Гезит жана улуттук суусундук саткандарды ККМ колдонууга милдеттендирүү сунушталды

Экономика жана коммерция министрлиги коомдук талкууга токтомдун долбоорун чыгарды. Долбоор боюнча ишкердиктин бир катар түрү боюнча иш алып барган ишкерлерди көзөмөл-кассалык машиналарды (ККМ) колдонууга милдеттендирүү сунушталууда.

Министрлик бул сунушу менен ККМ колдонбой коё алган ишкердиктин түрлөрүнүн тизмесинен төмөнкүлөрдү алып салууну сунуштап жатат:

  1. алкоголдук продукцияны жана тамеки буюмдарын кошпогондо, гезиттерди жана журналдарды, ошондой эле коштоочу товарларды гезит-журнал күркөлөрүндө сатуу; 
  2. кол арабаларды, көчмө прилавкаларды, күркөлөрдү жана ларекторду пайдалануу менен гүл өстүрүү продукциясын, айыл чарба продукциясын, нан азыктарын, улуттук жана сергитүүчү суусундуктарды чекене сатуу;
  3. цистерналардан/челектерден квас, сүт, улуттук жана сергитүүчү суусундуктарды чекене сатуу.

Ошондой эле токтомдун долбоорунда жаңы эрежелер 2024-жылдын 1-январынан тарта күчүнө кирери көрсөтүлгөн.  

Бийлик бизнестин бардык түрүн ККМ колдонууга милдеттендирүү боюнча компаниясын жаңы Салык кодекси күчүнө киргенден кийин активдүү баштаган. 

ККМ киргизүү базарларда патент менен иштеген ишкерлердин нааразычылыктарын жараткан. Буга байланыштуу өлкөнүн ар башка аймактарында базарда иштеген соодагерлер бир нече жолу ККМге каршы митиндерге чыгышкан.