Кытай, Индиянын атайын категориядагы жарандары өлкөдө жети күнгө чейин визасыз жүрө алат

Тышкы иштер министрлиги 16-октябрда Кыргызстанга кирүүнүн айрым шарттары сакталган учурда, Индия жана Кытайдын жарандары үчүн 7 күнгө чейинки мөөнөткө визасыз режим киргизе турганын билдирди

Анда Индия жана КЭРдин жарандары — АКШ, Улуу Британия жана Шенген зонасы сыяктуу өлкөлөрдүн узак мөөнөттүү көп жолку визаларынын ээлерине — өлкөдөн чыгып кеткен күндөн тартып 21 күн өткөндөн кийин, кайра кирүү укугу менен, 7 күнгө чейинки мөөнөткө визасыз режим каралган.

Кытай Эл Республикасынын Макао жана Гонконг атайын административдик райондорунун туруктуу жашоочулары үчүн, кайра учуп кете турган авиабилети  бар болгон учурда, 30 күнгө чейинки мөөнөткө визасыз режим киргизилет. Аларга Кыргызстандан чыккан күндөн тартып 30 күн өткөндөн кийин кайра кирүү укугу берилет.

Мындай чечим минкаб тарабынан мындан ары виза режимин либералдаштыруу үчүн кабыл алынганы белгиленет. Ошондой эле ТИМден визасыз режимди киргизүү туристтик агымдарды андан ары стимулдаштырууга жана Кыргызстанга инвестициялык жана ишкердик жагымдуулугун жакшыртууга багытталганы баса белгиленет. 

Башкы бетте иллюстрациялык сүрөт.