Аалымдар кеңеши: Кийинүү жана сакал коюу маданиятын агартуу жолу менен чечүү керек

Кыргызстандын мусулмандар дин башкармалыгынын Аалымдар кеңеши исламда кийинүү маданиятын жана сакал коюу адептерин агартуу, түшүндүрүү жолу менен чечүү максатка ылайык деп эсептейт. Аалымдар кеңеши мындай билдирүүнү коомдук жайларда узун сакал өстүрүп жана бетин жаап, чүмкөнгөндөргө айыппул салуу жөнүндөгү мыйзам долбоорунан улам айтып чыгышты

Билдирүүдө шариятта аялдар үчүн колу (алаканы), буту (тамандан кызыл ашыкка чейин) жана жүзү (чач жана ээкке чейин) ачык жүрүүгө уруксат берилгени белгиленет. Калган дене мүчөлөрү аял үчүн аврат деп эсептелет жана ал хижаб менен жабылышы керек. 

«Бирок никаб (паранжа) парз эмес. Азыр хижабдын деңгээлине да жете албагандар арбын. Андыктан хижаб негизги парз. Хижабдын белгилүү бир формасы жок болгондуктан, аалымдар ар бир адам өзү жашаган мамлекеттин каада-салттарына дал келгендей кийинүүсү туура деп эсептешет», — деп айтылат маалыматта. 

Ааламдар кеңеши сакал коюу сүннөт экенин да белгилешти.
«Исламда кийинүү маданиятын жана сакал коюу адептерин агартуу, түшүндүрүү жолу менен чечүү максатка ылайык деп эсептейбиз», — деп аяктай Аалымдар кеңешинин билдирүүсү. 

Күн мурун парламенттин депутаты Шарапаткан Мажитова коомдук жайларда узун сакал өстүрүп жана бетин жаап, чүмкөнгөндөргө айыппул салган мыйзам долбоорун сунуштаган. Тийиштүү мыйзам долбоору коомдук талкууга коюлган.

Депутат жүзүн жаап кийинген же узун сакал өстүргөндөргө 2 миң сом (20 эсептик кɵрсɵткүч) өлчөмүндө айыппул салуу же болбосо 30 саатка чейинки мɵɵнɵткɵ коомдук иштерге тартууну сунуштаган. Ошондой эле ал эгер жаза чаралары колдонулгандан кийин кайталанса, 4 миң сом айып пул салуу же 40 саатка чейин коомдук иштерге тартууну айткан.  

Депутаттын айтымында, мыйзам долбоорунун максаты адамдын өздүгүн идентификациялоо жана өлкөдө коомдук коопсуздукту камсыздоо болуп саналат.