Cүрөт: Cuyler Jackson / Flickr

Орусиянын басымына карабай, ага көп жагынан көз каранды болсо дагы, узап бараткан жылы кыргыз бийлиги мамлекеттик тил жөнүндө мыйзамды кабыл алды. Эми мамлекеттик кызматкерлер, депутаттар, мугалимдер жана медицина кызматкерлери кыргыз тилин билүүгө тийиш. Болбосо жумушунан кол жуушу мүмкүн

Көз карандысыздык алган жылдар аралыгында, бийлик эски адатына салып калкына көбүнчө расмий тилде — орус тилинде кайрылып турган. Эми орусча сүйлөгөндөр Кыргызстанда барган сайын азайып баратат. Орусташуу бара-бара арткы планга жылганына көп себептер бар, анын ичине Москванын таасири азайып баратканы да бар. 

Материал «Медиасеттин» колдоосу менен даярдалды. 

Республиканын аймагында мамлекеттик тилдин таасирин күчөтүү укугун президенттин денгээлинде талашууга туура келди — Садыр Жапаров мамлекеттик тил жөнүндөгү кыргыз мыйзамын анчейин «демократиялуу эмес» деп атаган орус ТИМнин башчысы Сергей Лавров менен эл алдында жарыш сөзгө чыкты. Президент орус тарапты тынчтандырууга аргасыз болду. 

«Бизге кыргыз тили кандай керек болсо орус тили дагы ошондой керек. Анткени КМШ өлкөлөрү менен орус тилсиз иштей албайсың. Кытай, араб өлкөлөрүнө, ошол эле Европа өлкөлөрүнө барганда дагы орус тилинде сүйлөшүп атпайбызбы», — деген Жапаров. — Бул жерде биз өз тилибизди да толук өздөштүрөлү деп атабыз да. Мамлекеттик кызматкерлердин, депутаттардын сүйлөгөндөрүн байкасаңар. Жарымы орусча, жарымы кыргызча. Эч бирибиз же толук орусча сүйлөбөйбүз же толук кыргызча сүйлөбөйбүз».  

Орусиялык чиновниктер менен федералдык ЖМКлар сыяктуу эле, айрым кыргыз чиновниктери менен коомдук ишмерлери дагы жаңы мыйзам орус тилин Кыргызстандан сүрүп чыгат деп эсептешет. Президенттин тарапташы, Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча комиссиясынын башчысы Каныбек Осмоналиев бул пикирге кошулбайт. 

«[Мыйзамда] орус тилин кодулаган ченем жок. Бирок, эми документ жүгүртүү мамлекеттик тилде болот. Кийин анан муктаждык болсо [документтер] орус тилине же башка тилдерге которулат», — деп түшүндүрдү Осмоналиев.  

Тарыхчы, Жогорку Кеңештин мурдагы төрагасы Зайнидин Курмановдун пикиринде, орус тили жок болуп бараткан тил эмес — демек ал коргоого деле муктаж эмес.

«Орус тили — дүйнөлүк, илимдин, адабияттын жана искусствонун тили, БУУнун жумушчу тилдеринин бири. Болжолу 350-400 млн адам сүйлөйт. [...] Кыргыз тилинде — болгону беш-алты миллион адам сүйлөйт, биз жоголуп кетүү коркунучунда турабыз», — дейт ал. 

Берлиндеги Карнеги борборунун илимий кызматкери Темур Умаров Кыргызстан кабыл алган жаңы мыйзамга карата орусиялык саясий элитанын ашынган ачуу реакциясын Орусия империясы менен СССРдин мурдагы мүчөлөрү өздөрүн кандайча алып жүрүшү керек экени тууралуу «бурмаланган түшүнүгү» пайда кылды деп эсептейт. 

«Алар үчүн орусиялык тышкы саясаттын ийгилиги — эгерде дүйнөдө жана биринчи кезекте Орусиянын айланасында, “орус дүйнөсү” деген түшүнүк болсо, анда орус мамлекетинин ролу бекем жана талашкыс болгону. Орус тилинин ролун деле эч ким талашкан жери жок, ошол “орус дүйнөсүнүн” курамына кирген өлкөлөрдүн жарандары бүт орусча сүйлөшөт. Болгону алар ушундай жол менен бүткүл дүйнөгө Орусия дагы деле улуу держава бойдон экенин көрсөткүсү келет», — деп чечмелейт ал. 

Орусиянын Кыргызстандын ички иштерине мурдун тыккан мындай аракеттери республиканы көз каранды позицияга такайт деп билдирди саясат талдоочу Медет Төлөгөнов. 

«Бул ири импердик дымак — өзүнүн мамлекеттик чек арасынын тышкаркы нерселерди коргоо аракети. [...] Менин оюмча [Орусиянын мыйзамга реакциясынан] андай деле чоң зыян келбейт, бирок абройдун көз карашынан алып караганда, Кыргызстанды көз каранды позицияга алып келет — кайсы бир өлкө мамлекеттин ики саясий иштерине аралашып жатат»,— деп эсептейт ал.  

