Материалдын түп нускасын Peshcom жарандык демилгесинин сайтынан окуй аласыз

Онтарио — болгону Канададагы бир провинциянын аталышы деп ойлойсузбу? Жок, андай эле эмес. Бишкекте да ушундай ысымды алып жүргөн бир көчө бар. Ал Жал кичирайонундагы мончосу бар ден-соолук чыңдоочу комплекске байланыштуу аталган. Ал эми “Тёмный/Караңгы” чолок көчөсүндө жашоого көз карашыңыз кандай? Кабатыр болбоңуз, эми мындай чолок көчө жок — анын аты Весёлый/Шайыр болуп калды. 

Борбор шаардын көчөлөрүнүн аталыштарынын тарыхы абдан бай жана жүздөн ашуун жылдын жүзүн карытты. Ордо калаада 1600дөн* ашуун көчө жана чолок көчө бар. Айрымдары атактуу композиторлор жана сүрөтчүлөрдүн урматына аталса, башкалары — анча белгилүү эмес саясатчылардын атын алып жүрөт. Айрымдары бакыт-таалайга шилтеме кылса, башкалары — согуш жана көтөрүлүштөрдү эскерет. Кээ бирлери бизге советтик тарыхыбызды эстетсе, калгандары — Кыргызстандын көз карандысыздыгын даңазалайт. 

* 2ГИС картографиялык сервиси тарабынан берилген маалыматтар боюнча. Бирок көчөлөрдүн саны шаардын тегерегиндеги жаңы кошулуп жаткан же талаштуу макамдагы конуштардын эсебинен көбүрөөк болушу мүмкүн. 

Биз Бишкектин бейнесин годонимдер* призмасы аркылуу түзүү үчүн шаарыбыздын бардык көчөлөрүнүн аталыштарын талдап чыктык.

* Годонимдер — шаардагы жол объектилеринин (көчөлөр, чолок көчөлөр, бульварлар, ж.б.у.с.). аталыштарын түшүндүргөн сөздөр. Годонимдер шаардын тарыхы жана маданий өзгөчөлүктөрү аркылуу анын бейнесин түзүү каражаты катары каралат

Советтик мезгилдин жана «улуу аганын» калтырган изи 

Уссурийскиден Тирасполго, Чукоткадан Кавказга чейин — Бишкектеги көчөлөрдүн аталыштары ушундай кеңири чөлкөмдөгү жерлердин урматына коюлган. Буга таң калыштын кереги жок — борбор шаарыбыздын ар бир төртүнчү* көчөсү же чолок көчөсү географиялык объектилердин, мисалы, шаарлар, айылдар, тоолор, суулар, аралдар жана башкалардын урматына аталган.

Алардын дээрлик баары, кандай гана болбосун, Советтер Союзу жана «социалисттик лагерь» менен байланышкан — азыр көчөлөрдүн аталыштары түшүндүргөн географиялык объектилердин болжол менен 40% Кыргызстанда, калгандары — башка постсоветтик өлкөлөрдө же Чыгыш Европада жайгашкан. 

Шаарлар — годонимдерге ат коюу үчүн эң популярдуу географиялык объектилер. «Географиялык» көчө жана чолок көчөлөрдүн болжол менен жарымы ошолорду эстетет. 

Бишкектин көчөлөрүнө ысымын берген ар бир экинчи шаар Россиянын аймагында жайгашкан. Көпчүлүк учурда алар анчалык деле белгилүү же атактуу муниципалитеттер эмес, чакан, эл көп биле бербеген шаарчалар болуп саналат. 

Мисалы, Бодайбинский чолок көчөсү Бодайбо шаарынын урматына аталган. Бул шаарда алтын казылат, 10 миңге жакын гана киши жашайт. Ал эми Валдай көчөсү менен чолок көчөсү Валдай шаарынын урматына коюлган. Валдай — «орус калач токочторунун» мекени, мында 14 миңге жакын киши байырлайт. Советтик мезгилде Валдайдын жанында Иосиф Сталиндин дачасы болгон экен, ал эми азыркы учурда ошол эле жерде орус президенти Владимир Путиндин резиденциясы жайгашкан

Украинанын шаарлары экинчи орунда — дээрлик ар бир жетинчи шаар ошол өлкөдө жайгашкан. Мисалы, Дрогобыч жана Ужгород чолок көчөлөрү Батыш Украинадагы шаарлардын, ал эми Симферополь же Севастополь көчөлөрү — Крымдагы шаарлардын урматына коюлган. 

