Элечек ЮНЕСКОнун материалдык эмес маданий мурастарынын тизмесине кирди

Кыргыз аялдарынын улуттук баш кийими саналган элечек ЮНЕСКОнун материалдык эмес маданий мурастарынын репрезентативдик тизмесине киргизилди. Бул боюнча чечим 6-декабрда ЮНЕСКОнун материалдык эмес маданий мурастарды сактоо боюнча Өкмөттөр аралык комитетинин 18-сессиясында кабыл алынды.

Кыргызстандын Маданият министрлиги билдиргендей, быйыл сунушталган 60 номинациянын ичинен «Кыргыз аялдарынын улуттук баш кийими саналган элечек: салтуу билим жана ырым-жырымдар» номинациясы эл аралык эксперттер тарабынан эң жакшы жана эң мыкты даярдалган деп табылган 18 номинациянын катарын толуктаган.  

Бул номинацияны даярдоо боюнча иш Маданият министрлиги, «Кийиз Дүйнө» Коомдук фонду жана КР ЮНЕСКОдогу туруктуу өкүлү тарабынан акыркы үч жылдан бери жүргүзүлүп, 2021-жылы ЮНЕСКОнун Катчылыгына көрсөтүлгөнү белгиленет.
 
Бүгүнкү күндө ЮНЕСКОнун материалдык эмес маданий мурастарынын тизмелерине бүткүл дүйнө жүзү боюнча маданий мурастардын 705 элементи киргизилген.

Кыргызстандын атынан ЮНЕСКОнун Материалдык эмес маданий мурастар боюнча тизмесине 15 элемент, анын ичинде «Манас, Семетей, Сейтек» үчилтиги, «Акындар искусствосу», «Шырдак шыруу искусствосу: ала кийиз, шырдак», «Боз үй жасоо боюнча салттык билим жана өнөрлөр» (Кыргызстан, Казакстан), «Төкмө акындык өнөрү» (Кыргызстан, Казакстан), «Көк бөрү улуттук оюну» жана башкалар кирген.