Спортчу Акназар Кенжебаев шахбокс боюнча дүйнө чемпионатында алтын медаль утту 


Кыргыз спортчусу Акназар Кенжебаев шахбокс боюнча дүйнөлүк чемпионатта 90 килограммга чейинки салмак категориясында күч сынашты. 

Алгач чейрек финалда түркиялык, жарым финалда франциялык спортчу менен беттешти. Ал эми 2-ноябрда өткөн финалдык беттеште орусиялык атаандашын жеңип, шахбокс боюнча дүйнө чемпиону болду.  

Шахбокс боюнча дүйнө чемпионаты 28-октябрдан 2-ноябрга чейин Италиянын Риччоне шаарында өттү.

Шахбокс — бокс менен шахматтын биригүүсүнөн келип чыккан оюн. Рингдин жанына шахмат тактасы да коюлуп, мушкерлер бири-биринин күчү менен катар акылын да сынашат. Оюн жалпы 11 раунддан туруп, анын 5 раундун шахмат ойноп, 6 раунду бокс менен өткөрүшөт. 

Шахматта ар бир партияга 4, ал эми ар бир раундга 2 мүнөт берилет. Акырында биринчи болуп мат койгон же нокаутка учураткан мушкер жеңип чыгат. 11 раундда тең жеңүүчү аныкталбай калса, калыстар жеңүүчүнү алардын упайларына карап аныкташат.