Коомдук жайларда узун сакал өстүрүп, бети-башын жаап кийингендерге айып салуу сунушталды

Депутат Шарапаткан Мажитова коомдук жайларда узун сакал өстүрүп жана бетин жаап, чүмкөнгөндөргө айыппул салууну сунуштады. Тийиштүү мыйзам долбоору 14-ноябрда коомдук талкууга коюлду.  

Депутат Укук-бузуулар жөнүндөгү кодекстин 127-беренесине эки жаңы пункту: «Коомдук жайларда адамдын жана жарандын инсандыгын идентификациялоо» жана «Коомдук жайларда узун сакалчан жүрүү» жөнүндө киргизүүнү сунуштап жатат.

Мыйзам долбооруна ылайык, коомдук жайлардагы жарандардын өздүгүн идентификациялоону камсыз кылуу үчүн ачык болушу керек. Буга убактылуу эмгек же кызмат иши менен алектенген адамдар, ошондой эле дипломатиялык статусу бар чет ɵлкɵлүк жарандар гана кирбейт. 

Жүзүн жаап кийинген же узун сакал өстүргөндөргө 2 миң сом (20 эсептик кɵрсɵткүч) өлчөмүндө айыппул салуу же болбосо 30 саатка чейинки мɵɵнɵткɵ коомдук иштерге тартуу сунушталып жатат. Эгер жаза чаралары колдонулгандан кийин кайталап жасалган болсо, 4 миң сом айып пул салынат же 40 саатка чейин коомдук иштерге тартылат.  

Мыйзам долбоордун маалымкат-негиздемесинде документ жарандардын өздүгүн идентификациялоо максатында коомдук жайларда алардын кийимин жана сырткы көрүнүшүн жөнгө салууга багытталганы белгиленет.

Депутаттын айтымында, мыйзам долбоорунун максаты адамдын өздүгүн идентификациялоо жана өлкөдө коомдук коопсуздукту камсыздоо болуп саналат. 

Мажитованын пикиринде, айрым коомдук жайларда паранжа кийүүгө тыюу салуу жарандардын жүрүү жана дин тутуу эркиндигине болгон укуктарын чектебестен, коопсуздукту жана коомдук тартипти камсыз кылууга жардам берет.

Ошондой эле ал, мыйзам долбоор социалдык-маданий гармонияга жетүүгө мүмкүндүк берет деп эсептейт.

«Мыйзам долбоору диний ынанымдарды урматтоо менен коомдук коопсуздукка болгон муктаждыктын ортосундагы тең салмактуулукту түзүүгө багытталган. Ал жарандык эркиндиктин негизги принциптерин жана коомдук коопсуздуктун жана коомдук жайларда инсандыкты идентификациялоо эрежелерин сактап, диний ынанымдарын көрсөтүү укугун эске алуу менен калктын түрдүү топторунун гармониялуу жанаша жашоосуна багытталган», — деп айтылат документте. 

Буга чейин эле депутат Шарапаткан Мажитова паранжа маселесин көтөргөн. Парламенттин 6-сентябрдагы жыйынында ал күндөн-күнгө паранжа кийген аялдардын саны өсүп бараткандыктан мамлекет тараптан чара көрүлүшү керектигин айтып чыккан.   

Башкы бетте иллюстрациялык сүрөт.