Тууну өзгөртүү демилгеси: Мамлекеттик катчы депутаттар эл мүдөөсүн эске алат деген тилекте

Мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов.

4-декабрда мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов тууну өзгөртүү демилгеси боюнча фейсбукта пикирин билдирди. Ал депутаттар «эл мүдөөсүн эске алат деген тилекте болобу» деп белгиледи. 

Касмамбетов тууну өзгөртүү демилгеси президент Садыр Жапаров, УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев сыяктуу эле ага да жакканын айтып, «жанданып жаткан учурда жаңыртылган желегибиз болсо деген ниетте болгонбуз» деди. 

«Азыркы туубуз эгемен элдин жүрөгүнөн терең орун алып, боор эт менен бир болуп, жан дүйнөгө бүлүк салганы коомдук талкууда байкалууда. [...] Кандай кырдаал болсо дагы, бири-бирибизге этият мамиле кылып, сабырдуулукту көрсөтөлү», — деп кошумчалады ал.

Тууну өзгөртүү демилгеси

Жогорку Кеңештин 29-ноябрдагы жыйынында мамлекеттик тууну өзгөртүү боюнча мыйзам долбоору биринчи окууда колдоо тапкан. Тууну өзгөртүүгө 66 депутат макулдугун берсе, сегиз эл өкүлү каршы болгон.

Айрым депутаттар «аталган чечимди кабыл албай, маселе референдумга коюлушу керектигин» айткан. Ал эми Мирлан Самыйкожо анын ордуна башка бирөө тууну өзгөртүү «макул» деп добуш берип койгонун айтып чыккан.

Мыйзам долбоорунун демилгечилери — парламеттин төрагасы Нурланбек Шакиев жана депутат Улан Примов. Алар туудагы күн нурунун формасын жана түндүктөгү чамгарактарды төрткө чейин көбөйтүүнү сунушташууда.

Тууну өзгөртүү демилгесин президент Садыр Жапаров менен УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиев да колдогон. Бирок, соцтүйүндүн айрым колдонуучулары бул демилгеге каршы болуп, #тууөзгөртүлбөсүн деген флешмоб башташкан.

ТЕМА БОЮНЧА:

«Эч кимдин көзүн карабай, жаркырап өнүгөбүз». Президент тууну өзгөртүү демилгесин колдоду