Бишкектин годонимдерине ысымын берген шаарлардын саны боюнча үчүнчү орунда Кыргызстан турат. Мисалы, алардын арасында өнөр жайлуу Сүлүктү менен Кызыл-Кыя, ошондой эле республикадагы облустардын баарынын борборлору бар. Жалпы айтканда, Бишкектен кетпей эле Каракол же Нарынга барып келсе болот, болгону ошондой аталыштагы көчөгө баш багып кетиңиз. 

Кызыктуу фактылар: 

  • Түндүк жана Түштүк Америка, Африка, Океаниядагы географиялык объектилердин ысымына коюлган көчөлөр — жок. Бирок бул ченемден тыш Куба көчөсү бар — бул көчө Куба мамлекетинин урматына аталган, ал да мурда «социалисттик лагерге» кирчү. 
  • Ордо калаадагы көчөлөрдүн бири — Корея көчөсү, Түштүк-Чыгыш Азия чөлкөмүнөн жалгыз ушул өлкөнүн ысымы ушул көчөгө ыйгарылган. Баса, бул көчө да Куба көчөсүнүн жанында жайгашкан. 
  • Батыш жана Түндүк Европанын географиясына Альп, Дунай көчөлөрү жана Скандинав чолок көчөсү гана байланышкан. 
  • Бишкекте Артёмовск көчөсү бар — Украинанын Бахмут шаары мурда ушундай аталышты алып жүрчү. 2015 жылы украин депутаттары шаарга тарыхый аталышын кайтарып берүү чечимин чыгарышат. Мында Бахмут — адаттан тыш жалгыз бир мисал эмес. Бишкекте шаарлардын эски аталыштарынын ысымын алып жүргөн бир нече көчө бар. Алардын катарында: Тифлис — Тбилиси, Семипалатинск — Семей, Целиноград — Астана, Бреслав — Вро́цлав, Двинск — Да́угавпилс аталыштары бар.

«Үйдө ким кожоюн болсо, ошол оюн-зоокту уюштурат» 

Бишкектеги ар бир бешинчи көчө атактуу инсандардын атын алып жүрөт. Алардын жарымы — өлкөнүн маданиятына жана өнүгүшүнө салым кошкон кыргызстандыктар. Мисалы, жазуучу Жунай Мавлянов, манасчы Шапак Ырысменде уулу, саясатчы Жусуп Абдрахманов. 

Бирок, адамдардын аты-жөнүн алып жүргөн көчөлөрдө да Орус Падышачылыгынын жана советтик доордун изи байкалат. 

Россиялыктардын арасында кыргыз жерин эч качан басып көрбөгөндөр көп. Мисалы, орус армиясынын башкы кол башчысы, Наполеон менен салгылашкан князь Пётр Багратион же декабристтердин көтөрүлүшүнөн кийин өлүм жазасына тартылган акын Кондратий Рылеев. 

Годонимдерге аты берилген адамдар эмнеси менен таанымал болгонун изилдедик. Көрсө, ар бир бешинчиси саясий ишмер же мамлекеттик кызматкер болгон экен. 

Экинчи орунда — жазуучулар, болгондо да кыргыз жазуучулар орус авторлорго караганда бир аз пайызга гана көбүрөөк. Калгандары — Казакстан, Азербайжан, Грузия жана башка өлкөлөрдүн жазуучулары. 

Аскерлер менен окумуштуулар бир катарда орун алган. Окумуштуу жана академиктердин урматына Бишкекте 45 көчө аталган. Ал эми аскерлердин ысымын 51 көчө алып жүрөт — жарымынан көбү орус кол башчылары жана генералдары. 

