Кумтөрдө оор жүк ташуучу унаанын 35 жаштагы айдоочусу каза болду

Иллюстративдик сүрөт.

28-октябрда «Кумтөр Голд Компани» ишканасы Кумтөр кенинде оор жүк ташуучу унаанын 35 жаштагы айдоочусу каза болгонун кабарлады.

Маалыматта кызматкердин эмне себептен каза болгону айтылган жок. Учурда адам өлүмүнө алып келген кырсыктын себептери иликтенип жатат.

«“Кумтөр Голд Компанинин” жетекчилиги жана эмгек жамааты каза болгон кызматкердин үй-бүлөсүнө жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтат. Кызматкердин үй-бүлөсүнө тийиштүү көмөк көрсөтүлүп, материалдык жардам берилет», — деп билдиришти ишканадан.

Кырсыктын себептери боюнча иликтөөнүн жыйынтыгы менен кошумча маалымат берилери айтылды.