Иллюстрация: Алина Печенкина атайын «Клооп» үчүн

Ыр-күү жана сылап-сыйпалоо сыяктуу ыкмалар менен кыргызстандыктарды рактан дарылаган «графтын урпагы» Кыргызстанда өзүнүн клиникасын ачты. Ушул эле адам Бишкекте Украинага каршы согуш үчүн учкучсуз учуучу аппараттарды да курайт (же жасап аткандай түр көрсөтөт). Мындан улам бейтаптар алтын убакытысын жоготуп жатса, Кыргызстан үчүн санкцияга кабылуу коркунучу жаралууда.

«Бирөө залалдуу шишик менен келген, ата-энеси химиотерапиядан баш тарткан экен. Аны бул клиникада психологдор карашкан, акыры шишик ого бетер чоңоюп кеткен. Дагы бир эненин баласы чарчап калган», «Силердин айыңардан таежем кайтыш болуп калды». Дмитрий Раевскийдин Бишкектеги «Психология жана ден соолук борборунун» 2GISте көрсөтүлгөн дарегинен мына ушундай комментарийлерди окуса болот.
       
Чынында Раевскийдин аты Глеб Александров. Бул олбурлуу, сакалчан киши Орусияда өзүн уялбай этпей эле «жаңычыл врач», «саясат талдоочу», «патриот», «графтын урпагы», «эл аралык педагогикалык академиянын мүчө-корреспонденти», «педиатр» жана «онкопсихолог» деп атап жүрөт. Александров ал жакта аутизм жана ракты элдик ыр жана сылап-сыйпоо менен «дарылап», ал үчүн 1,5 млн рублга чейин алып жүргөн. Ал эми бейтаптары кыйналып жан бергенде, алардын «аурасы начар болчу» деп кутулчу. ЖМК Александровдун Москвага жакын аймакта сектасы болгонун, ал жерде адамдардын башын айлынтып, батирин сатып акчасын өздөрү эле алып келип бергендей акыбалга чейин жеткиргенин жазышкан

Орусияда Раевский-Александров жөнүндөй айтпаган же укпаган киши калган эмес. Анын алдамчылыгы жөнүндө 1-канал эки жолу (1 жана 2) сюжет жасаган, «Вести» билдирген, НТВ дагы эки жолу (1 жана 2) айтып чыккан, ал тургай Раевскийге «Адам жана мыйзам» программасы бир берүүсүн арнаган, анын жоругун «Аргументы и факты» да жазган. Ал эми Екатеринбургдун тургуну Раевский анын уулун кантип «о дүйнөгө узатканын» айтып берген.

Бейтаптар жана алардын туугандары арызданып чыккандан кийин Раевскийге тергөөчүлөр кызыга баштаган — ал «дарылаган» бала каза болуп калган. 2023-жылдын башында анын «сыйкырдуу-клиникасы» жабылып, ошол эле жылдын күзүндө ага эки кылмыш иши козголгон. Бирок бул да Глеб Александровду токтото алган эмес: ал убакта анын Казакстанда «клиникаларынын» түйүнү бар болчу. Ошондой эле Кыргызстанга келүүдө анын медициналык эле эмес, андан башка да чоң пландары болгон.

Глеб Александров Бишкекте, «Психология жана ден соолук борборунан» тышкары «“Валькирия” конструктордук бюросун» ачкан. Ал 2023-жылдын июлунда ошол эле «Психология борбору» катталган 7-кичи райондогу 16А дерегинде катталган. Жана бул «Валькириянын» Кыргызстанга тийгизген зыяна ракты элдик ырлар менен дарылагандыкынан да кем калышпашы мүмкүн.

«Элдик табыптын» дрондору

2023-жылдын июнунда «Хедхантерде» инженер-электронщик изделип жатканы тууралуу жарыя пайда болгон. Жаңы кызматкер «Бишкекте дрон өндүрүүнү уюштурушу» керек эле.

Бул жарыяны жеке ишкер Болдырев Евгений Анатольевич жайгаштырган. Анын профилинде kbvalkyrie.ru сайтына шилтеме коюлган. Сайт Москванын «“Валькирия” конструктордук бюросуна» таандык. Бул компания, сайтта көрсөтүлгөн маалыматка ишенсек, «учуучу аппаратарды, анын ичинде космостук жана тийиштүү жабдыктарды өндүрөт». Сайттагы «Согуш — бул дайыма экономикалардын согушу, курал кымбат болбошу керек» деген ураандын алдында аскердик дрондор сатылат.