Кызыктуу фактылар:

  • Биринчи Май районунда Урицкий атындагы көчө бар. Тааныш угулуп жатабы? Бул фамилияны 2010-жылы апрель көтөрүлүшүнөн кийин өлкөдөн качкан аткаминер Данияр Үсөнов алып алган. Бирок көчө мунун урматына эмес, Моисей Урицкийдин урматына коюлган. Моисей Урицкий — мыкаачылыгы менен таанымал, советтик бийликтин орнотулушунда адамдарды кыйноо жана өлтүрүүлөргө катышкан чекист болгон. 
  • 2020-жылы коронавирус пандемиясы күч алып турган мезгилде каза болгон, Кыргызстандын мурдагы муфтийи Чубак ажы Жалиловдун урматына Ак-Өргө жана Чоң-Арык конуштарында көчөлөргө анын аты коюлган. Ошол эле учурда, Бишкек шаардык кеңешинин токтомуна ылайык, адамдар каза болгондон кийин 5 жыл өткөндө гана алардын ысымын көчөлөргө ыйгарса болот.
  • Кишилердин атын алып жүргөн көчөлөрдүн арасында эки атактуу европалык композитордун фамилиясын жолуктурса болот. Алар XVIII кылымда обон жаратышкан — Фридерик Шопен менен Франц Шуберт. Баса, Шопен көчөсү Бишкекте эгемендик жылдарында пайда болгон

It’s raining man

Шаардагы көчө жана чолок көчөлөрдүн дээрлик баары — эркектердики болгонун байкабай коюу болбос. Атактуу аялдардын атын даңазалаган көчөлөр 13% гана, же белгилүү кишилердин урматына коюлган годонимдердин жалпы санынан 4% гана түзөт. 

Алардан тышкары Каныкей же Барчын сыяктуу кыз-келин аттары менен аталган көчөлөр да бар. Бирок алар аз. 

35 «аял» көчөнүн ичинен 22си аялдардын ысымын алып жүрөт же адабий чыгармалардагы каармандардын урматына коюлган. 

Бишкекте аялдардын урматына ушунчалык аз санда көчөлөрдүн болгону — аткаминерлер аялдардын коомдун өнүгүшүнө кошкон салымын көз жаздымда калтыргандыгынын кесепети. Ошондой эле, шаар башкармалыктарындагы жетекчи орундарда же шаар кеңештериндеги эл өкүлдөрүнүн арасында эркектер басымдуулук кылганы да буга себеп болуп берет. 

Аялдардын урматына коюлган көчөлөр жакында эле, жаңы көчөлөрдүн курулушу жана эски көчөлөрдүн аталышы өзгөртүлүшү менен пайда болуп баштады. Мисалы, Арча-Бешик конушунда аты жок көчөгө Даркүл Күйүкованын аты ыйгарылды, ал эми мурдагы Алматы көчөсүнүн бир кесиндисине алай кыргыздарынын канышасы Курманжан Датканын наамы берилди.  

«Эркек» жана «аял» көчөлөрдүн картасы 2ГИС жана OSM берилиштеринин негизинде түзүлдү. Айрым көчөлөрдүн аталыштары айырмаланышы мүмкүн, ал эми айрым «аял» көчөлөр сервистердин биринде гана болгон.

Кызыктуу фактылар: 

  • Ысымдары көчөлөргө коюлган аялдар көпчүлүк учурда маданият ишмерлери болушкан. Бирок алардын арасында колхоз өндүрүшүнүн алдыңкы жаңычыл ишмери Зууракан Кайназарова жана учкуч Полина Осипенко да бар. 
  • «Эркек» көчөлөрдүн арасында тогуз көчө 2010-жылы «Апрель элдик көтөрүлүшүндө» курман болгондордун урматына аталган. 

Аты өзгөртүлсөчү, эмнеге болбосун?

Башка постсоветтик шаарлардагыдай эле Бишкекте да көчөлөрдүн аталыштарын өзгөртүү өнөктүгү дүр этип алып, 1990-жылдардын соңуна, 2000-жылдардын башына туш келди. Ошол кезде бул процессте өлкөнүн эгемендигин жана улуттук иденттүүлүктү өнүктүрүүнү эске алып калышты. 

