Материалдын түп нускасын «ПолитКлиника» басылмасынын сайтынан окуй аласыз.
«Кыргызстан Орусия менен биригиши керек», «террористтер кол салышы мүмкүн»», «түштүктүк саясатчы», «орус тилин дискриминация кылган нацист». Мындай маңыздагы билдирүүлөр кыргыз социалдык медиасында 2021-жылдын ортосунан бери интенсивдүү тарай баштады. Аларды социалдык тармактардагы жана мессенджерлердеги бир канча баракча жана канал жарыялап келет.
«ПолитКлиника» медиасынын дата-журналисттери мындай билдирүүлөрдү тараткан Фейсбуктагы «Салам Кыргызстан», «Тентек кыз», «Две точки зрения» баракчаларынын жана Телеграмдагы «Полит Ломбард» каналынын контенине анализ жүргүзүп, алар Орусиянын Кыргызстандагы жана жалпы эле Борбор Азиядагы таасирин күчөтүүгө багытталганын аныктады.
Биз жогоруда аталган баракчаларда 2022-жылдын январынан 2023-жылдын февраль айына чейин жарыяланган 5 миңге жакын билдирүүнү талдап чыктык. Алардын ичинен ар бир бешинчи билдирүү Орусиянын Кыргызстандагы таасирин күчөтүүгө жана СССРге карата сагыныч, эңсөө сезимин ойготууга багытталган.
Орусиянын таасирин күчөтүү көбүнчө аталган өлкө курамында болгон Евразиялык экономикалык биримдик (ЕАЭБ), Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим уюмунун (ЖККУ) жана Кыргыз-орус өнүктүрүү фондунун ишмердүүлүгүнө басым жасап, алардын маанилүүлүгүн арттыруу менен жүргүзүлөт. Мисалы, ЖККУну Борбор Азия чөлкөмүндө тынчтыкты сактаган жалгыз уюм катары сүрөттөп, анын курамынан чыгуу тууралуу демилгелерди кескин сындайт.
Мындан тышкары, бул баракчалар Кыргызстан менен Орусиянын экономикалык, саясий, аскердик жана маданий кызматташтыгы тууралуу кабарларды байма-бай жарыялап, Орусияны жалгыз күчтүү өнөктөш катары көрсөтөт.
«Орусия Кыргызстандын негизги экономикалык жана гуманитардык өнөктөшү. Өлкөлөр эки тараптуу мамилелерди активдүү өнүктүрүүдө жана көптөгөн ири интеграциялык бирикмелердин, анын ичинде ЕАЭБ, ШКУ, ЖККУ жана КМШнын мүчөлөрү болуп саналат. Акыркы 30 жылдын ичинде миллиондогон кыргызстандыктар Орусияга иштегени кетип, үй-бүлөсүн багуу жана республиканын экономикасына салым кошуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушту».
(2022-06-18 Две точки зрения)
Бул баракчаларда СССРдеги ишмерлер, тарыхый окуялар жана идеология тууралуу дагы билдирүүлөр жарыяланып, Советтер Союзундагы жашоо идеалдаштырылат.
Казакстандык изилдөөчү Айнаш Мустояпова СССРге карата ностальгия ЖМК жана социалдык түйүндөр аркылуу жасалма түрдө жаратылып жатканын айтат.
«Советтер Союзун сагынуу деген нерсе 1990-жылдары, 2000-жылдары болгон эмес. Тескерисинче, чет жакка ээн-эркин чыга аларына, дүкөндөрдө ар түркүн буюмдар, дүйүм жемиш болуп калганына кубангандар аябай көп болгон. Анан эле кайдан-жайдан 2010-жылдан кийин эле Советтер Союзун сагына башташат. Ал сагынычтын баары жасалма түрдө телевизор аркылуу калыптана баштаган. Бул үчүн телевизор, WhatsApp’тан келген рассылкалар, ВКонтакте же Одноклассники сыяктуу социалдык түйүндөр иштеген», — деп билдирген Айнаш Мустояпова.
Улуттук иденттүүлүккө каршы
Убагында Советтер Союзунун курамына кирген өлкөлөрдүн тарыхы дагы СССРдеги көз караш менен берилип, бул өлкөлөрдөгү улуттардын өзүнө кайтуу аракети кескин сынга алынат. Мисалы, СССР учурунда саясий репрессияга дуушар болгон борбор азиялыктар «басмачы», «фашисттердин ортомчулары» деген аталыш менен берилип, Кыргызстанда жана Казакстанда сунушталган репрессиянын курмандыктарын актоо жөнүндө мыйзам долбооруна каршы билдирүүлөрдү таратышкан.