Ошентсе да, саясат талдоочунун пикиринде, Орусия тил маселесинен улам Кыргызстан менен катуу чырлашууга барбайт — Украина менен согушуп, дүйнөдөгү бир катар өлкөлөр менен кырды бычак болуп жаткан шартта, жакын өнөктөштөрүнөн кол жууй албайт. 

Канча кыргызстандык кыргызча сүйлөйт?
2022-жылы Кыргызстандагы эл каттоодо, биринчи жолу кыргыз жана орус тилинде сүйлөө деңгээли тууралуу сурамжылоо жүргөн дейт Улуттук статком. Суроого 7 жаштан өйдө курактагы кыргызстандыктар жооп беришкен. Жыйынтык: кыргыз тилинде эркин сүйлөгөндөр — болжолу 4,4 млн адам, орус тилинде сүйлөгөндөр — 2,2 млн. Кыргызча билбегендер — 245 миңге чукул, орусча сүйлөбөгөндөр — 517 миңден ашуун.

Мамлекеттик же расмий?

«Мен орус тилин абдан сүйгөн, абдан колдонгон, колдогон муундардын катарына кирем. Орус тилинин жардамы менен дүйнөнү тааныдым, советтер союзунун эң катаал мезгилине туура келген жаш кезимде илимдин кандидаты болдум. Бирок маселе мамлекеттик тилдин тагдыры жөнүндө турат! Ошондуктан, менимче орус тилине мамлекеттик деңгээлде конституциялык макам берүүнүн эч кандай зарылчылыгы жок болчу», — деген пикирин айтат, Мамлекеттик тил комиссиянын төрагасы Каныбек Осмоналиев. 

Кыргызстан мамлекеттик тилин 1989-жылы бекиткен. 2000-жылы болсо орус тилине расмий тил деген макам берилген — Зайнидин Курманов эки тилдин макамы формалдуу эки башка болгону менен, иш жүзүндө экөө бирдей эле болгон деп эсептейт. 

Чиновниктер бир гана тилди билип калганына бийлик өзү жол берди деп эсептейт Осмоналиев: «Элестетип көрсөңөр: мамлекеттик же муниципалдык кызматкерлер мамлекеттик ЖЕ расмий тилди билүүгө тийиш. [Мыйзамга] ушундай ченем киргизишкен! Мына ушул «же» деген сөз 34 жыл бою биздин кыргыз тилди тебелеп келди, — дейт ал. — Келгиле, жөнөкөй мамчиновниктин көз карашынан алып көрөлү. Ал жерде “же” деген сөз турат. Же кыргыз тилин же орус тилин билсе болду. Бир тил жетиштүү болсо, экнчисин билип эмне кереги бар?». 

Эми, тил маселесине келгенде, чиновниктер үчүн мыйзам татаалдашты. Мамлекеттик тил комиссиясынын башчысы, керек болсо өтө эле катаал деп эсептейт — анткени азыркы учурда аткаминерлердин деңгээли өтө эле ылдый, аны бир заматта өйдөлөтүү мүмкүн эмес. 

Кыргызстандын мамлекеттик кызматкерлери үч жылдан бери тил боюнча тест тапшырып келишет — Осмоналиев тесттин жыйынтыгын көрүп «таң калганын» жашырбайт. 

«Чынында эле А1, А2, Б1, Б2 деңгээлдерине тапшыргандрдын саны  өтө эле аз экен. Анын ичинде биздин кыргыздардын уул-кыздары тапшыра албай жүрүшөт. Себеби, алар башынан эле орус тилине ориентация алышкан», — деп айтып берип, чиновниктерге кыргыз тилин билүү деңгээлин жогорулатууга шарт түзүп берүү керек деген сунушун айтат. — А1ге тапшырса макул тапшырсын, бирок бир жылдан кийин А2ни тапшырууга шарт түзүп берели деп жатабыз. 4 жылдын ичинде сен Б2ни тапшырышың керек. Болбосо, азыркы мыйзамдын талабы боюнча дароо жумуштан эле кууп чыкса болот».   

Бирок кыргызча сүйлөй албагандар кыргыз тилин үйрөтүү методикасына алымсынбай келишет.  

«Ыңгайлашкан, чынында эле иштеген бир курс бар. Бирок аны үйрөтө алган педагогдор өтө аз. Орус мектептерде тил үйрөтүп жаткан окуу куралдары бизге туура келбейт. Көпчүлүктүн ою боюнча, кайсы бир тилде сүйлөй албаган же начар сүйлөгөндөргө эне тил катары эмес, чет тили катары үйрөтүш керек. А бул таптакыр эки бөлөк методика», — деп маек берген, кыргызстандык актриса Галина Кетова «Русский мир» сайтына. 