Ошентип, ордо калаанын көчөлөрү кыргыз ишмерлеринин ысымдарын көбүрөөк алып калып башташты. Мисалы, Октябрдын 50 жылдыгы көчөсү улуу кыргыз дарыгери Иса Ахунбаевдин ысымы менен кайра аталды, ал эми мурдагы Дүйшөмбү/Душанбинская көчөсүнө Кыргыз ССРнин каржы министри Алиаскар Токтоналиевдин аты ыйгарылды

Албетте, кыргызстандыктардын ысымдары көчөлөргө совет доорунда деле коюлган. Мисалы, 1940-жылдары Верхняя көчөсүнө кыргыз акыны, драматург Жоомарт Бөкөнбаевдин аты коюлган. 1970-жылдары маданият ишмерлери Атай Огонбаев жана Муратбек Рыскыловдун урматына көчөлөр пайда болгон.

Бирок, бул процессте деги кандайдыр бир мыйзам ченемдүүлүк барбы? Муну аныктоо үчүн биз Бишкекте аты өзгөртүлгөн көчөлөрдүн баарын изилдеп, картага түшүрдүк. 

Картада байкалгандай, аты өзгөртүлгөн көчөлөр шаардын борбордук бөлүгүндө топтолгон — шаардын дал ушул бөлүгү XIX-XX кылымдарда жигердүү түрдө курулуп, эски годонимдерди түзгөн. 

* Аты өзгөртүлгөн көчөлөрдүн арасында аталышы советтик доордо эле өзгөрүп, бирок азыркыга чейин атын сактап калгандар да бар. Мисалы, азыркы Фрунзе көчөсү качандыр бир кезде Судейская, Киев көчөсү — Дунган көчөсү болуп аталган. Атын өзгөртүү даталары жок болгондуктан, биз аларды убакыт категорияларына бөлүштүрө алган жокпуз.

Биздин талдоого ылайык, аты өзгөртүлгөн аталыштардын абсолюттук көпчүлүгү атактуу инсандарга барып такалат. 

Жаңы конуштарды кошкондо, Бишкектин чет жакалары жаңы көчөлөргө жык толуп, алардын аталыштары эгемендик жылдарында коюлган. Ал жактарда жаңы годонимдер азыркы күндө деле пайда болуп жатат. Ал эми аты өзгөртүлгөн көчөлөр жакынкы он жылда пайда болбош керек — буга мораторий киргизилген. 

2013-жылы Бишкек шаардык кеңешинин депутаттары мораторийди «Бишкек шаарынын учурдагы тарыхый аттарына маани берүү жана мезгил менен текшерүү зарылчылыгы» жана «шаардын тарыхый жана маданий мурасын сактоо» менен түшүндүрүп, негиздеп беришкен. 2023-жылдын октябрь айында депутаттар мораторийди* 2033-жылга чейин узартышты

* Көчөлөрдү кайра атоого мораторий Калыс-Ордо-1, Калыс-Ордо-2 ж.б.у.с. катар номерлери менен белгиленген көчөлөргө жайылтылбайт. Мындай годонимдер деги кайдан пайда болот? Көрсө алар шайлоолордун алдында шаар тургундары добушун берүү үчүн так жашаган дареги жана каттоосу болушу үчүн пайда болот экен.

Азыр жаңы аталыштарды жаңы түзүлгөн же аты жок көчөлөр менен чолок көчөлөргө гана берсе болот. Көчөлөргө ат коюу шарттарынын бири — ал жерде жашаган тургундардын жарымынан көбүнүн макулдугу болушу зарыл. 

Бул процедура жөнүндө жободо көрүнүктүү инсандардын же кайрымдуулук кылуучулардын (мисалы, жол оңдогондордун) аты-жөнүн ыйгарыуу жөнүндө гана кеп кылынганын баса белгилеп кетиш керек. 

Ошол эле учурда, Бишкекбашкыархитектуранын топонимика боюнча комиссиясында жаратылыш, музыкалык аспаптар же улуттук аң-сезимге байланыштуу аталыштардын башка категорияларына тыюу салынбайт деп айтышат. Баса, улуттук аң-сезимди ойготкон аталыштар эл арасында кеңири тараган — Бишкекте Азаттык, Биримдик, Эркин Эл көчөлөрү бар. 

