Садыр Жапаров эки спортчуга батир белек кылды

Президент Садыр Жапаров спортчулар Нурдин Рустамбек уулу жана Амантур Исмаиловго батирдин ачкычын тапшырды. Бул тууралуу «Кабар» маалымат агенттиги кабарлады

Нурадин Рустамбек уулу — боксчу жана жаштар арасында Азиянын эки жолку чемпиону, ал эми Амантур Исмаилов грек-рим стилиндеги спортчу жана Дүйнө чемпионатынын коло байге ээси.

Жалал-Абад шаарындагы «Курманбек» стадионунда Шаар күнүнө арналган салтанаттуу иш-чаранын жүрүшүндө Жапаров спортчулардын талыкпаган эмгегин баалоо, колдоо — мелдештерде жеңишке жетүү, жаштарды спортко тартууну пропагандалоо максатында жасалып жатканын белгилеген.