«Валькириянын» соцтүйүндөгү барактарында дагы ал Орусиянын Куралдуу күчтөрүнө аскердик дрондорду чогултуп берери жазылган. Орусиялык компаниянын тең негиздөөчүсү деп орусиялык бизнесмен Дмитрий Раевский көрсөтүлгөн. Ал эми жетекчиси жана негиздөөчүсү деп — Сердечный Евгений Андреевич көрсөтүлгөн. Анын evgeniy.serdechnyy@raevskyteam.org деген почтасына караганда, Сердечныйдын Раевский-Александров менен тыгыз байланышы бар. Анын үстүнө ал өзү дагы Александровдун шакирти экенин айтып, устатын мактаган.

Кыскасы, Бишкектеги «“Валькирия” КБ» ЖЧКсы Москвадагы «Валькирия» менен байланышы бар экени анык. Демек бул, ал Кыргызстанда өндүрөйүн деп аткан дрондор Украинада адамдарды өлтүрөрүн билдирет.

«Учкучсуз учуучу аппараттар тактикалык аскердик аракеттерде кеңири колдонулат: артиллерияга бутаны көрсөтүп бериш үчүн, чалгындоо, байкоо жана жыйынтыкты көзөмөлдөө үчүн», — деп айтып биришкен өткөн жылы «Новые Известия» «Валькириянын» ишмердүүлүгү тууралуу.

«Бизде өндүрүштө беш километрге чейинки аралыкты чалгындоо үчүн дрондор бар, алар душмандын аэроскопторунда көрүнбөйт жана түрдүү аба ырайына туруктуу, — деп баяндап беришкен алар “Валькириянын” башкы инженери Александр Козлачковдун айткандарын. — Биз 10 кг чейин көтөрө алган жана абада эки сааттай убакыт жүрө алган жүк ташуучу учкучсуз учуучу аппараттарды да даярдап жатабыз. Алар душмандын ооруктарын бузуш үчүн кыйла алыскы аралыкка уча алат».

«Окопторду буза алат» дегенинен күмөнүбүз бар. Балким, Раевскийдин дрондору — аутизмди сылап-сыйпап дарыласа болот дегендей эле жалган болушу мүмкүн. Бирок биздин өлкө үчүн андан кем калбаган коркунуч бар.

Шек туудурган окшоштук

«Клооп» «Валькириянын» сайтында так кайсы учкучсуз учуучу аппараттар сатыкка коюлганын аныктоону чечти. Ассортиментти карап көрүп, биз компания дрон чыгарбай эле Орусиянын Коргоо министрлигинин өнөктөштөрүнүн адатынча эле чет мамлекеттик девайстарды өздөрүнүкү деп көрсөтүп, алып сатарлык кыларын шекшип калдык.  

Мисалы, V-Coptr Falcon дрону Американын Zero Zero Robotics компаниясынын дрондоруна абдан окшош. Анын Кытай, Тайвань жана Сан-Францискодо кеңселери бар.

EVO II Dual 640T V3 квадрокоптери — орусиялык жана украиналык аскерлер арасында популярдуулукка ээ Autel Robotics кытай компаниясы тарабынан чыгарылат. Анын АКШ, Германия, Италия жана Сингапурда филиалдары бар. Бул компаниянын дрондору менен Алексей Навальныйдын Коррупцияга каршы фонду Путиндин хансарайын тарткан.

«Bomber» бомба таштоочу дрону тышкы жагынан да жана мүнөздөмөлөрү боюнча да Кытайдын Shenzhen GC Electronics Co.,Ltd компаниясынын дрону менен абдан окшош.

«Валькирия» учкучсуз аппараты — артиллерияга бутаны көрсөтүп берген функциясы бар жана түнү иштеген чалгындоочу. Сайтта бул дрондун сүрөтү бар, бирок чындыгында ал Кытайдын авиамоделдик Skywalker Technology Co.,Ltd ишканасынын радио менен башкарылуучу Skywalker X8 FPV учагы тууралуу видеосунан алынган скриншот. Бирок «Валькириянын» сайтында көрсөтүлгөн чалгындоочу учкучсуз аппараттын мүнөздөмөлөрү радио менен башкарылуучу учактан айырмаланат.