Кызыктуу фактылар:

  • Кыргызстандын эгемендик жылдарында көчөлөрдүн атын өзгөртүү саясий максаттарды да көздөгөн. Мисалы, Түркия менен эл аралык кызматташтыкты чыңдоо үчүн Горький көчөсүнүн бир бөлүгү Анкара көчөсү деп кайра аталган — түрк тарап өзүнө чыгымдардын баарын алган. Ошол эле учурда, Анкарада Бишкек көчөсү да пайда болгон. Дагы бир нече мисал — XXII партсъезд көчөсүнө кытай саясий ишмери Дэн Сяопин, ал эми Кремлёвская көчөсүнө — казак акыны жана агартуучусу Абай Кунанбаевдин аты ыйгарылган
  • Жакынкы келечекте Горький көчөсү дагы бир саясий сыпайылыкка негиз болуп берет өңдөнөт. 2023-жылдын жаз мезгилинде муниципалдык мекемелер бул көчөгө Бириккен Арап Эмирликтеринин туңгуч президенти шейх Заид ибн Султан Аль Нахайяндын аты менен кайра атоону карап жаткандарын билдиришкен.
  • Жаңы көчөлөрдүн кыргызча аталыштарында поэтикалык аталыштар да кеңири жайылган. Мисалы, Жетиген көчөсү (музыкалык аспап), Ойсул Ата көчөсү (төөлөрдүн пири), Ак-Бата көчөсү (бата берүү ырымы), ж.б.у.с. көчөлөр бар. 

Биз берилиштерди кантип эсептедик жана талдадык? 

Берилиштерди маркалоо жана талдоо: 

2023-жылдын жай мезгилинде биз 2ГИС — шаарлардын карталары боюнча электрондук сервисинен берилиштерди сурадык. Бишкектин 1600дөн ашуун көчөсүнөн турган тизмени алдык. Бул тизмедеги көчөлөрдү аталышына жараша ар кандай категориялар боюнча маркалап чыктык. Бул үчүн биз тизмедеги ар бир көчөнү кол менен карап чыгып, изилдедик. 

2ГИС сервисине берилиштерди бергени үчүн ыраазычылыгыбызды билдиребиз! Алардын жардамысыз, бул материал жазылбай деле калмак болчу. 

Жыйынтыкта биз эсептөө жана тыянак чыгаруу оңоюраак болсун деп, ар бир көчө үчүн белгиленген алгачкы категорияларды унификацияладык. Мисалы, артист, режиссёр жана композиторлорду «маданият ишмерлери» деген субкатегорияга бириктирдик.

Талдоо жүргүзүүдө биз көчөлөрдүн уникалдык аталыштарын эмес, көчөлөрдүн жана чолок көчөлөрдүн дал өзүн эсептедик. Мында эсептөөнүн ушул эки ыкмасынын арасында тыянактардын жаңылыштыгы болгону 1-2% түзөт.

Берилиштерди картага түшүрүү:

Биз OpenStreetMap (OSM) ресурсунан бардык көчөлөр жөнүндө маалыматтарды алып чыгып, аны биздеги берилиштер базасы менен салыштырдык. Эки базадагы берилиштерди салыштыруу учурунда биз 2ГИС жана OSM ресурстарындагы көчөлөрдүн аталыштарында анча-мынча айырмачылыктарга туш болдук. Ушуга байланыштуу биз колдогу мүмкүнчүлүктөргө жараша дал келишпестиктерди кол менен оңдоп-түзөп жаттык. Фактчектен кийин, биз «эркек» жана «аял» көчөлөрдү, ошондой эле аты өзгөртүлгөн көчөлөрдү да визуалдаштырдык. Карталардын бардык геометриялык берилиштери OSMдеги маалыматтарга негизделген. 

Материалдардын үстүнөн иштегендер: Алексей Журавлёв, Алтынай Ногойбаева, Айгерим Рыскулбекова

Дата-редактор: Савия Хасанова

Текст редакторлору: Савия Хасанова, Рада Валентина кызы

Иллюстрация: DALL-E, Peshcom