«Кыргызстанда фашисттердин ортомчуларынын реабилитацияланышына жол бербегиле!»
(2023-01-24 Салам Кыргызстан)
Бул баракчалар жогорудагы мыйзам долбоорун демилгелегендерди тепкиге алып, аларды «улутчул», «саткын» деп аташкан. Кыргызстандын мисалында улуттук иденттүүлүккө байланыштуу маселелерди көтөрүп чыкканы үчүн баарынан көп Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев каралоого кабылат.
Белгилей кетсек, парламенттин төрагасы өткөн жылы Элдик курултайда Бишкектеги райондордун аталышын кыргызчалоону сунуштаган. Ошондой эле, ал парламенттин жыйындарында өкмөттүн өкүлдөрүнөн кыргызча сүйлөөнү талап кылган учурлары болгон. Жалпысынан, биз талдаган баракчалар мамлекет жүргүзүүгө аракет кылган тил саясатына жана орус тилинин таасиринин азаюусуна каршы.
Бийликтегилерге карата жасалган эки түрдүү мамиле
Баракчаларда бир гана улуттук иденттүүлүккө байланыштуу эмес, саясий багыты, кабыл алган чечимдерине байланыштуу дагы бийлик башындагы айрым фигуралар системалуу каралоолорго кабылышат. Алсак, УКМК башчысы Камчыбек Ташиев Орусиядан тышкаркы өлкөлөр, анын ичинде Түркия менен активдүү кызматташканы үчүн сын-пикирге кабылат.
УКМК башчысы Камчыбек Ташиевге салыштырмалуу президент Садыр Жапаров орус пропагандасын жайылткан баракчаларда көп тепкиге кабылбайт. Тескерисинче, Жапаров тууралуу «Путиндин жаш кезине окшош», «мыкты президент» деген өңдүү позитивдүү билдирүүлөрдү кездештирүүгө болот.
«Жамандыктын баарына себепкер Батыш»
«Салам Кыргызстан», «Тентек кыз», «Две точки зрения» жана «Полит Ломбард» баракчаларында Кыргызстан саясий, экономикалык багытта кызматташкан кээ бир өлкөлөргө карата негативдүү көз карашты таңуулоо аракети бар. Мисалы, 2022-жылы апрелде АКШдан мамлекеттик катчынын орун басары Узра Зея баштаган делегация Кыргызстанга келип, эки өлкө ортосундагы кызматташтык тууралуу жаңы келишимге кол коюуга даяр экенин билдирген соң бул баракчалар Кошмо Штаттар менен кызматташтыкты жандантуу аракетин Орусияга сапталган бычак катары баалашкан.
«Москва Кыргыз Республикасы менен Америка Кошмо Штаттарынын ортосундагы келишим боюнча жүрүп жаткан сүйлөшүүлөрдү “аркага сайылган бычак” катары баалайт. Орусиянын бул багытта жообу кескин жана кесепеттүү болот».
(2022-04-21 Салам Кыргызстан)
Ошондой эле, Узра Зеянын Борбор Азияга сапары аймакты дестабилизация кылууга багытталган «коркунучтуу сапар» экенин баса белгилешкен. АКШга каршы билдирүүлөр биз талдаган төрт баракчада тең басымдуулук кылат жана дээрлик бардыгы каралоочу мүнөздө.
Ал эми Украинадагы согуш Кремлдин көз карашы жана риторикасы менен берилет.
Билдирүүлөрдө Украинадагы согушту Батыш өлкөлөрү, АКШ жана алар менен кызматташкан Владимир Зеленский баштаганы белгиленип, Орусиянын аракети «неонацизмге каршы операция» катары сүрөттөлөт.
Мындан сырткары, Кыргызстандын түрк тилдүү өлкөлөр, өзгөчө Түркия менен болгон саясий жана экономикалык байланыштары терс мүнөздөлөт. Айрыкча, түрк тилдүү мамлекеттерди бириктирүүнү максаттаган «Туран» идеясын «ишке ашпай турган кыял» катары көрсөтөт. Бул идеяны ачык колдогон Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган көп сынга кабылат.
