Мурда жогорку кызматты ээлеген адам ири алдамчылыкка шектелип Түркияда кармалды

15-декабрда ИИМден мурда жогорку мамлекеттик кызматта иштеп келген адам «ири өлчөмдө алдамчылыкка» шектелип Түркияда кармалганын кабарлашты. Келтирилген чыгымдын жалпы өлчөмү 827 миң 600 доллар деп эсептелди.

Шектүү. Сүрөт: ИИМ.

Бишкек шаардык миилициясы козгогон кылмыш ишинин алкагында 55 жаштагы шектүү өткөн жылы издөөгө алынып, «Интерполдун» тизмесине жарыяланган.

Шектүү иштеп жүргөндө «кызмат абалын кыянат пайдаланып, мыйзамсыз 2,5 млн доллар комиссиялык сый акы берип, борбор калаадагы ресторанга жана шаардын ортосундагы батирге ээлик кылып алганы» айтылат.

Кийин ал кыймылсыз мүлктү 390 миң долларга бааланып, жашыруун түрдө үчүнчү тарапка күрөөгө коюп, каражатты алган соң аты-жөнүн өзгөртүп из жашырып кеткени белгиленди.

ИИМдин маалыматына ылайык, кылмыштуу аракеттин натыйжасында аталган мүлк үчүнчү жактын менчигине өтүп кеткен. Мүлктү баалоо борбору батирди 56 миң, ресторанды 771 миң 600 долларга бааланган — жалпы чыгым 827 миң 600 долларды түзгөн.

Учурда шектүүнү Кыргызстанга алып келүү маселеси каралып, тергөө иштери уланууда.

Буга чейин Ош облусунун Ноокат районунда «арабдардын атайын фондунан үй алууга көмөктөшөм» деп тургундарды ири суммадагы акчага алдап качып кеткен шектүү кармалган. Бул боюнча «Алдамчылык» беренеси менен кылмыш иши козголуп, тергөө иштери башталган. 

ТЕМА БОЮНЧА:

«Үй алып берем». Ошто ири суммадагы алдамчылыкка шектелген тургун кармалды