7-октябрда кыргызстандык эркин күрөш боюнча балбандар Орозобек Токтомамбетов менен Айаал Лазарев Кытайдын Ханчжоу шаарында өтүп жаткан Азия оюндарында коло медаль утту.
Токтомамбетов 74 килограммга чейинки салмакта күч сынашып, 3-орун үчүн болгон беттеште тажик балбанын 4:2 эсебинде утуп, коло медалдын ээси болду.
Ал эми Лазарев 125 килограммга чейинки салмакта беттешип, коло медаль үчүн болгон таймашта өзбекстандык атаандашын жеңди.
Эки балбандын байгесин кошкондо 19-жайкы Азия оюндарында кыргыз курамасы жалпы 15 медаль жеңди. Бул жолку Азия оюндары Кыргызстандын тарыхындагы эң ийгиликтүү оюн болуп калды.
Учурда улуттук кураманын куржунунда 4 алтын, 2 күмүш жана 9 коло медаль бар.
Алтын медаль алган спортчулар:
- Эрлан Шеров (дзюдо);
- Айпери Медет кызы (кыз-келиндер күрөшү);
- Жоламан Шаршенбеков (грек-рим күрөшү);
- Акжол Махмудов (грек-рим күрөшү).
Күмүш медаль алган спортчулар:
- Нурзат Нуртаева (кыз-келиндер күрөшү);
- Адилет Шадыканов (карате).
Коло медаль алган спортчулар:
- Аманбеков Авазбек (ушу саньда);
- Аманкулов Темирлан (ушу саньда);
- Сардана Трофимова (кыздар арасында марафон дициплинасы);
- Айсулуу Тыныбекова (кыз-келиндер күрөшү);
- Кымбат Тойтонова (карате);
- Раззак Бейшекеев (грек-рим күрөшү);
- Назим Нурланов (карате-до).
23-сентябрда башталган Азия оюндары 8-октябрда аяктайт. Ага 45 өлкөдөн келген 12 миң 500гө чукул спортчу катышып, спорттун 40 түрү боюнча ат салышты.