Бишкек мэри калаадагы тротуарларды «тез арада» бүтүрүүнү тапшырды

Бишкектин жаңы мэри Айбек Жунушалиев жалданмачы уюмдарды калаанын көчөлөрүндөгү тротуарларды оңдоо иштерин «тез арада бүтүрүүнү» тапшырды. Эгерде оңдоо иштери өз убагында бүткөрүлбөсө, райондук администрациялардын башчылары ээлеген кызматынан бошотулуп, жалданмачы уюмдарга айып салынат. 

Калаа муниципалитетинин басма сөз кызматы билдиргендей, Жунушалиев борбор калаадагы тротуарларды оңдоо маселесин иликтей турган комиссия түзүүнү тапшырды.

Анын ишинин жыйынтыгы боюнча мэрдин орун басары Максатбек Сазыкуловду, «Бишкекасфальтсервис» муниципалдык ишкананын директору Турусбек Түмөнбаевди, «Бишкекасфальтсервис» муниципалдык ишканасынын башкы инженери Урматбек Шаршеналиевди тартиптик жоопкерчиликке тартуу боюнча сунуштар киргизилиши керек.

«Борбор калаанын мэри тиешелүү кызматтардын жетекчилерине, акимдерге жана “Бишкекасфальтсервис” муниципалдык ишканасынын жетекчилигине курулуш мөөнөтүнүн сакталышын көзөмөлгө алуу боюнча бир катар тапшырмаларды берди. Ошондой эле эле ар бир көчөдө аткаралып жаткан иштердин сапаты үчүн ар бир жетекчинин жоопкерчилигин эскертти. Берилген тапшырмалардын арасында жалданмачылар жумуш жүрүп жаткан көчөлөргө атайын белгилерди орнотуу, тиешелүү муниципалдык кызматтар кызыл сызыктан өтүп кеткен чарбалык субъекттердин укук белгилөөчү документтерин текшериши керектиги айтылган», — деп айтылат мэриянын пресс-релизинде.

Ошондой эле Жунушалиев тротуарларда учурда жасалып жаткан  иштер аяктамайын башка көчөлөрдү казуу иштерин жүргүзбөөнү тапшырды.