Корея Кыргызстанга 56 миллион сомго медициналык жабдууларды алып берди

Саламаттык сактоо министрлиги Кореянын Эл аралык кызматташтык агенттиги (KOICA) жалпы наркы 56 миллион сомдон ашык каражатка 14 даана медициналык жабдуу алып бергенин маалымдады.

Жабдууларды тапшыруу аземи 30-октябрда Мамбет Мамакеев атындагы Улуттук хирургия борборунда өттү. Демилге COVID-19 пандемиясын жөнгө салууга багытталган «Кызматташтыкты өнүктүрүү» программасынын алкагында ишке ашты.

Иш-чарага Кореянын элчиси, KOICA уюмунун директору, саламаттык сактоо министринин орун басары жана Улуттук хирургия борборунун жетекчилиги катышты.

«Көп жылдык кызматташтыктын жүрүшүндө корей тарап Кыргызстанга долбоорлор аркылуу колдоо көрсөтүп келет. Сатып алынган аппараттар ишти бир кыйла жакшыртып, калкка медициналык жардам көрсөтүүнүн сапатын жакшыртат», — деди министрдин орун басары Айжамал Шамбетова.

Министрликтен жабдуулар аймактагы саламаттык сактоо уюмдарына өткөрүлүп берилгенин белгилешти. Жети даан рентген-аппараты Ош, Чүй, Нарын облустары жана Бишкек шаарындагы ооруканаларга тапшырылды.

Алты УДИ аппараты Бишкек шаары, Нарын жана Чүй облусундагы үй-бүлөлүк медицина борборлоруна, тез жардам ооруканаларына берилсе, бир даана офтальмикалык лазер борбор калаадагы Эндокринологиялык борборго тапшырылды. 

Буга чейин, апрель айында Корея өкмөтү Өзгөчө кырдаалдар министрлигине төрт тез жардам унаасын тапшырган болчу.

ТЕМА БОЮНЧА: 

Бишкек: Кореядан келген дарыгерлер тургундарды акысыз кароодон өткөрүшөт

Корея өкмөтү Өзгөчө кырдаалдар министрлигине 4 тез жардам унаасын тапшырды