Тууну өзгөртүүгө каршы чыккан активисттердин автожүрүшү болбой калды

3-декабрда Бишкек шаарынын Октябрь райондук милициясы мамлекеттик тууну өзгөртүүгө каршы чыккан активисттерге автожүрүш өткөрүүгө тыюу салды.

Милиция кызматкерлери 7-кичи райондогу Аалы Токомбаев көчөсүнө чогулган айдоочуларга борбор калаада акция өткөрүүгө тыюу салынганын айтып, унаалардагы тууну алып салууну эскерткен.

«Азаттыктын» маалыматы боюнча, кийин катышуучулар жүрүштү шаардын четиндеги Көк-Жар айылында уюштурууну чечкен. Бирок алар 9-декабрда Максим Горький атындагы гүлбактагы акцияга кошулууну макулдашып, тарап кеткен.

Сүрөт: Амантай Шакиров/«Азаттык»

Автожүрүш болорун фейсбукка жазып чыккан активист Афтандил Жоробеков кечээ, 2-декабрда Октябрь райондук милициясына баарлашууга барып келген.

Милициядан чыккан соң активистти УКМКнын кызматкерлери алып кетип, тууну өзгөртүүгө каршы 9-декабрда өтчү акция тууралуу баарлашуу өткөргөн.

Тууну өзгөртүү демилгеси

Жогорку Кеңештин 29-ноябрдагы жыйынында мамлекеттик тууну өзгөртүү боюнча мыйзам долбоору биринчи окууда колдоо тапкан. Тууну өзгөртүүгө 66 депутат макулдугун берсе, сегиз эл өкүлү каршы болгон.

Айрым эл өкүлдөрү «аталган чечимди кабыл албай, маселе референдумга коюлушу керектигин» айткан. Ал эми Мирлан Самыйкожо тууну өзгөртүү боюнча анын ордуна башка бирөө «макул» деп добуш берип койгонун айтып чыккан.

Мыйзам долбоорунун демилгечилери — парламеттин төрагасы Нурланбек Шакиев жана депутат Улан Примов. Алар туудагы күн нурунун формасын жана түндүктөгү чамгарактарды төрткө чейин көбөйтүүнү сунушташууда.

Тууну өзгөртүү демилгесин президент Садыр Жапаров менен УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиев да колдогон. Бирок, соцтүйүндүн колдонуучулары бул демилгеге каршы болуп, #тууөзгөртүлбөсүн деген флешмоб башташкан.

ТЕМА БОЮНЧА:

«Эч кимдин көзүн карабай, жаркырап өнүгөбүз». Президент тууну өзгөртүү демилгесин колдоду