Ал эми «Штурмовик» учкучсуз аппараты ок дарыларды ыргыта алат, ал тургай гранатометтон ок чыгара алат. «Валькириянын» сайтында анын Беларустун Витебсктеги «Дисплей» Конструктордук бюросунун «Барражирующая труба» деген аскердик учкучсуз аппаратына абдан окшош сүрөтү бар. «Штурмовиктин» техникалык мүнөздөмөсү дагы беларустук учкучсуз аппараттыкына окшош. «Валькирия» өзү деле учкучсуз аппараттын «кемчилиги» бар экенин жашырган эмес — «тетиктери Кытайдыкы». Ал өз сайтында «арзан учкучсуз аппараттарды көп чыгарыш үчүн азырынча андай ресурстары жоктугун, ал эми армияга [учкучсуз аппараттар] көп керек жана арзан болушу керек» деп жазган.  

«Клооп» Раевский-Александров менен байланышканга аракет кылды. Дмитрий Раевскийдин Бишкектеги «Психология жана ден соолук борборунун» сайтында көрсөтүлгөн телефон номери аркылуу чалганда бизге, кызматкерлер Орусиядан келгенин, бирок Раевский өзү Кыргызстанга көп деле келип кетип турбасын айтышты. Ал эми ушул даректе чыгарыла турчу дрондор тууралуу клиниканын кызматкери эч нерсе билбейт турганын айтты.

«Клооп» электрондук почта аркылуу да Раевскийдин борборуна кеңири суроолор топтомун жөнөттү, бирок ал жактан жооп келген жок.

«БишкекБиздики»

Глеб Александров Кыргызстанга жөн жерден кызыгып калган эмес. Эгер андан жапа чеккен адамдардын сайттарына ишене турган болсок, ал Фрунзеде төрөлгөн. Бала кезинде Смоленскке алып кетишип, ошол жерден биринчи жолу мистификатордук таланты ачылган. Александров «Раевский» деген ысымын дагы граф менен тууган чалыш экенин айтып ошол жерден алган (көрсө, Александров энеси менен Раевский көчөсүндө жашаган экен — өзүн Раевский деп алганы да ушундан).

Раевский-Александров телеграм каналында согушту абдан катуу колдойт. Патриоттуулук жөнүндө теманы «Крымнаштын» убагынан бери илип алган. 2014-жылы ал «"Крымды жана Севастополду өнүктүрүү" курулуштук-өнөр-жай холдингин» жана «Крым өнөр-жай консорциуму Соода үйүн» негиздеген. Алардын финансылык жыйынтыктарына караганда, эки фирма тең «онкопсихолог» Раевскийдин ракты дарылайм деген убадасындай эле жел фирма болуп чыга келген.

Балким, Александровдун «дрондорду өндүрүргөн» компаниясынын артында да эч нерсе жок болушу керек. Орусияда алдамчылыкты дайыма патриоттуулук менен жашырышат, ал эми аскердик дрондорду өндүрүү имитациясы ал жакта — кадимки эле көнүмүш адат. Бирок Кыргызстанга аларды Раевский-Александровдун компаниясы Кытайдан сатып алып жатабы же Бишкекте өзү чыгарып жатабы маанилүү эмес. Мунун баары өлкөнү санкция торуна түртүп жатат: маалым болгондой, ЕБдин санцияларынын 12-жаңы пакети андан буйтап өтүү үчүн жазага тартууну караштырат.

2023-жылы АКШнын Финансы министрлиги санкциядан буйтап өтүп Орусияга товар, анын ичинде дрондорду саткан кыргыз компанияларына санкциаларды салганы белгилүү. Андан кийин Казакстанда Орусияны көздөй ташылып бараткан дрондор кармалган. Анын ээси «Импульс-Инвест» деген кыргыз компаниясы болгон.

Ошол учурда Американын сенатору Роберт Менендес президент Садыр Жапаровго расмий кайрылып, Кыргызстан аркылуу Орусияга коргоонуу максатындагы товарлар, анын ичинде дрондор ташылып кетпеши үчүн товар агымын жөнгө салууга чакырган.

Жапаров буга өкмөт Кыргызстандан дрондорду тышка чыгарууга тыюу салып жатат деп жооп берген. Бирок, чынында, Economist.kg басылмасы чындап эле ошондой тыюу киргизилдиби же жокпу деген расмий суроосуна жооп ала албай койгон. А бирок Кыргызстанга кирген шылуундардын жолун тоскон эч ким жок экени анык.

Авторлор: Арууке Солтоной, Виктор Мухин, Екатерина Резникова