Балдарга сексуалдык зомбулук көрсөткөн 60 жаштан ашкан эркектерди өмүр бою кесүү сунушталды

Жогорку Кеңеште балдардын жыныстык кол тийбестигине жана жыныстык эркиндигине каршы жасалган кылмыштар үчүн, анын ичинде жашы 60тан өйдө адамдарды өмүр бою эркинен ажыратуу сунушталды. 

Бул боюнча мыйзам долбоору депутат Марлен Маматалиев демилгеледи. Документ 6-октябрдан тартып парламенттин сайтында коомдук талкууга коюлган

Бишкектин Свердлов райондук сотунун имаратынын алдында 2022-жылдын 8-июлунда балдарга жана аялдарга карата зомбулукка каршы өткөн митинг. Сүрөт: Алымбек Кенешов / Kloop.

Эл өкүлүнүн маалыматына ылайык, акыркы жылдары республиканын аймагында баланын жыныстык кол тийбестигине жана жыныстык эркиндигине каршы жасалган кылмыштардын саны бир нече эсе өскөн. 

Буга байланыштуу депутат Кылмыш-жаза жана Жазык-процессуалдык кодекстерине өзгөртүүлөрдү киргизүүнү сунуштап жатат. 

Кылмыш-жаза кодексинин азыр колдонууудагы редакциясында, өмүр бою эркинен ажыратуу жазасы кылмышты 18-жашка чейинки куракта жасаган аялдарга жана кылмыш жасаган учурунда жашы алтымышка келген эркектерге колдонулбайт. 

Мындан тышкары, сот жазаны дайындабастан айыптоо өкүмүн чыгарат, эгерде айыптоо өкүмү чыгарылган учурга карай төмөнкүлөр орун алса:

  • адам жаза өтөөгө жолтоо боло турган оор дарт менен ооруп калган болсо;
  • адамды ошол кылмышы үчүн кылмыш жоопкерчилигине тартуунун эскирүү мөөнөтү өтүп кетсе. 

Мыйзам долбоорунун демилгечиси аталган ченемдерди балдардын жыныстык кол тийбестигине жана жыныстык эркиндигине каршы кылмыш жасагандыгы үчүн күнөөлүү деп табылган адамдарга жайылтпоону сунуштап жатат. 

«Эркиндигинен ажыратуучу жерлерден бошогон көптөгөн соттолгондор ошол кылмышты жасаган учурда өзүнүн жаш курагына карабай, кайрадан эле ошо мурда жасаган кылмыштарындай кылмыштарды жасап жатканын тажрыйба көрсөтүп келет», — деп белгиленет мыйзам долбоорунун маалымкат-негиздемесинде