Саясий жана диний ишмердүүлүк менен бирдей алектенүүгө тыюу салуу сунушталды

Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссия депутаттар менен саясий партияларга тиешелүү бир катар мыйзамдарга өзгөртүүлөрдү киргизүүнү сунуштады. Тийиштүү токтомдун долбоору 11-ноябрда koomtalkuu.kg порталында коомдук талкууга коюлду

Алсак, «Саясий партиялар жөнүндөгү» мыйзамга түзөтүүлөрдү киргизип, республиканын аймагында төмөнкүлөргө тыюу салуу сунушталууда: 

  • чет мамлекеттердин саясий партияларын, ошондой эле алардын бөлүмдөрүн түзүүгө;
  • диний негизде саясий партияларды түзүүгө, ошондой эле саясий партиялардын диний иштерге катышуусуна.

Ошондой эле үгүт иштеринде жана партиянын аталышында диний тематикадагы түрдүү маалыматтар менен сүрөттөрдү колдонууга тыюу салуу сунушталып жатат. Мындан тышкары, саясий партиялардын ишмердүүлүгүн диний субъектилер тарабынан каржылоого тыюу салуу пландалып жатат.

Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссия Жогорку Кеңештин жана жергиликтүү кеңештин депутаттарына эл өкүлдүк ыйгарым укуктарын диний ишмердүүлүк менен айкалыштырып, бирдей алектенүүгө тыюу салууну да сунуштады. Буга кошумча, ЖК жана жергиликтүү кеңештердин депутаттыгына диний ишмерлердин шайлануусуна дагы тыюу салуу сунушталууда. 

Мындан сырткары, төмөнкүлөр үчүн айып киргизүү пландалууда: 

  • диний багыттагы объекттерде шайлоо алдындагы үгүттү, чогулуштарды жана саясий мүнөздөгү башка иш-чараларды өткөргөн жеке жактарга 5500 сом, ал эми юридикалык жактарга 17 миң сом;
  • диний уюмдардын же алардын өкүлдөрүнүн мамлекеттик бийлик, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана алардын кызмат адамдарынын ишине кийлигишкен жеке жактарга 5500 сом, ал эми юридикалык жактарга 17 миң сом;
  • диний иштин субъекттери тарабынан саясий партиялардын ишин каржылаган жеке жактарга 5500 сом, ал эми юридикалык жактарга 17 миң сом.

Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссия өзүнүн токтом долбоорунун маалымкат-негиздемесинде демилгенин максаты «диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясаттын ырааттуулугун камсыз кылуу жана мыйзам базасын өркүндөтүү» экенин белгиледи.