«Террористтер басып кириши мүмкүн»: коркуу жана бүдөмүк жараткан билдирүүлөр
Бул баракчалар Батыш өлкөлөрүн манипуляциянын «душманды демонизациялоо» ыкмасы аркылуу Борбор Азия чөлкөмүн дестабилизациялоону максаттаган, согушту көздөгөн тарап катары көрсөтөт. Билдирүүлөр «Кыргызстанга террористтер басып кириши мүмкүн», «Батыш Борбор Азияны экинчи Афганистан кылууну көздөйт», «Тажикстан Кыргызстанга Батыштын көрсөтмөсү менен кол салды, дагы салышы мүмкүн» деген риторикада берилет. Бул өз учурунда калк арасында коркуу, бүдөмүк, шектенүү сезимин жаратат.
Мындай билдирүүлөр Орусиянын Борбор Азиядагы таасирин кармап турууга багытталганын байкоого болот. Себеби, көпчүлүк коркуу жараткан жана провокациялык билдирүүлөрдөн кийин Орусия Борбор Азияда тынчтык орнотууга аракет кылган жалгыз досчул өлкө катары сүрөттөлөт. Ал эми Борбор Азия өлкөлөрү, анын ичинде Кыргызстан өзүн коргой албаган, дайыма жардамга муктаж, алсыз өлкө катары пропагандаланат.
«Геосаясий коркунучтар шартында коопсуздук үчүн күрөштө өнөктөштөр менен биримдик эң эффективдүү чечим болуп саналат. Борбор Азия өлкөлөрү үчүн коркунучтарга жалгыз туруштук берүү өтө кыйын. Муну Казакстандагы трагедия ачык далилдеди. Мындан тышкары, аймактык туруксуздукка Ооганстандагы көйгөйлөр жана террордук коркунучтар түрткү болууда. Ооба, батыштык оюнчулар кийинки туруксуздуктун бутасы катары Борбор Азияны тандап алышканын барган сайын ачык айтып жатышат».
(2022-07-13 Две точки зрения)
Ошондой эле провокациялык билдирүүлөрдүн арасында аймак аралык кастыкты козуткан сөздөрдү дагы кездештирүүгө болот. Алсак, «түштүктүк чиновник», «түндүктүк клан» деген өңдүү сөз болуп жаткан адамдын жердигин баса белгилеген учурлар бар.
Жек көрүндү ЖМК, бейөкмөт уюмдар жана активисттер
Биз талдаган баракчаларда Кыргызстандагы көз карандысыз медиалар, бейөкмөт уюмдар жана белгилүү бир активисттердин тобу системалуу каралоого алынат.
Алсак, бейөкмөт уюмдарынын арасынан «Сорос-Кыргызстан», Internews Kyrgyzstan жана эл аралык NED, ЭККУ, USAID уюмдары негативдүү маанайда көрсөтүлөт.
«“Сорос Кыргызстан” жана бейөкмөт уюмдар жаңы ишке киришти. Азыр алар Кыргыз мамлекетинде “стукачтардын” жана чыккынчылардын армиясын түзүп жатышат».
(«Тентек кыз» 2022-08-06)
Ал эми кыргыз ЖМКларынан бул баракчалардын тепкисине кабылгандар — «Азаттык», «Клооп», «Кактус» медиалары. ЖМКларды каралоодо көбүнчө манипуляциянын «күнөөлүү көрсөтүү» жана «ярлык илүү» техникалары колдонулат. Алсак, «Кактус» жана «Азаттык» медиаларын 2022-жылдагы кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжалдарды чагылдырууда Тажикстандын позициясы менен берген деп айыптап, «чыккынчы медиалар» деп аташкан. Ал эми «Клооп» медиасы Батыштын баалуулуктарын жайылткан «бузуку» медиа катары сүрөттөлөт.
«“Азаттык”, "Клооп" жана "Кактус Медиа" маалымат каражаттары АКШ менен Евробиримдиктин акчасына каржыланып, чыңалуунун үстүндө гана иштеп батыштын буйругун аткарып жатышканы бардыгыбызга белгилүү. Ошондуктан аларды жабууга убакыт келди».
(«Тентек кыз» 2022-10-13)
Мындан тышкары, Орусиянын Украинадагы агрессиясын айыптаган кыргызстандыктар дагы бул баракчалардын чабуулуна кабылышат. Мисалы, журналисттер Бектур Искендер, Адил Турдукулов, активист Урмат Жаныбаев Украинага ачык колдоо көрсөткөнү үчүн каралоого туш болушкан.
Кыргызстандагы Орусиянын таасирин азайтуу жана деколонизацияга байланыштуу маселелерди көтөргөн фигураларга карата да бул баракчаларда активдүү каралоо кампаниясы жүрөт. Мисалы, Рита Карасартова, Динара Ошурахунова, Умай Арыкова сыяктуу активисттер Кыргызстанда «русофобияны жайылткан Батыштын агенттери» деп мүнөздөлөт.
