Бийликтин ийгилиги, коррупция жана салык. Президент Элдик курултайда эмнелерди айтты?

Президент Садыр Жапаров Бишкектин Улуттук филармониясында өтүп жаткан экинчи Элдик курултайда сөз сүйлөдү. Мамлекет башчысы өз сөзүндө экономикалык жетишкендиктер, коррупцияга каршы күрөш тууралуу айтып, ошондой эле аялдарга карата зомбулук жана адам укуктары тууралуу кеп козгоду.

Садыр Жапаров Элдик курултайда сүйлөп жатат. Сүрөт: Президенттин басма сөз кызматы

Экономика, салык жана инвесторлор тууралуу 

Президент жарым сааттык баяндамасында аткаруу бийлигинин экономикалык ийгиликтерине кеңири токтолуп, өлкөнүн ички дүң продукциясынын көлөмү биринчи жолу 1 триллион сомдон ашканын «чоң жетишкендик» деп белгиледи.
 
Ошондой эле өлкө башчысы өлкөдөгү коррупцияга жана уюшкан кылмыштуу топторго каршы жүргүзүлүп аткан күрөш «жигердүү» болуп атканын белгиледи.

«Коррупция – бул биздин элдин гана эмес, бардык мамлекеттердин балээси. Коррупциянын айынан мамлекетибиз дээрлик 30 жылдан бери өнүкпөй, белгилүү бир адамдар гана байып, карапайым эл көр тирлиги менен эле күн өткөрүп калган. Азыркы учурда коррупцияга каршы иш-чаралар катуу жүрүүдө. Миллиарддаган акчалар мамлекеттик казынага кайтарылып жатат. Бул жаатта күч органдары, анын ичинде УКМК өзүнүн жумушун жогорку деңгээлде аткарып жатканын баса белгилейм. Атайын кызматтын иштерин жамы журтубуз да колдоп-коштоп жатышат», — деди ал «коррупцияга каршы аёосуз күрөш уланарын жана мындан ары да күчөтүлөрүн» белгилеп.

Жапаров өткөн айда өзүнүн тескемеси менен 2025-2030-жылдарга карата Кыргызстанда коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча мамлекеттик стратегияны иштеп чыгуу боюнча жумушчу топ түзүлгөнүн билдирди. Анын айтымында, комиссиянын курамына маморгандардын, бизнес чөйрөнүн өкүлдөрү, көз карандысыз эксперттер кирген. 

Ошондой эле президент кыргызстандыктарды салыктарды «мажбурлоо катары эмес, өлкөнүн өнүгүшүнө маанилүү салым катары» кароого чакырды. Анын айтымында, көмүскө экономиканын анча-мынча бөлүгүн ачыктоонун аркасында бийлик пенсия, жөлөкпул жана бюджеттик кызматкерлердин эмгек акыларын жогорулатууга, «болуп көрбөгөндөй сандагы социалдык объекттерди курууга жана жүздөгөн километр жаңы жолдорду» салууга жетишти.

«Салыксыз биздин бейпилдигибизди камсыздаган күчтүү армия болбойт, жарандардын социалдык бакубаттуулугу жогорулабайт, сапаттуу медицина жана татыктуу билим да болбойт. Ошондуктан, салыктарды милдеттенме жана мажбурлоо катары эмес, өлкөнүн өнүгүшүнө болгон маанилүү салым катары карайлы. Башка сөз менен айтканда, салык эмес – салым катары кабыл алалы», — деп чакыруу жасады президент.

Мындан сырткары, президент өлкө жарандарын чет элдик инвесторлорду «өлкөнү каптап кетүүгө же жерди тартып алууга аракет кылган душман катары көрбөөгө» чакырды. Ал ар бир инвестор «киреше алуу  менен катар коом үчүн жалпы пайдалуу натыйжаны да берип» жатканын белгиледи. Анын айтымында, Кыргызстан ири инвестицияларды тартуу үчүн англис укуктук системасын киргизүү маселесин да карап жатат. Ал ири инвесторлор биринчи кезекте өлкөдө адилеттүү соттордун бар экенине карарын белгиледи.

Мындан тышкары, президент бийлик жергиликтүү ишкерлер өз продукцияларын экспортко чыгара алышы үчүн электрондук коммерция жана маркетплейстерге өзгөчө көңүл бурарын билдирди. Муну менен катар Жапаров банктык кызматтардын санариптик инфратүзүмүн өнүктүрүүнү, инновациялык банктык операцияларды жана санариптиктик төлөм технологияларын киргизүүнү тездетүү зарыл экенин айтты.

Жапаровдун айтымында, Кыргызстан 2030-жылга барып тышкы карызынын көпчүлүк бөлүгүн төлөп бүтөт. Алсак, 2023-жылы – 344 млн доллар, 2024-жылы – 400 млн доллар, ал эми 2025-жылы – 430 млн доллар төлөнөт.

Адам укуктары тууралуу

Президент аялдарга жана балдарга карата зомбулук маселесине дагы токтолду.

«Бул чектен чыккан көрүнүш, кабыл алынгыс жагдай! Ар бир адамдын кадыр-баркы мыйзам же мамлекет тарабынан эле эмес, бардык башка жарандар тарабынан да корголушу кажет! Эзелтен эле энени, аялзатын урматтоо кыргыз элинин өзгөчөлүгү, маданий жана социалдык нормаларынын маанилүү бөлүгү болуп келген, мындан ары дагы болуп калышы керек! Адилет коомду куруу ар бирибиздин максатыбыз болушу зарыл. Коомдо оройлукка орун болбошу керек, айрыкча, эже-карындаштарыбызды коргоонун, урматтоонун, ар бир наристеге кам көрүүнүн, улуу муунга өзгөчө көңүл буруу зарылдыгын баса белгилеп кетейин. Өлкөбүздө агрессияга жана ырайымсыздыкка эч кандай актоо жок жана болушу да мүмкүн эмес! Аларды жектөө гана болот!» — деп белгиледи президент.

Ошондой эле өлкө башчысы Кыргызстанда адам укугу менен сөз эркиндиги бар экенин, ал сакталып жатканын билдирди. Ал курултайдын катышуучуларын орчундуу маселелерди ачык айтууга, бирок такталбаган жалган маалыматтарды айтып, кимдир бирөөлөрдү каралап, жеке аброюна шек келтиргенден алыс болууга чакырды.

Сөзүнүн аягында өлкө башчысы эки күн бою Элдик курултайда болорун, бардык маселелерди угуп, баарына жооп бергенге аракет кылууну убада кылды.

15-декабрда башталган Экинчи Элдик курултай 16-декабрда аяктайт. Жалпысынан курултайга 700 делегат катышып жатат. Анын ичинен 640 киши өлкөнүн аймактарынан, 30 адам этностук топтордон, 30 делегат эмгек мигранттарынан шайланып келген.