Каныбек Осмоналиев усулдук ыкманы сындагандар менен макул эмес — анын пикиринде, каалоо болсо кыргыз тилин «жарым жыл-бир жылда» үйрөнүп алса болот. 

«Заманбап ыкмалар менен 90-жылдардагы окуу материалдарын салыштырсак асман менен жердей», — деп кайталайт ал. Бирок, окуу куралдары жаатында маселелер бар экенин танбайт — алардын сапаты көп суроо жаратаарын, окуу колдонмолорунун бирдиктүү форматы түзүлбөгөнүн айтат. 

Осмоналиевдин айтымында, кыргыз тилинде атайын терминология дагы жетишсиз. Аларды же которуу керек, болбосо башка тилдерден көчүрүп алабыз — анткени «тилди обочолонтпош керек, болбосо ал жоголуп кетет». 

«Менин таң калганым, биз 34 жылда кыргыз тилинин лингвистикалык корпусун дагы түзбөптүрбүз. Аракет да кылбаптырбыз», — дейт ал. 

 Карнеги борборунун эксперти Темур Умаров кыргыз тили жөнүндө мыйзамды реалдуу ишке киргизүүгө убакыт керек деп эсептейт. Ошол эле Өзбекстан, мисалы бул жолду жеңил өтөт, анткени алар 1990-жылдары эле баштаган деп белгилейт ал. 

«Өзбекстанда совет мезгилинде дагы өзбекче сүйлөгөндөр көп болгон. Өзгөчө Ташкенттен сырткаркы — калган Өзбекстан тууралуу сөз кылсак. Ошондуктан тунгуч президент Ислам Каримов бул процессти дээрлик жеңил өткөн. Анткен менен, алгачкы видеолордо Каримовдун өзү деле өзбекче оюн топтоп, эл алдында сүйлөөдөн кыйналганын көрсөк болот — анткени орусча сүйлөп көнүп калган адам эле», — дейт ал.  

Эмнеси болсо да, сөзүн улайт Умаров, акыркы 30 жылда Борбор Азияда орус тилинде сүйлөгөндөрдүн саны азайып кетти — бул табигый процес. 

«Орусия кааласа да, каалабаса да, биз келечекке карай ишенимдүү кадам шилтеп баратабыз. Анда орус тилинде аз эле адамдар сүйлөп калат, көпчүлүгү ири шаарларда болот — шарттуу айтсак, Алматы же Бишкек. Калган шаарларда улуттук тилде сүйлөшөт, бул нормалдуу жана табигый нерсе», — деп эсептейт ал. 

Эксперт аймактагы орусиялык таасир да бара-бара азаят деп кошумчалайт. Мунун алдын алуу үчүн, Орусия акысыз орус мектептерин куруп, орус тилинин жана орус маданиятынын жагымдуулугун даңазалоого киришүүсү керек болчу деп кошумчалайт ал. 

Бир жагынан алганда, Орусия ушул жол менен кетти. Жакында Кыргызстанда орус тилдүү тогуз мектеп куруууну пландап жатат — өлкөнүн жети облусунда бирден жана Бишкек менен Ошко бир-бирден. Ошол эле учурда, кыргыз Билим берүү министрлиги буга чейин бир гана орусча окуткан Бишкектеги 16 мектепте кыргыз тилдүү класстарды ачуу милдетин койду

Путиндин орус тилине каршы согушу
Мындан 11 жыл мурда кыргыз тилин жайылтуу үчүн өтө катаал чараларды америкалык КЭУ Freedom House уюмунун өкүлчүлүгү да сынга алган. Ошол кездеги мамлекеттик тил жөнүндө мыйзам долбоору кыргыз тилин билбеген мамчиновниктерге айып салууну сунуштаган. Freedom House анда бул адам укуктарын жана Конституцияны бузуу деп айтып чыккан. Бирден бир себеби «орус тилдүү калкты коргоп калуу» деп айтылып, Орусия Украинага толук масштабдуу кол салгандан кийин баары өзгөрдү дейт Темур Умаров. Эл аралык уюмдар кайсы бир мамлекеттин дарегине орус тилдүү калктын укугу бузулганы тууралуу сөз сүйлөсө эле, Орусиянын тышкы саясатын колдоо катары кабыл алынат.

«Украиналык сценарий» жана «батышчыл саясатчы» Шакиев 

Орусиялык саясатчылар Кыргызстандагы алардын тышкы саясатына таптакыр тиешеси жок окуяларга деле катуу реакция кылышат — мисалы, Советтер Союзунан бери келаткан Бишкектеги төрт райондун аталышын өзгөртүү идеясы. 

