «кара тизмесинен» чыгууга өбөлгө болот.

«Өзүңүздөр билгендей, бул – Кыргызстан үчүн өтө маанилүү. Анткени Эл аралык жарандык авиация уюмунун аудитинен өтүү менен, Кыргызстандын авиация тармагы бардык эл аралык стандарттарга жана талаптарга жооп бере тургандыгын тастыктады. Бул аракеттерибиз Евробиримдиктин “кара тизмесинен” чыгууга өбөлгө болот. Белгилүү болгондой, Кыргызстан 2006-жылдан бери ушул “кара тизмеден” чыга албай келген», — деди Төрөбаев.

Бакыт Төрөбаев Кыргызстандын жарандык авиациясынын 90-жылдыгына арналган салтанаттуу аземде. Сүрөт: Минкабдын басма сөз кызматы.

Минкабдын башчысынын орун басары мамлекет «жарандык авиациянын инфратүзүмдүк базасын жакшыртууга жана заманбап технологиялар менен камсыз кылууга олуттуу жана чечкиндүү кадамдарга» барып жатканын белгиледи. Ал «Манас» эл аралык аэропортунун базасында «Асман Эйрлайнс» көмөкчү авиакомпаниясы түзүлүп, аймактарда аэпропорттордун инфраструктуралары жакшыртылып, аэробекеттердин жаңы имараттары курулуп, ошондой эле бир топ жаңы эл аралык авиабагыттарды ачуу боюнча иштер жүргүзүлүп жатканын айтып берди.

Кыргызстандын жарандык авиация департаменти менен жергиликтүү авиакомпаниялар 2006-жылдан бери Евробиримдиктин «кара тизмесинде» турат.

Эл аралык жарандык авиациянын эксперттери ал учурда республиканын мыйзамдык базасы эл аралык ташуулардын стандарттарын сактоого мүмкүндүк бербегендиктен, анын ичинде дүйнөлүк стандарттар менен учуу алдындагы коопсуздук талаптарына жооп бербегендиктен улам ушундай чечим кабыл алган.  

Ал эми 2023-жылдын башында Жарандык авиация мамлекеттик агенттиги Евробиримдиктин «кара тизмесинен» чыгуу боюнча иш-чаралар планы иштелип чыкканын билдирген.