Баракчаларды байланыштырган жалпылыктар: Окшош эксперт жана шилтемелер
Биз талдаган төрт баракчаны Орусиянын таасирин күчөтүүгө багытталган билдирүүлөрдү бөлүшүүдөн тышкары дагы бири-бирине байланыштырган жагдайлар бар.
Биринчиси, баракчалар эксперт катары белгилүү бир адамдардын гана пикирин берип, маек алышат.
Алсак, төрт баракча тең Кыргызстандын башка өлкөлөр менен болгон мамилесине, коопсуздук боюнча маселелерде Александр Князев жана Динмухамед Алмамбетовду эксперт катары көрсөтүшкөн. Эң көп Александр Князевге шилтеме берилген.
Александр Князев Кыргызстанда политолог катары белгилүү. Өзгөчө Орусия тараптан каржыланган «Спутник» медиасы Князевдин ойлорун байма-бай берип турат. Кызыгы, Князев 2013-жылы www.rus.kg сайтына «Кыргызстан – жырткыч фашизмдин өлкөсүбү?» деген аталышта материал жарыялап, кыргыз бийлиги менен араздашкан. Кыргызстанга кире албай калгандыгы үчүн ошол учурдагы бийлик өкүлдөрүн Орусиянын күчү менен коркутканы айтылат.
Динмухамед Алмамбетов — коопсуздук боюнча эксперт катары сөз болуп жаткан баракчаларга маек берип, пикирин билдиргендердин бири. Анын басып өткөн жолу тууралуу ачык булактардан маалымат издеп, «Спутник Кыргызстандан» өлкөнүн түштүк жана түндүк региондорундагы аскердик бөлүктөрдө кызмат өтөгөнү гана жазылган кыска биографияны таба алдык. Ошондой эле, Алмамбетов 2021-жылы «Эл үмүтү» партиясы менен парламенттик шайлоого катышкан.
Кызык жагдай — биз талдаган баракчаларда «Эл үмүтү» партиясынын лидери Алмаз Аскар уулун алдыга сүрөгөн билдирүүлөрдү дагы көп кездештирүүгө болот.
Ошондой эле баракчаларда «эксперттердин айтымында» деген өңдүү ким экени белгисиз анонимдүү эксперттерге шилтеме берген учурлар да кездешет.
Баракчаларды бири-бирине байланыштырган экинчи жагдай — алар бирдей ЖМКларга жана бири-бирине шилтеме бергендиги. Алсак, бир жылдан ашык убакыт аралыгында төрт баракча Кремлге баш ийген «Спутник Кыргызстанга» жүздөн ашык ирет шилтеме беришкен.
Графикте көрсөтүлгөн «Аймак» Телеграм-каналы Кыргызстанга, «Сегодня KZ» Телеграм-каналы Казакстанга багытталган орус пропагандасын жайылтуучу каналдар.
Мындан сырткары, баракчалар активдүү түрдө бири-биринин билдирүүлөрүн да бөлүшүп турушат. Алсак, «Две точки зрения» баракчасы биз талдаган «Полит Ломбард» баракчасына 53, «Салам Кыргызстанга» 18 жолу шилтеме берген.
Жаңы мейкиндикке оогон орус пропагандасы
СССР кулаганы менен Орусия азыркы күнгө чейин постсоветтик өлкөлөрдөгү таасирин сактап калууга аракеттенип келет. Бул үчүн жалпыга маалымдоо каражаттарын активдүү колдонуп, айрым өлкөлөрдүн маалымат мейкиндигинде кеңири ишмердүүлүк жүргүзөт. Мисалы, Кыргызстандын аймагында «Биринчи канал» (ОРТ), «Россия 24», РТР, «Культура» жана «Звезда» телеканалдары көрсөтүлөт. Кээ бир өлкөлөрдө орус пропагандасын жайылтууга аракеттенгени үчүн ишмердигине тыюу салынган Sputnik маалымат агенттигинин кыргыз редакциясы иштейт. Мындан тышкары, «Аргументы и факты», «Российская газета», «Московский комсомолец» жана «Комсомольская правда» гезиттери Кыргызстандын киоскторунда сатылат.
Акыркы эки жарым жылдан бери социалдык тармактарда жана мессенджерлерде Борбор Азия өлкөлөрүнө багытталган орус пропагандасын жайылтуучу каналдар ачылып, активдүү иш жүргүзүп келет.
Автор: «ПолитКлиника»
Коллаж: The Economist
Методология менен бул жерден тааныша аласыз.