Анда Орусиянын Мамдумасынын депутаты Светлана Журова мындай демилге Кыргызстандагы орус тилдүү калктын укуктарын чектөөгө алып келет деп айтып чыккан

«Бул акыры орус тилин таптакыр сүрүп чыгуу үчүн жасалган майда кадамдардын башталышы. [...] Биздин [Кыргызстандагы орустар менен] байланышыбыз ушинтип жоголот. Андан кийинки кадам — мектептер, кийин дагы бир нерсе, ошентип Грузиядагыдай болот, анда жаштар, тилекке каршы таптакыр орусча сүйлөбөйт. Украинада дагы баары ушинтип башталганын жакшы билебиз», — деген Журова, президент Владимир Путинге кайрылып, Киргизиянын президентине — кесиптешине кандайдыр бир «эскертүү» берүүнү суранган.  

Кыргызстанды «Украина сценарийи» менен орус саясатчылары гана эмес, борбор-азиялык орусчул ЖМКлар жана каналдар дагы коркутуп келишет. Булар дагы мамлекеттик тил жөнүндө мыйзамды кабыл алууга каршы чыгып, мындай өзгөрүүлөрдүн айынан Украина «террорчул мамлекетке» айланганын айтып турушат. (Орусияга кереги жок, ушунчалык жагымсыз өлкөгө айланып, толук кандуу бастырып кирди — деп окуса болот). 

«Бул көбүнесе, бул каналдарды көрбөгөн, сайттарды окубаган адамдардын үрөйүн учуруу үчүн колдонулат. Силердин бийлик менен мыйзамдар 

эмне кылып жатканын көрдүңөрбү деген сыяктуу? Чынында бул, чагымчылдык», — деп эсептейт саясат талдоочу Медет Төлөгөнов. 

Темур Умаровдун айтымында, орус пропагандачылары Украинадагы толук масштабдуу согуштан кийин «ушундай кесепеттер» болот деп коңшу өлкөлөргө сөөмөй кезегенди адат кылып алышты. Ал эми Орусияда аны курчаган өлкөлөрдөгү «улутчулдук» тууралуу кептерге ишенген адамдар абдан көп. 

«[Алар] Борбор Азия тууралуу Орусияны жек көргөн, оруска таандыктын баарын жок кылууну көздөгөн аймак деп ойлонушат. Ошондуктан, шарттуу айтсак,кийинки  Украина [ушул регион] болуп калышы ыктымал», — деп божомолдойт ал. 

Мыйзам долбоорун орусиялык ЖМКлар дагы чагылдырды. «Ведомости» басылмасы, мисалы, андагы «батыштын изин» байкашкан

«Бюджеттик кызматкерлердин баары кыргызча үйрөнүшү керек, болбосо алар ишинен кол жууйт. [...] Демилгечилер батышчыл саясатчылар жана кабыл алына турган болсо, бул орус-кыргыз мамилесине доо кетирет дешет эксперттер», — деп жазган басылма. 

Чындыгында мыйзам долбоорун Министрлер кабинети демилгелеп, Мамлекеттик тил комиссиясы иштеп чыккан. Ал эми түзөтүүлөрдү колдогон, кыргыз тилинин ролун күчөтүүчү башка демилгелерди сүрөмөлөгөн Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев. Шакиевди «батышчыл саясатчы» деп атоого болобу? Окшобой калат. Ага «жапаровчул» саясатчы деген жакынырак, парламентте президенттин демилгелерин сүрөмөлөп отурат. Мисалы, өлкөнүн мамлекеттик желегин өзгөртүү демилгеси. Демилгени президент Жапаров алгач эл алдында колдогон, кийин идея ага таандык экенин, Шакиевди  парламентте ушул маселени көтөр деп өзү суранганын мойнуна алды

Мамлекеттик тил комиссиясынын башчысы Каныбек Осмоналиев мамлекеттик тил жөнүндө мыйзамдын тагдыры да желекке окшош экенин тастыктайт — мыйзамды кабыл алуу тапшырмасын президент өзү эки жыл мурда берген. 

Мыйзамдын кабыл алынышы азыр, албетте, президенттин имиджин көтөрүп койду — ал келечекте канчалык деңгээлде ишке ашырылат, башка кеп. Жапаровдун үзөңгүлөшү Осмоналиев өзгөртүүлөрдү кыргызстандык жаш муун колдогонуна «абдан кубанып турат». 

Кыргыз жумушчу тилинин өнүгүшү, тил үйрөтүүнүн усулдарын жакшыртуу убадасы, кинотеатрларда чет элдик фильмдерди кыргызча субтитр менен көрсөтүү планы — мунун баары башка учурда Садыр Жапаровду колдобогон, ага добуш бербегендер тарабынан дагы абдан жакшы кабыл алынып жатат. Бирок, желектин алмашканы мындай колдоону жууп кетиши да мүмкүн. 

Дагы көрүңүз: