Мэрия Ош базары менен автобекеттин жаңы иштелип чыккан долбоорун жарыялады

«Бишкек башкы архитектура» ишканасынын адистери жаңы автобекет менен Ош базары жайгаша турчу көп функционалдуу шаарчанын долбоорун иштеп чыкты. Бул тууралуу 20-октябрда мэриядан билдиришти.

Маалыматка караганда, шаарча борбор калаанын түндүк тарабына, Сокулук районундагы Фучик жана Василевский Тракт көчөлөрүнүн боюна курулат.

Долбоордо шаарчаны төрт аймакка бөлүү каралган — көп кабатуу үйлөр, Ош базары, Volvo электр унаасын тейлеген аймак жана автобустарды тейлеген автобекет.

Аны менен катар, долбоордо Фучик көчөсү менен Василевский Тракт магистралынан 60 метр жер тилкеси жашылдандыруу үчүн бөлүнгөнү айтылат.

Буга чейин калаа мэри Эмилбек Абдыкадыров Ош базары, батыш жана чыгыш автобекеттерин шаардын сыртына көчүрүү пландалып жатканын айткан. Ал сунушту президент да колдогонун белгилеген. Курулуш иштери 2024-жылдын жазында башталары күтүлүүдө.