Жалал-Абадда таштанды таштоочу жайдан ымыркай табылып, 18 жаштагы шектүү кармалды

Иллюстративдик сүрөт

Жалал-Абад шаарынын Спутник кичи шаарчасындагы таштанды таштоочу жайдан жаңы төрөлгөн ымыркай табылды. Бул тууралуу «Клоопко» 20-ноябрда Жалал-Абад ОИИБден билдиришти. 

Маалыматка ылайык, ымыркай 18-ноябрь саат 08:40та табылган. Аны таап алган тургун менен милиция кызматкери ымыркайды төрөт үйүнө алып барышкан. Текшерүүдө анын денеси муздап, абалы оор экенин айтышкан.

Бул факт Жалал-Абад шаардык ички иштер башкармалыгына каттоого алынып, шектүү катары Базар-Коргон районунун 18 жаштагы тургуну кармалды. 

Териштирүүнүн алкагында шектүү таштанды таштоочу жайга жакын жердеги батирде убактылуу жашап жатканы аныкталган. Ал ошол эле күнү саат 07:30 чамасында батиринин жуунучу бөлмөсүндө кыз төрөп, «коркконуна байланыштуу» ымыркайды жаш баланын кийимине ороп, таштанды таштоочу жайга таштап салган. 

Учурда ымыркай тирүү. Текшерүү иштери уланууда.

Буга чейин, 9-ноябрда Бишкектин Түштүк-2 кичи районундагы таштанды челектердин биринен жаңы төрөлгөн ымыркай табылган. Ал эми 20-ноябрда Арча-Бешик конушунда үйлөрдүн бирине жакын жерден баштыкка оролгон кутудан жаңы төрөлгөн ымыркай табылып, төрөт үйүнө өткөрүлүп берилген.

Аталган фактыларга байланыштуу 20 жана 21 жаштагы шектүүлөр кармалышкан. Учурда алардын ишин териштирүү жүрүп жатат. 

Укук коргоочу, «Балдардын укугун коргоо» лигасынын жетекчиси Назгүл Турдубекова ташталган баланын атасы да жоопкерчиликке тартылышы керектигин айткан.

«Азыр коом энени гана күнөөлөп, жаман сөздөрдү айтып, жазып, окуяны талкуулап атат. Бирок алардын бири да ошо баланы жасаган ата тууралуу айткан жок. Кана атасы? Ал ким? Балким ал байкуш кызды күчкө салып зордуктап койгон? Балким ал кызды алдаган? Эмне үчүн биз бул тууралуу унчукпайбыз? Эмнеге милиция бир гана энесин таап, аны жазага тартышы керек?» — деген ал.

ТЕМА БОЮНЧА:

Бишкекте көчөгө ташталган дагы бир ымыркай табылып, 20 жаштагы шектүү кармалды

Бишкек: Таштанды челектен табылган ымыркай №1 төрөт үйүнө өткөрүлүп берилди

Баласын таштандыга калтырууга шектелген аял тил каттын негизинде бошотулду